(Башы өткөн сандарда)
– Акырын секир, ийиниңди түз карма!
– Айбийке, бутуңду түздө. Айжан, ийиниңди түз карма...
– Кана, бир, эки, үч!
Айсулуу балет мектебинде кичинекей кыздар менен убара болуп жатып кеч киргенин байкабай калды. Кыздарды ата-энесине тапшырып коюп, эми кийинип чыгып бара жатканда фойеде өзүн тиктеп бир караан турганын көрдү. Кыздарга келген бирөөбү деп ойлоду алгач, анткени бири-бирине айтпай келип алган ата-энелер болчу эле. Бирок тиги жигит өзүн эбактан бери тааныгандай тиктеп турду.
– Саламатсызбы, сиз кимге келдиңиз эле?- деди ал бою узун, сымбаттуу жигитке. Тиги үн катпады. Жөн эле тиктеп тура берди. Бул Эркин болчу. Келгенден бери Айсулуунун сыртынан карап жүргөн. Бүгүн иштеген жерине чейин кирип келди. Эмнеге мындай кылганын өзү да түшүнгөн жок. Жөн эле буттары Айсулуу жакты көздөй өзүнөн-өзү басып жөнөгөндөй болду. Негизи адатынча тиктеп туруп эле кетип калайын деп жаткан. Кыз аны капысынан көрүп калбадыбы, ушул мүнөттө жүрөгү жарылып кетчүдөй түрсүлдөп жатканын байкады. Мына, беш жылдан бери бул кыздын элесин унута албайт, жан дилинен да, акылынан, жүрөгүнөн, жашоосунан да кууп көрдү, эч эле болбоду. Ушул кызды издейт да турат, ойлойт да турат. Добушун укпай туруп жүрөгү менен сезген адамы бир аттам жерде турат. Ошонун көзү, добушу...
– Сиз кимге келдиңиз эле?- деди Айсулуу үнүн катуурак чыгарып.
– Мен... Менин досум кызымды алып койчу, жетишпей жатам деди эле, унутуп калыпмын.
– Аты ким, кайсы группада эле?
– Аты Айбийке, билбейм кайсы группада,- деп калп айта салды.
– Айбийкени апасы алып кетти. Сиз кечигип келдиңиз.
– Аа, ошондой болдубу?
Эркин башка эмне дээрин билбей күлүмсүрөп койду. Эмнегедир жагымдуу эле анын күлүмсүрөгөнү... Адамдарга жылуулук чачкандай болчу... Кыз бул таң калычтуу жигитти бир карап койду да, кабинетин бекитип сыртка бет алды.
– Сизди жеткирип койсом...
– Рахмат, үйүм жакын.
– Аа, жакшы барыңыз.
Айсулуу жалт карады. Бакырайган көздөрүндө Эркиндин кылган каталары бүтүндөй көрүнгөндөй сезилди. Каректериндеги жоготуунун тереңдигине чөгүп кетчүдөй, кимдир бирөө аны алка-жакадан алчудай апкаарып кетти. Кыз тез кадамдап чыгып кетти.
“Кызык адам экен” деп койду кыз, жигиттин күнөөлүү көз карашын эмнеге жоруй турганын билбей кетип бара жатты. Эркин үстүнөн танка өтүп кеткендей абалда калды, кубаныч менен өкүнүчтүн ортосунда. Коркуу менен баатырлыктын ортосунда... Сүйүү менен коркуунун ортосунда...
ххх
Аскар үйүнө кирип эле адаттан тышкары тынч үйү бака-шака болуп калганын байкады. Аялы Сүйүн эч качан өзүнө кабарлабай конок чакырып көргөн эмес. Эмне болду экен? Шашылыш босогону аттай берип, ага-туугандарын көрдү.
– Ассалоом алейкумдар...- деген боюнча оозун ачып туруп калды.
– Валейкум ассалам, ой сен деги барсыңбы, үйүңдө түнөйсүңбү?- деп аталаш агасы күлүп кучактап калды.
– Кайдан силер?..- деди Аскар, дагы деле түшүнө албай ар бирин далдырап карап тура берди.
– Ой, кызык го мына бул киши, Эркинибиз келиптир. 5 жылдан бери алыстагы уулубуз келсе эмнеге чогулбайбыз?
– Ия, Эркинби? Келдиби?- деп жиберди эрксизден. Ага-туугандар бирин-бири таң кала тиктеп калышты.
– Мына эмесе кызык го, ия?
Аскар өзү да ыңгайсыз абалда калды. Ашкана тараптан келе жаткан уулу Эркинди көрүп оозу ачылып калды.
– Кандайсыз, ата?- деди уулу токтоо гана.
– Сен келип калдыңбы? Эмнеге кабар бербедиң?- деди уулун коомай кучактаган Аскар. Ата менен баланын ортосунда бир салкындык бар эле. Саламдашкан соң Эркин башын кашып, Аскар эмне дээрин билбей туруп калышты.
– Аскар, кел өтчү төргө, сен арыктап кеткенсиңби?- деди жеңеси орун көрсөтө берип. Туугандар менен бака-шака болуп жыргап отурушту. Улам бири Эркинди кучактап, сөзгө тартып бир нерселерди сурап жатышты. Дайым көңүл борборунда болгусу келген Аскардын бул нерсеге жини келе баштады. Эч кимди кыртышы сүйбөй дасторкондун четинде сөзгө аралашпай отурду. Өз үйүнө өзү батпай, өз туугандары өзүнөн алыстап жатканын байкаса да, анын күнөөсүн башкалардан издеди. Күнөөлүүнү да тапты, дайымкыдай ушунун баарына аялы күнөөлүү деп чечип койду. “Мени менен кеңешпей кайсы арына конок чакырат? Сени шашпа, эл кетсин, сага көрсөтөм” деп ачуусуна мууна демигип жатты. Эл тарап, конокторду узаткандан кийин идиштерин жыйнап жүргөн аялына какшыктай суроо узатты.
– Сиз качантан бери өзүңүз билип эл чакырып калдыңыз эле?
– Мен чакырган жокмун, Эркин өзүнүн баракчасына “Бишкекке келдим” деп жазыптыр, ошону окуп эле чогулуп келип калышты. Ушул турган Арча-Бешикте жашаса келбегиле демек белем?..
– Эмнеге мага телефон чалып койгон жоксуң?
– Телефонуңду карабасаң ошол да, карап көр канча жолу чалганымды...
Аскар телефонун чын эле үнсүзгө коюп коюптур, уулу да, аялы да телефон чалган экен. Сөз таппай отуруп калды, бирок баары бир ызасын чыгарыш керек да. Ушул учурда Маралдын бурала кылчайып “сизден балалуу болгум келет” дегени көз алдына тартыла калды. Кесе турган бармакты бир жолу кесейин деп чечти.
– Сүйүн, келсең, сени менен бир нерсени кеңешейин деп ойлоп турам.
– Ии?
– Ташта баарын, анан жыйнайсың.
Аялы оор үшкүрө майлыгын таштап дал бет маңдайында отурду. Чачтарын ак аралаган, жүзүн бир аз бырыш баскан, ак куба жүзү чарчаңкы аялын тиктеп турду. Жанында солкулдаган Маралдын отурганын элестетти. Мына ошол аял менен жашаса жашоосу көркүнө келбейби.
– Сүйүн, сен экөөбүздүн жашообуз болбой калды. Эми балдарыбыз да чоңойду. Мен ажырашалы деп чечтим.
Аялы кашын кагып койгону болбосо жүзү өзгөрүлгөн жок. Эмнегедир ага баары бирдей.
– Эмне дейсиң?
– Эмне дешим керек? Дагы бир шуркуя пайда болду дечи.
– Эми бири-бирибизге жаман сөздөрдү айтпай эле ажырашалы да.
– Мен ажырашпайм, Аскар. Мен өмүр бою сенин “келесоо” кылыктарыңа бекер чыдаган жокмун. Эгерде менин ажырашышымды чындап кааласаң, анда компанияны Эркинге өткөрүп бер.
– Эмне-ее? Жинди катын го мына бу...
– Ошо, мен 32 жыл чыдап, жөн эле басып кетпейм. Мен сага кандай абалыңда тийсем, ошондой абалда калганыңда гана ажырашам. Мен сага тийгенде жыртык шымың, бир көйнөгүң гана бар болчу. Эстеп көр...
– Энеңди урайын!- деп күпүлдөп бара жаткан Аскар аялынын көз карашынан токтоду. Сүйүндүн эч качан мындай жаалдуу көз карашын көрбөптүр. Азыр жеп салчудай тиктеп турду. Кетенчиктей түштү.
– Сен мени акылсыз бир аял дедиң. Жок, акылсыз эмес болчумун. Болгону алсыз аял болдум.
– Сенин аялдык намысың барбы? Мен сени сүйбөйм, башканы сүйөм, ал мага төрөп берет деп жатам. Сый менен ажырашалы.
– Хм, мен төрөп берген балдарчы? Сен ошолордун маңдайынан сылап койдуңбу? Ошолорго жакшы ата болдуңбу?
– Энеси сен болгон үчүн ал балдарды жакшы көрө албадым. Мен сага эмне себептен үйлөнгөнүмдү билесиң.
– Атам үчүн үйлөнгөнсүң. Атам сага бир тыйын бербегенден кийин менин да баалуулугум кетти. Ха, башкы прокурордун жалгыз кызы болгонум үчүн үйлөнгөнсүң. Атам каза болгондон кийин сага жардамым тийбей калганы үчүн жазалап келе жатасың. Сен ач көз болгонуң үчүн алгансың мени. А мен сага эмне жамандык кылдым? Ушуга чейин сага жакшы болсун деп өзүмдөн кечип кеттим. Сага ыңгайлуу болсун деп балдарымды ыйлатпай бактым, сени бутуна турсун деп бир халат, бир тапичке менен бир сезонду өткөрүп ийчүмүн.
– Хе-хе, күлкүмдү келтирбечи. Кийингенди билбесең ошо да.
– Сен деп жашаган өмүрүмө, сүйүүмө түкүргүм келет. Сени кайсы бир күнү жакшы адам болот деген үмүтүмө күлкүм келет. Аялдык намысың жокпу дедиңби азыр? Мен аялдык намысымды жоготтум, анткени сендей ач көз, катын дегенде акылын жоготкон эркектин жанында жашадым. Сен менин аялдыгымды жок кылганыңда намысым да өзүнөн-өзү жок болду. Бирок сен менин окуусун бүтпөй калган юрист экенимди унутуп калыпсың. Кимдин кызы экенимди дагы... Ажырашсаң ажыраш, бирок жылаңач каларыңды унутпа!
Сүйүн колундагы сүлгүсүн алып ашканага кирип кетти. Аскар ордунда отурган боюнча катып калды. “Коюнумда жаткан жылан ушул турбайбы. Энеңди урайын, чын эле мүлктүн баарын буга каттатып койбодум беле. Шаардагы батирлер, майда-барат дүкөндүн баары мунун наамында. Кандай кылуу керек?” деп башын кашып отуруп калды.
ххх
– Марал, атаң менен тең адамга кантип турмушка чыгасың?
– Өзүм менен теңдин баары бир тепсең чөнтөгүнөн тыйын түшпөчүлөр, апакеси...
– Сага эмне жетпейт, кызым, билимиң бар, сулуусуң...
– Апа, бир бөлмөлүү үйгө тыгып койду атам. Сен экөөбүз өмүрүм өткөнчө ушундай жашайбызбы?
– Эмнеси бар экен, азыр ушундай үйү жоктор да бар.
– Атам биздин заңгыраган үйдө жаш токолу менен жашасын, экөөбүз ушул жерде жашайбыз, ээ? Жок, андай болбойт, апа.
– Сен дагы бирөөнүн уясын уратканы жатасың, Марал. Эсиңе кел.
Марал ойлонуп калды. Бул нике баары бир бузулмак, Марал болсо деле, болбосо деле, андан көрө бут алдына келген ырыскыны тээп жибербей пайдаланып калышы керек...
(Уландысы кийинки санда)