«КЕЧИР МЕНИ, УУЛУМ...»

Баарыңды кырк беш жашка жүз жыл бою

Тургузуп коёр элем, аттиң ай, колдон келсе...

Ушул обондуу ырда айтылгандай, убакытты кармап тура албайт экенбиз. Тиричилик деп тытынып, жан талашып жүрүп бир күнү күзгүдөн өзүңдү карасаң, жүзүңдө бырыш, чачыңды ак аралай баштаган болот. Жүрөгүң бир зырп этип алат да, кайра эле баягы көр тириликтин казанына кирип кетесиң. Балдарыңдын кантип бат эле эр жетип калганы таң калтырат кээде. Чоң уулубуз 17ге, кичүүсү 14кө чыгып калды. Төрт балабыз бар, эки уул, эки кыз, кыздарым кичине. Баары эле өзүмдүн балдарым, бирок улуу балама караганда калган үчөөнү жакшыраак көрчүмүн. Дайым ага көп жүк жүктөп, ини-карындаштарынын жоопкерчилигин артып койчумун. “Сен улуусуң, баарына үлгү болушуң керек, сен аларды карашың керек, иниңе алып берели биринчи, сага кийин деле алып беребиз” деп артыкчылыктын баарын ини-карындаштарына берип отуруп баламды бир топ эле чүнчүтүп коюптурмун. Ошентсе да көзүн жалдыратып баарына макул эле, менин көңүлүмө карап, көзүмдүн агы менен айланып турат. Чоң энесине окшоштурам минтип жалооруй караган көз тиктешин. Ансайын мен күчөйм, жинимдин баарын андан чыгарам. Эмнеси экенин билбейм, кыжырымды келтирип турат. Ага караганда кичүү уулум тентек, өз билгенин кылып басып кетет. Кыздарым да эрке. Бирок аларды чоң баламдай урушпайм.

Күндөрдүн биринде жолдошум экөөбүз жумуштан кеч келдик. Келсек, экинчи уулубуз үйдө жок экен. Анын келе элегине эч кимиси камаарабай отурат. Жаным кашайды да, заарымды улуу балама чачтым.

– Айбек, сен эмнеге иниңди карап койбойсуң?! Ага бир нерсе болчу болсо менден көрөсүң! Тез таап кел!- деп кыйкырдым. Ал мени жалт-жалт тиктеп алып эле сыртка чыгып кетти. Отуруп алып баламдын досторуна, классташтарына чалып чыктым, эч кимиси билбейт. Таң аткыча кыдырбаган жерибиз калбады, шаардагы клуб, кафенин баарына барып көрдүк. Жок. Арасында Айбекке чалып демитем. “Таппасаң үйгө келбе!” дейм.

Арадан 3 күн өткөндө кичүү балам келди. Эки досу менен эс алганы Нарынга жайлоого кетип калыптыр. Телефону тартпай калган имиш. Биз бул үч күндө милицияга арыз жазып, социалдык тармактагы болгон жакка сүрөтүн чыгарып издегенбиз. Айбек да ошол издеп кеткен бойдон үйгө келе элек. Телефону да өчүп калыптыр. Аны “келет да, каякка барат эле?” деп коюп, кичүү баламдын эсен-аман табылганына сүйүнүп жумушка кетип калгам. Кечинде күүгүмдө келе жатсам, көчөдө бирөө жатат. Сөлөкөтү жаш бала, түртүп көрсөм кың этип оодарыла берди эле, жүрөгүм оозума тыгылды. Кулунум, Айбегим... Байкушум, үч күн бою жука жемпери менен тоңуп калыптыр, тамак да ичпесе керек, же үйгө келе албай, чарчаган неме алсыз кулап калган экен... Ушунча да таш боор эне боломбу? Деги мен кандай адаммын?!

Балам бир жума дегенде эптеп өзүнө келип, баш көтөрдү.

– Апа...

– Оу, кагылайын, жакшысыңбы?

– Апа, мен сиздин балаңызмынбы? Сиз төрөгөнсүзбү мени?..

Оозумдан кебим кетип, көзүмдөн жашым сызылды. Баламды бекем кучактадым, ыйладым... Ишенесиңерби, ошондо баламдын өзүнүн жытын искедим, баягы 2 жашында темтеңдеп басып эркелеп жүргөндөгү жытын сездим, эстедим. Баламды 2 жарым жашына чейин үйдө карап отуруп, андан кийин күйөөмө кол кабыш кылып, иштеп үй-жай алалы деп кайненеме берген элем. Ошол берген бойдон мен баламдын жытын, кылыктарын, баарын унутуп койгон экенмин. Кийин мектепке берерде алып келгенбиз.

Ушунча убакыт бою көзүм көр болгонун эми гана түшүндүм, азыр уламдан улам өзүмдү тарбиялап келе жатам. Кечир мени, уулум, менин эгоисттигим үчүн кечир, ушунча убакыт бою көөдөнүмдүн көр болгону үчүн кечир.

Жазгүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан