Жылмайып коюңуз!
"Тамашоу" долбоору Кыргызстанды каптоодо десек адашпайбыз. Учурда жаштардын сүймөнчүлүгүнө арналган бул долбоордун тамашаларынан сиздерге бир чымчым таштай кетели.
«SENSATION»
Жарнама
Бою узун, буттары түз, фигурасы 90-60-90, жашы 18ге толо элек койдун эти сатылат.
ххх
Илгери Робин Гуд кантип жардам берген?
Робин Гуд: – Эй, мен, Робин Гуд, байлардын акчаларын алып, кедейлерге берем. Мына, алгыла-а-а!
Кедейлер: – Оо, рахмат сага, Робин Гуд! Биз эми байбыз.
Робин Гуд: – Байбыз? Мен байлардын акчаларын алып, кедейлерге берем да...
«ЧЕЗ»
Мирбек Атабеков концертинде тилин тиштеп алып, Мифек Афафеков болуп калыптыр.
ххх
Маршрутканын айдоочусу 12 столго 37 кишини отургузуп, өзүнүн туулган күнүн белгиледи.
ххх
30 градустук суукта чолок шым жана майка кийген жигит синоптикти сабап кетти.
«ТЕРГӨӨ»
Бизде Жаңы жылдык акция:
Эки кылмышты моюнуңузга алсаңыз, үчүнчүсүн бекер кошуп беребиз. Зергерлер жасаган алтын же күмүштөн колуңузга кишен салабыз. Акция муну менен гана чектелбейт. Сиз үчүн баш калаадагы эң алдыңкы СИЗОго жалгыз кишилик жолдомо берилет. Ал жерде сизге татынакай, жумшак келтек менен жагымдуу массаж жасалат.
ххх
Ысык-Көлдөгү дүкөндө:
Сатып алуучу: – Эже, “Наше пиво” барбы?
Сатуучу: – Наша жок, пиво бар.
ххх
Жаңы элдик макал
Офицер болуу аста-аста, официант болуу бир паста.
«ЖИГИТТЕР»
Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.
Ууру келсе – тишке, көзгө, бөйрөккө, кабыргага, андан кийин милицияга.
ххх
Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто каша же.
«IUK»
Милиция бөлүмүндө:
Кыз: – Милиция, милиция!
Милиция кызматкери: – Эмне болду?
Кыз: – Мурунку күнү көчөдө бара жатсам, бир жигит сумкамды алып качты. Бүгүн соткамды алып качты.
Милиция кызматкери: – Коркпоңуз, биз баарын таап беребиз.
Кыз: – Мага алардын кереги жо-ок...
Милиция кызматкери: – Анда эмне керек?
Кыз: – Алар мени качан ала качышат?!
ххх
Базарда:
Энеси: – Кана, балам, бул шым чак болдубу?
Баласы: – Ий, апа, чоң го...
Энеси: – Эч нерсе болбойт, эмдиги жылы да киесиң. Дагы өсөсүң.
Баласы: – Апа, бут кийим да чоң болуп калды.
Энеси: – Бутуң да чоңоёт, балам. Эмки жылы алып бербейбиз, үнөмдөйбүз да.
Баласы: – Апа, эми турсийим да чоң болуп калды.
Энеси: – Ой, өсөсүң, балам, өсөсүң.
Баласы: – Апа, мен 25ке чыгып калдым, өспөйм го?!
«SELECTION»
Айылдан келген бала шаардагы мектепте. Мугалим сурайт:
– Бирге бирди кошсо канча?
– Үч.
– Эмнеге үч? Сага мындайча түшүндүрөйүн да. Бир айгырга бир бээни кошсо канча болот?
– Үч.
– Эмнеге? Сен үчтөн башканы билесиңби?
– Тогуз айдан кийин кулуну менен үчөө болот да.
«АЗИАТСКИЙ СТАНДАРТ»
Кыздардын жүрөгүн Лексустун ачкычы менен ачса болот.
ххх
Немистерде 5 мүнөт – 5 мүнөт.
Ал эми кыргыздарда 5 мүнөт – “мына бара жатам, бара жатам, ой, бара жатам”.
Бактыгүл Сокушова
tamasha@super.kg