ТУРАК ЖАЙ КООПЕРАТИВИНЕН ҮЙ АЛУУ РЕАЛДУУБУ?

Акчасын 10-15 жылга бөлүп төлөп кыялыңыздагы үйдө жашагыңыз келеби?”, “батирге төлөгөн акчаны өз үйүңө төлөп жаша” деген турак жай кооперативдеринин жарнамаларынан сиз да кабардар болсоңуз керек. Учурда андай кооперативдерге алданып, берген акчасын кайтарып ала албай жүргөн жарандардын саны жүздөп саналат. Алардын айрымдары пикетке чыгып өкмөттөн аларга катуу чараларды көрүүнү талап кылууда. Бирок кооперативдер аркылуу үйлүү, унаалуу болгон жарандарыбыз да бар. Андыктан турак жай кооперативдери деген эмне, алардын милдет, жоопкерчилиги кандай деп изилдеп көрдүк.

КАРМАЛГАН КООПЕРАТИВ ЭЭЛЕРИ

Кыргызстанда статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, 300 миңге жакын жеке турак үйгө муктаж үй-бүлө бар. Чынында, алардын саны мындан 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. Өлкө боюнча 158 турак жай кооперативи катталган, булардын кээ бири ишин ийгиликтүү аткарып жатса, айрымдары кадимки каржы пирамидасы ыкмасын колдонуп элди сызга отургузуп жатышат. Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы “Ак үй кейжи” кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган. Ошондой эле Ош ШИИБи “S-LINE” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлаган. Көп өтпөй сот аны үй камагына чыгарып, бирок үй-мүлкү камакка алынганын билдирди. 22-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына “Биринчи турак жай” кооперативине алданып калдык деген адамдар митингге чыгышты.

Жабырлануучулардын бири: “Биринчи турак жай” кооперативинде 122 мүчө бар, анын 27си үй алды, 95 адам кезекте турат. Үй алгандар кооперативге 20 миллион 57 миң сом карыз. Ал эми кезекте турган 95 адамга алар буга чейин төлөгөн 35 миллион сомду кооператив кайтарбай жатат”,- деп билдирди.

24-мартта Ырчы Асел Кадырбекова да өзүнүн Инстаграм баракчасына турак жай кооперативдеринин бирине алданып калганын жазып чыкты. Ал: “Бир кооперативге акчамды берип коюп, батирден жок, же акчамдан жок отурам. Кооператив-сооперативи жок эле жашап жүрбөдүк беле. Кайдан чыкты бул балээ? Билем, мени көбү угушат, көрүшөт. Сиздерге менин окуям сабак болсун! Алданбаңыздар! Ишенбеңиздер!”- дейт.

“АЗЫР ДИЛЕТАНТТАР КООПЕРАТИВ УЮШТУРУП КАЛЫШТЫ”

Кубан Чороев, турак жай кооперативдер уюмунун мүчөсү, экономист:

– Негизи кооперация аркылуу үй алуу системин туура жолго салса болот. Азыр бизде кооперативди түшүнгөнү, түшүнбөгөнү деле кооператив уюштуруп жатышат. Кооперациянын өзүнүн принциптери, механизмдери, уставдары бар. Азыр айрым кооперативдер ал принциптерге каршы иштеп жатышат. Кооператив деген – бул кезектешип, баарылап бири-бирине үй алып берүү. Биздин тойлор, шерине, ашар жолу менен иш кылуу сыяктуу нерселер бар эмеспи, кооператив деле ошол сыяктуу. Азыркылардын экономикалык моделдери туура эмес болуп жатат. Кооперативдин негизги уставында кезек качан келери белгисиз болот, анткени аны кооператив ээси өзү да билбейт. Азыркылар "3 айда, 6 айда мынча каражат төлөсөң үйлүү болосуң" деп жатышпайбы, бул туура эмес. Мөөнөт менен кепилдик берүү деген болбойт чыныгы уставда. Алгач уюмга мүчө кардар канча бир жыл топтоо программасына катышат. 2 жылдабы, 3 жылдабы, топтогон акчасы белгилүү бир ченге жеткенде гана ага үй берилет. Азыр адамдар бат болчу нерсеге дароо кызыгышат, анан пирамида ыкмалары менен иштеген адамдардын торуна түшүп калып жатышат.

Азыр дилетанттар кооператив уюштуруп калышты. “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизбесек дилетанттардын айынан жабыр тарткандардын саны көбөйө берет. Кооперациянын чыныгы уставдарын калтырып, кардар кезекти онлайн карап тура турган чараларды иштеп чыгуу зарыл.

“КООПЕРАТИВДЕРДИН КӨБҮ КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫ ЫКМАСЫН КОЛДОНУШАТ”

Улукбек Карыбек уулу, журналист:

– Турак жай кооперативдеринин болжолдуу схемасы мындай:

Мисалы, кооператив түзүлүп, 2 миллион сомдук үй алам деген алгачкы 10 киши чогулду дейли. Алар 2 миллиондун 30-35 пайызы болгон 500 миң сомдон төгүштү. Ошентип, 10 кишиден чогулган 5 миллион сомго алдыңкы тизмеде турган 2 кардарга үй алып берилет. Калган кезекте турган 8 кишиге 2 миллион сомдук үй алып берүү үчүн эми 16 миллион сом керек. 16 миллион сомду чогултуу үчүн дагы 32 киши кооперативге мүчө болуп кирип, 500 миң сомдон берип кезекке жазылышы зарыл. 32 киши 30-35 пайызын төгүп кезекте турат. Эми аларга үй алуу үчүн кооператив дагы 64 миллион сом табышы керек, тагыраагы, 128 киши 500 миңден төлөшү керек. 128 киши дагы кезекте туруп калды... Кыскасы, бул сан чексиз көбөйүп отуруп, миңдеген кишиге жетиши мүмкүн. Демек, канчалык киши көбөйгөн сайын ошончолук кезек дагы узара берет же бир күнү кооперативге киши кошулбай калышы мүмкүн. Кооперативдер кадимки каржы пирамидасынын эле ыкмасын колдонуп жатышат. Азыр көпчүлүк турак жай кооперативдери мыйзамга каршы иштөөдө. Кыймылсыз мүлк кардар үйдүн акчасын толук төлөп бүтмөйүнчө кооперативдин атында болушу шарт, азыр үйдү дароо кардардын атына жазып берип коюп жатышпайбы. Бул деген кардардын убактылуу кубанычы үчүн жасалган иш. Мен белгилүү эле кооператив жетекчисине “биз 3000 адамга үй алып бердик” дегенде суроо бердим, “эгер төлөй албай калышса, ошол 3000 адам менен соттошосуңарбы?” дедим. Эч бир кооператив жетекчиси мага ынанымдуу жооп бере алышкан жок.

Дагы бир маселе, акчасын кайтара албай сызга отуруп калган жарандар аябай көп. Бул кооператив ээлери укук коргоо, сот органдарынын оозун акча менен басып коюп жатышат. Пирамида ыкмасы менен кооператив ачкандар үлүшчүлөрдөн алган акчасын биткоин, криптовалюта деген электрондук валюталарга салып акча айлантышат деп уктум. Ошондой эле адамдарды сызга отургузуп алдамчылык менен алектенген кооперативдерди жарнамалаган жылдыздар да жоопкерчилик алышы керек. Анткени эл аларды көрүп ишенет, “бул үй алыптыр, мен деле алайын” деген куру ишеним жаралат.

“БАКЫТ ААЛИЕВ СУУДАН КУРГАК ЧЫГЫП КЕТИП ЖАТАТ”

“S-LINE” турак жай кооперативинен жабыр тарттым деген, атын атагысы келбеген жаран:

– Мен 1,5 жылдан бери аталган турак жай кооперативинен акчамды кайтарып ала албай жүрөм. 1,5-2 айда үй алып беребиз дешкенде 3 миллион сомго келишим түзүп, миллион сомун төлөп берген элем. Азыр үйдөн же акчамдан жок отурам. Тергөө ишин Ички иштер министрлиги карап жатат, жарытылуу жыйынтык уга элекпиз. Барбаган, кайрылбаган жерибиз калган жок. Бул Бакыт Аалиев деген кыпкызыл аферист экен. Кайсы жерден болбосун кургак чыгып кетип жатат, Ошто кармалды эле, сот үй камагына чыгарып салыптыр. Ушунча адамды сыздатып, маңдай тер менен тапкан акысын жеген адам кантип эркиндикте жүргөнгө акысы бар? Укук коргоо органдары акчага сатылган. Мен жеке белгилүү адамдын жарнамасынан, ушул кооперативден үй алдым дегенине ишенип кайрылган элем. Көрсө, ал кыздын айткандарынын баары калп экен. Аты-жөнүм менен чыккандан да чочулайм, аябай өчөшүп алышат экен. Бакыт Аалиев “менин үстүмдөн арыз жазбагандарга үй алып берем, кааласа акчасын кайтарып берем” деп жатыптыр. Арыз жазгандарга акчасын да, үй да бербейм дептир. Кудайдын алы жетпес бирөө экен. Ушунча адамдын каргышы уктатпайт!

“КООПЕРАТИВДИН БААРЫ АЛДАМЧЫЛАР”

Нурбек Абдалиев, юрист:

– Эгер кардарлар кооператив жетекчисинин үстүнөн арыз жазып, ал сот тарабынан тиешелүү жаза мөөнөтүн алса абакка отуруп чыгат, мал-мүлкү конфискацияланат. Негизи кооперативдин баары алдамчылар, башка бирөөлөрдүн акчасы менен бирөөгө үй алып берип, кийинкилери 2-3 жылдап кезек күтүшөт. Эл кооперацияга кирбей калганда чынжыр үзүлүп, систем банкрот болот.

Курулуш кура турган кооперативден үй ала турган кардар алгач бөлүп төлөө графигин нотариус аркылуу түзүп, мамлекеттик каттоодон өткөзүшү керек. Кагаз түрүндө, оозеки келишим түрдө сүйлөшүүнүн юридикалык күчү болбойт. Сатып алуу тууралуу алдын ала келишимден, курулушту каржылоо келишимдеринен жаа бою качкан жакшы. Бул келишимдер накта алдамчылардын келишими. Келишим түзүп жатканда эгер алдын ала 30 пайызы төлөнсүн десе, аны пайдубалын куюп баштаганда төлөп берем деп келишим түзүш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан