Мээрим Өзүбекова: “ЖОЛДОШУМ ООРУКАНАГА БАСЫП КИРИП, БАСА АЛБАЙ ЧЫКТЫ

44 жаштагы Элчибек Быржыев 3 жылдан бери оору менен алышып келет. Бул тууралуу жубайы Мээрим Өзүбекова: “Жолдошум акыркы 10 айдан бери такыр баспай калды, майыптардын арабасы менен жүрөт. Жамбаштан ылдый жагы иштебейт. Эгер убагында дарылабасак оору жамбаштан өйдө жагына да өтүп такыр кыймылсыз болуп калышы мүмкүн экен”,- деп билдирди. Каарманыбыз жолдошунун баштан өткөн тагдырын төмөндөгүчө баяндайт.

“КӨП ЖЫЛ ОРУСИЯДА ИШТЕДИК“

– Жолдошум Элчибек Быржыев 1977-жылы Тоң районунун Туура-Суу айылында туулган. 10 жыл Орусияда мигрант болуп иштеди. Экөөбүздүн бирге түтүн булатканыбызга 7 жыл болду. Биз Орусияда жүргөндө табышып, үйлөндүк. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштедик, жолдошум Газель унаасын айдап ооруканаларда жаткан бейтаптарга тамак-аш ташып иштечү. Мен дүкөндө кассир, сатуучу болуп иштеп жүрдүм. 2019-жылы апабызга аш беребиз деп мен Кыргызстанга келе бергем. Бул жакта жүрсөм күйөөм “ооруп үйдө жатам, жамбашым шишип кетти” деп чалды. Апамдын ашын өткөрүп эле кайра Санкт-Петербургга учуп кеттим. Мен барганда ковид оорусу күчөп, бардык жерде карантин эле. Аны дарылатуу максатында биз көп жакка бардык. Табып, сыныкчы, травматолог, ортопед, айтор, ким эмне десе баарынын айтканын кыла берип күйөөмдүн оорусун өтүштүрүп алдык окшойт. Эч кимиси так диагнозун айта алышкан жок. Акырында өзү иштеп жүргөн ооруканага сүйлөшүп араң жаткырдык. Ал жактагы дарыгерлер жамбашында уюган кан бар, ошону алыш керек дешти. Операция жасаттык, белине стент коюшту. Операция болгондон 4 күндөн кийин дене табы көтөрүлүп чыкты. Кыргызстандагы дарыгерлердин айтымында ал жактагы дарыгерлер стентти туура эмес коюп салышкан экен. Ооруканага басып кирген күйөөм операциядан кийин баса албай чыкты. Мекенибизге келе берели десек жолдошум “ушул жактан эле айыгып кетем деп” Кыргызстанга балдакчан баргандан намыстанды.

“ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАТАСЫНА КӨЗ ЖУМУП КОЙДУК”

– Жолдошум Санкт-Петербургда операция болгондон кийин балдакчан басып жүргөн, кийинчерээк такыр эле кыймыл-аракети токтоп арабада отуруп калды. Чыйпылыктап башка ооруканаларга чуркадык. Баш-аягы жолдошума 3 жолу операция жасалды, жылыш болгон жок. Акыркы күндөрү тажагансып сентябрда, октябрда, ноябрда келгиле деп дарылануубузду создуктуруп жатышты. Биз да өжөрлөнүп айткан күнүндө калтырбай барып жаттык, аягында “силерге хирургиялык жардам кереги жок, байкоо жүргүзүп гана турабыз” деп коюшту. Ал жактын дарыгерлери артерия-веноздук мальформация (артерия менен веналардын патологиясы) деп диагноз коюп, “бул оору тубаса” деп айтышты. Бул оорусу тубаса болсо 44 жашка чейин билинмек да, жакшынакай жүрүп эле 44 жашында баса албай калат деген үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Ал жактын дарыгерлеринин катасына “мейли, ызылдашпай эле коёлу, баары бир акча таап иштегенге ушул жакка келебиз” деп көз жумуп койдук. Өзүң мигрант болсоң мыйзамга такап ызылдай албайт экенсиң.

“ЭКИ БУТУ ТАКАЙ МУЗДАК БОЛУП ЖҮРЧҮ”

– Ошентип ооруканалап жүрүп тажаганда “кой баарын жыйыштыралы” деп мекенибизге келе бердик. Бул жактан да жакшы дарыгерлерди таап сүйлөшүп, кеңеш алдык. Анан алар мына операция кылабыз деп жатканда жолдошум такыр эле жамбаштан ылдый жагын сезбей калды. Кыргызстанда 7 саатка созулган оор операцияны башынан өткөрдү. Дарыгерлер “бизге тиешелүү кан тамыр хирургиясынын иши бүттү, мындан ары нейрохирургдарга кайрыласыңар” деп коюшту. Бул жактагы операциядан кийин күйөөмдүн буттары жылып, кадимкидей оорутууну сезип калды. Мурун такай эки буту муздак болуп жүрчү. Жылуу кармайлы деп бутун бууга кактап, ромашка менен ванна жасап да турчумун. Көрсө, антпеш керек экен, буу кан тамырларга зыян дешти.

Учурда Индия, Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жүлүнгө доо кетпесе операция жасап бастырып кетсе болот, эгер жүлүнгө доо кеткен болсо жамбаштан өйдө жагына акырындан өтүп кыймыл-аракети токтойт дешти. Ошого чый-пыйыбыз чыгып, учурда элден каражат чогултуу менен алекпиз. Жолдошум намыстангандыктан буга чейин олуттуу оору менен ооруп жүргөнүн жашырып жакын туугандарына айткан эмес. Алар жакында эле билишти.

Элге кайрылалы, жардам сурайлы десем такыр көнбөдү. Акыры туугандары чогулуп “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деп жатып көндүрүштү. Түркияга виза ачтырган элек, азыраак каражат менен убакытты өткөрбөй кете берели деп жатабыз. Барып текшерилүүдөн өтүп, анализдери чыккыча мүмкүн эл жардам берсе каражат чогулуп калар деп жатабыз.

“ЖОЛДОШУМДУН БАСЫП ЖҮРГӨН КҮНДӨРҮН САГЫНАМ”

– Жолдошум Элчибек абдан жөнөкөй, эмгекчил, тапканынын баарын үйүнө ташыган жан. Ушул күнгө чейин кол көтөрмөк түгүл, чекеме черткен жок. Күйүмдүү, боорукер жан шеригиң майып болуп жатса сай сөөгүң сыздайт экен. Баспаган адам көп нерседен көз каранды болуп калат турбайбы, кээде отуруп “башка жерим ооруп басып эле жүрсөм болмок, көп адамды убара кылып койдум” деп кейип калат. Жамбаштан ылдый жагын сезбегендиктен заара кылганын сезбей калат. Күндө памперсин тазалайм, алгач ушундай абалга туш келгенде өзү абдан ыйлады. Ошондо “сени таштап кетпейм” деп жубаттым.

Азыр мен жолдошумдун басып жүргөнүн, жумуштан үйгө кирип келгенин элестетип сагынам (ыйлап). Эртерээк ушул кыйын күндөр бүтүп, жакшы күндөр келсе экен дейм. Мен жолдошумду карап бир жылдан бери иштей элекмин, тапканыбыздын баарын короттук. Бишкекте батирде турабыз, жолдошумдун дары-дармегине, тамак-ашыбызга бир туугандар, жоро-жолдоштор жардам кылышат. Кудай күч-кубат берсе бул сыноолордон татыктуу чыгабыз деп үмүт кылам.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 4276550051739848

Мбанк: 9417608996226674

KICBбанк: 4446791058862317

Байланыш телефондору:

0700117055, 0709780881

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан