Майрамбек Рыспеков, көк бөрүчү: “САРЫ-ӨЗӨНДҮН” ДАЯРДЫГЫН КӨРҮП КОРККОНБУЗ”

Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин финалы өтө курч өттү. Ат майданда уу-дуу түшкөн күйөрмандар, оюн талаасында баш байге үчүн жан үрөгөн “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” командасы. Оюндун алгачкы бөлүгү, 14-мүнөт, улакты колго алып тай казанды көздөй аткан октой сызып бара жаткан Майрамбек Рыспеков. Катуу ылдамдыкта бара жаткан Каркыра, тай казандын тушунан улак менен кошо ыргыган Майрамбек, эх, бул көрүнүштү сүрөттөгөнгө сөзүм жетсечи!.. Кооз салымы менен эсеп санын ачып командасына дем берди, ага улай дагы бир салым салды, айтор, улакчынын бул оюнда жылдызы жанып, “Ынтымакты” жеңишке сүрөгөн башкы каармандардын бири болду. Муну менен катар турнирдин “Мыкты оюнчусу” аталды.

Аты-жөнү
– Майрамбек Рыспеков

Туулган жылы – 1994-жыл, 9-май

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Чат-Базар айылы

Бою – 177 сантиметр

Салмагы – 78 килограмм

Жетишкендиктери – Президенттик кубоктун, 9-Май, Нооруз турнирлеринин жеңүүчүсү

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Каркыра

Амплуасы – Чабуулчу

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

– Салам, Майрамбек, жеңиш кут болсун! Жеңиштин даамы кандай сонун, ээ? Турнирдин мыкты улакчысы болом деп күттүң беле?

– Рахмат, албетте, сонун. Өзгөчө сезимдер болду. Мыкты болуу тууралуу ойлонбойсуң деле, командада бирөө улак салса баарыбыз салгандай болобуз. Утулуп сөзгө калбай, жапа тырмак жакшы оюн көрсөтөлү деп чыкканбыз. Өзүң чабуулчу болгондон кийин улак салып балдардын ишеничин акташ керек деп ойлоносуң. Кээ бир оюндарда такыр эле улак сала албай калган учурлар болот. Бирок финалдык оюнда менде 2 мүмкүнчүлүк болду, экөөнү тең салып кеттим.

– “Майрамбек укмуш оюн көрсөттү, “Достукта” мынча ойночу эмес эле” дегендер болуп жатты. “Ынтымактын” курамындагы алгачкы оюнуң да, өзүңдү бир көрсөтүп коёюн дедиңби?

– Эми бул Кудайдын буйругу экен. “Достуктун” курамында 4 жыл ойнодум, 3 жолу жеңүүчү болгом. Бирок былтыр бутумдун кан тамыры үзүлүп, операция жасаткам. Президенттин кубогуна арналган турнирде бутумда күч жок болгондуктан “Достук” командасы үчүн жакшы оюн көрсөтө алган жокмун. Анда 4-орунду алып калганбыз. Чынын айтканда, чабуулчулук милдетимди жакшы аткара алган эмесмин. Ошондон улам бир аз намыстанып, быйыл жакшы оюн көрсөтүүгө аракет кылдым.

– Эсеп санын ачкан алгачкы салымың өзгөчө болду. Ошончолук ылдамдыкта баратып улакты салып кетериңе ишендиң беле?

– Мага жол ачылып калды, биринчи улакты салып балдарга дем берейин дедим. Биринчи салым көп нерсени чечип коёт. Баары балдардын мээнети менен болду. Ушунча мээнетти текке кетирбейин, команда үчүн куласам дагы улакты салайын дедим. Оюн учурунда жанагынча элдин колдоосу менен кандай болуп кеткенин өзүң билбей деле каласың. Ошол улакты салганда мен жерге куладым го деп ойлогом. Айланып барып бутум менен туруп калганымды кийин видеодон көрдүм.

– “Сары-Өзөн” силерге кандай атаандаш боло алды?

– Буга чейин социалдык тармактардан “Сары-Өзөндүн” машыгууларын көрүп жаттык да, мыкты деңгээлде даярданышкан. Аябай кооптонуп, коркуп эле чыкканбыз. Бирок биз баарыбыз аябай чымырканып жакшы ойноп, бир нукка түшүп алдык. Оюндун жүрүшүн чечкен ортодо ойноо болду. Биздин жекеме-жекенин аттары күчтүү да. Оюнубуз жакшы жүрүшүп кетти, ийгилик биз жакта экен.

– Мыкты даярдыгыңарга Таластагы ич ара турнирлердин салымы чоң болсо керек...

– Ооба, алгач айылдар арасында болот, андан жакшы оюн көрсөткөндөр райондук курамга кошулуп, райондор аралык оюнга чыгышат. Бул турнирлер кадимкидей улакка шыктандырат. Быйыл Талас районундагы оюндарда жалаң 33-35 килограммдык, стандартка ылайык улак менен ойнодук. Ошолордун дагы оюнчуларга чоң пайдасы тийди. Талас облусунун райондор аралык турнири абдан жакшы деңгээлде өтүп жатат. 4 райондун тең деңгээли өстү. Кара-Буура району менен Талас району финалда кездешип калса үйүндө эч ким калбайт го дейм, улак көргөнү баары келип алышат. Жакшы, буюрса, Нооруз турниринен Таластын командалары ийгиликтүү кайтышты.

– Каркыраны кандайча минип калдың?

– Мага ылайыктуу ат чыкпай жаткан, оюнга кетерде Кахармандын баласы Каркыраны минип көрдүм, көңүлүмө толду. Ушул атты чабам дедим. Биринчи оюну экенине карабай жакшы ойноду. Күлүк, жерге жакын жакшы ат экен.

– Жогоруда жаракат деп калдың, ден соолук үчүн улакты токтотоюн деген ой болобу?

– Ал жаракат улактан эмес, футболдон болгон. Жаракат улактан эле боло бербейт, басып баратып деле чалынып кетип бутун сындырып алгандар болот. Кудайга шүгүр, учурда ден соолугум жакшы, бул оюнда командадан дагы эч ким жаракат алган жок. Аттарыбыз да, оюнчулар дагы жакшы.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең, алар көк бөрү ойношуңа каршы эмеспи?

– Үй-бүлөдө эки бир тууганмын. Менден улуу агам бар. Мен ата-энемдин колундагы баламын. Үйлөнгөнүмө 2 жыл болду, бир кыздын атасы болдум. Апам менен келинчегим мугалим. Үйдөгүлөр мурда ойнобо дешчү, азыр көнүп калышты. Колдоо көрсөтүп, оюнга чыгарда дайыма батасын берип узатышат. Жубайым чоң турнирлерге жакындаганда “айылдагы улактарга барбай эле койбойсузбу, бир жериңизди оорутуп албаңыз” деп калат.

– Улакка кантип кызыгып кеттиң эле?

– Кичинемде тоодо аяш атамдыкында көп жүрчүмүн. Ошол жактан атка болгон кызыгуум ойгонду. Кийинчерээк айылдагы улактарга барып жүрүп эле улакчы болуп кеттим. Үйдө атам такыр көк бөрү ойнобоптур, агам деле ойночу эмес. Азыр эле айылда улак көп ойнолуп баштаганы кээде агам дагы ойноп жатат.

– Улуттук курамга мүчө болсом, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышсам деген ой барбы?

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна баруу ар бир көк бөрүчүнүн кыялы болуш керек. Буга чейин улуттук курамда ойногон эмесмин. Жылда эле боло турган күнү жылып келе жатпайбы, азырынча эч нерсе дебей турайын.

– Маегиңе рахмат. Кыялдар орундалсын!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан