АТ ЖАЛЫНДАГЫ КАСКАДЁРЛОР

Чолпон-Атада өткөн Нооруз турниринин алкагында каскадёрлор дагы байге үчүн ат салышты. Мелдештин жыйынтыгында керемет өнөрлөрүн тартуулап Sky nomad тобу жеңүүчү аталды. Анда кичинекей баланы ийинине тургузуп ат чаап бараткан “пирамида” аталышындагы номер көпчүлүктүн көңүлүн буруп, өзгөчө эмоция тартуулады. Аталган топтун мүчөлөрүн кепке тарттык.

Улан Жумакматов, каскадёр, топтун жетекчиси: “ОРУС, КОРЕЙ ТАСМАЛАРЫНДА ДУБЛЁР-КАСКАДЁР БОЛГОМ”

– Өзүм Аламүдүн районунун Ала-Тоо айылынан болом. Улак тартып эле айылда өскөн баламын. 2006-жылы Кореядан келип Кажы-Сайда кино тартышкан, атчандардын тобуна мен дагы чакырылгам. Ошондо профессионал каскадёрлордон үйрөнүп, каскадёрлук менен профессионалдуу түрдө алектенип баштагам. Каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун шакирттерин көрүп жүрүп кызыгып калгам. 2008-жылы Sky nomad деген топ түзүп, иш-чараларда тыйын эңмей, кыз куумай көрсөтө баштадык. Өзүм орус, ооган, корей, казак тасмаларында дублёр-каскадёр болуп иштеп келгем. 2014-жылдан тартып Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары конфедерациясы менен биргебиз. Көчмөндөр оюндарында ар кандай театралдык шоулорду койдук, 3-көчмөндөр оюндарында Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан каскадёрлору арасында мелдеш болуп, биздин команда жеңүүчү болгонбуз. Андан бери көрсөтмө оюн үчүн Түркияга, Бириккен Араб эмирлигине барып келдик. Кытайдан чакыруу алганбыз, сүйлөшүүгө барып келгем. Пандемиядан улам токтоп калды. Командада 15 бала бар. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тандоо турунун алкагында Нооруз турниринде каскадёрлор арасында эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай, жигитовка боюнча мелдеш өтүп, биздин команда биринчи орунду алды. Команданын тапкан акчасын бөлүштүрүп жатканда 10 пайызын ортого алып калып, форма тиктирем, аттарга жем алабыз. Болгон күчүмдү ушул жакка жумшайм, бул менин негизги кесибим болуп калды.

Руслан Бугубаев, каскадёр: “КУЛАТЫП АЛАМБЫ ДЕГЕН КОРКУНУЧТУ ӨЗ БАЛАМДЫ ТУРГУЗГАНДА СЕЗГЕМ”

– Мен Токмок шаарынын Кара-Ой деген айылынан болом, 45 жаштамын. Каскадёрлук менен алектенгениме 22 жыл болду. Белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун шакирти болом. Ага “Азия жигиттери” деген топтун жетекчиси Керим деген байке аркылуу келгем. Ал мени 2000-жылдары каскадёрлукка чакырган. Башта өзүм көк бөрү ойночумун. Бишкектин, Токмоктун командаларында улак чаап жүрдүм. Кийин каскадёрлук менен көк бөрүнү бирдей алып жүрдүм. 2018-жылы Түркияга көргөзмө оюнга барып бутумду сындырып алгам, бутумда темирлер бар, ошондон кийин көк бөрү ойнобой калдым. Командада эң улуусу менмин, жаш жигиттердин көркүн бузбайын, менсиз эле оюн көрсөткүлө десем болушпайт. Билгенимди алар менен бөлүшкөнгө аракет кылып жатам.

Баланы ийинибизге тургузуп ат чапкан номерибиз “пирамида” деп аталат. Каскадёрлукка келгени бул номерди аткарып келе жатам. Ийинге чоң жигиттерди дагы тургузуп көргөнбүз, бирок кичинекей бала менен кызыктуу болот. Анын үстүнө чоң кишини көтөрүп атты чаптыруу дагы кыйын. Буга чейин мен өзүмдүн баламды ийинге тургузуп келгем. Ал чоңоюп студент болуп кетти. Көп эле бала тургуздум, кулатып аламбы деген коркунучту өз баламды тургузганда сездим. Ошондо мурунку тургузуп жүргөн балдардын ата-энесинин абалы кандай болорун билдим. Мында эң негизгиси эки атты жакшы үйрөтүш керек. Аттардын чуркашы бирдей болсо, баланын коопсуздугунан коркпойсуң. Баланы кулатып алган бир учур болгон. Орусиянын мурунку ажосу Борис Ельцин, Аскар Акаев, Чыңгыз Айтматовдордун алдында Ысык-Көлдө оюн көрсөтүп жатканбыз. Биз атты чаптырып кете бериптирбиз, үстүбүздөгү бала эбак кулап түшүп калыптыр. Маңдайыбыздагы балдар кол булгалап эле калышты, артты карасак балабыз жерде бизди көздөй чуркап келе жатат. Газон болгондуктан катуу түшпөптүр, бир аз өзөрүп калыптыр. Андан бери, Кудайга шүгүр, андай учур болгон жок. Баланын жоопкерчилиги чоң, аны дагы аябай даярдайбыз. Эң негизгиси, ал колундагы байрактын сабын катуу кармашы керек.

Имран Касымов, жаш каскадёр: “КАСКАДЁР БОЛУП, ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ОЮН КӨРСӨТСӨМ ДЕП КЫЯЛДАНАМ”

– Мен Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан болом, 12 жаштамын. “Биздин балабыз чоңоюп кетти, сени ийинибизге турганга үйрөтөлү” деп мени каскадёрлукка Бактияр байке чакырган. Жаңы үйрөнө баштаганда аябай коркком, бирок улам-улам тура берип көнүп калдым, анан “пирамидага” турганга кызыгып кеттим. “Пирамидада” ойногонума бир жылдай болуп калды. Бийиктиктен коркпош үчүн өзүм дагы кайда жүрбөйүн бийиктикке чыгып, өзүмдү көндүрүп турам. Азыр деле эл алдына чыгабыз деп жатканда бир аз корком, бирок желекти кармап, ат чуркап баштаганда коркконумду унутуп калам. Мени ийинине тургузуп бараткан байкелеримдин мени жыгылтпаарына ишенем. Боюм кичинекей болуп жатпайбы, өссө эле башка байкелердей каскадёр болуп мен дагы жигитовкаларга чыкмакмын. Келечекте каскадёр болсом, мен дагы чет өлкөгө барып оюн көрсөтсөм деп кыялданам. Атам-энеме дагы каскадёр болом деп айтып жатам.

Мектепте кыргыз тили, адабияты, англис тили, математика сабактарын жакшыраак окуйм. Мага тийишпеген балдарга тийишпейм, а тийишкендерди (күлүп)... Айылда улак болгондо калтырбай барып турам. Көк бөрүдө Рустам Тыналиевге күйөрмандык кылам.

Бахтияр Баатырбек уулу, каскадёр: “ПИРАМИДАГА БИРДЕЙ ЧУРКАГАН АТТАРДЫ ТАНДАЙБЫЗ”

– Каскадёрлук менен 2008-жылдан бери алектенем. Өзүм Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан болом, 32 жаштамын. Кичинемден эле атка жакынмын, улак, ат чабышка барып жүрчүмүн. Биздин аймактагы каскадёр байкелерди көрүп жүрүп эле аралашып кеттим. Каскадёрлук оңой иш эмес, бирок сүйсөң, жасоо жеңил болот. Канчалык көп ат минсең, ошончолук коркуу сезими жоголот.

“Пирамидага” машыгууда бирдей ылдамдыкта чуркаган аттарды тандайбыз. Желекти бир колубуз менен катуу кармап, аттарды катуу ылдамдыкта чуркатабыз. Катуураак чуркаса үстүбүздөгү балага жеңилирээк болот. Эгер ат жай чуркаса биз силкилдейбиз, биз кичине эле кыймылдасак бала тең салмакты кармай албай кулап кетиши мүмкүн. Түркиянын 5-6 шаарына чакыруу менен барып өнөрүбүздү көрсөтүп жүрөбүз, башка өлкөнүн каскадёрлорунан “пирамиданы” көрө элекпиз. “Пирамидага” командадан көбүнчө Руслан байке экөөбүз чыгабыз. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, атты башкарганыбыз дагы дал келет.

Каскадёрлукта өзүбүздүн эле кызыгуубуздан улам жүрөбүз, ай сайын айлык албайбыз. Чакыруулар деле бат-баттан боло бербейт. Ар кимибиздин айлык алып иштеген жерибиз бар. Бир жакка барарда жумуштарыбыздан суранып 10 күн эрте чогулуп даярданабыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан