Оо, бул маселе баарыбызда бар болсо керек. Шифоньер, чемодан, андан башка да баштык-үштүккө толгон кийим-кечелер. Бирок киейин десең кийим жок. Кийимдерди ыргытайын десең, баягы “жаман кийим жаанда керек” деген түшүнүк мээге сиңип калган. Кантип гардеробду кийилбеген, көп орун алган кийимдерден тазалоо керек?
ООБА
Эгер “ооба” деген жооп басымдуулук кылса, анда ал кийимдин “ичер суусу” түгөнө элек. Бир жылдан кийин кайрадан ушул суроолорго жооп бериңиз да, көйнөгүңүздүн тагдырын чечиңиз.
ЖОК
Эгер жоопторуңузда “жок” деген жооп көп болсо, анда ал кийим сизге чындап эле кереги жок. Андыктан ойлонбостон бирөөгө бериңиз, сатыңыз, алмаштырыңыз же өрттөп жибериңиз. Керексиз кийим-кече, буюм-тайымдар үйдүн ичин чачык эле көрсөтпөстөн, адамдын эмоционалдык абалына да терс таасир калтырарын унутпаңыз.