ШЫРЫЛДАҢ – КЫШКЫ КЫМЫЗ

“Тагай Кайкыевдин үйүнөн жылдын 4 мезгили эл үзүлбөйт. Жайы-кышы бээ саап кымыз жасайт, кыргыз даамын даңазалап келет” дегенди угуп Тагай мырза жашаган Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Дача-СУ айылына жөнөп калдым. Мал жайгарып жүргөн аксакал эшик алдынан тосуп алды. Ал-жай сурашкан соң “сен берген суроолордун баарына жооп берем. “Шырылдаң” ырынын кышкы кымызга кандай байланышы бар экенин да айтып берейин. Адегенде кымыз ичип алалы, жүрү” деп үйүнө жол баштады.

“БЭЭНИ 8 АЙ СААШТЫ БАШКЫРЛАРДАН БИЛДИМ”

– Мен 72 жаштамын. Байбичем экөөбүз Алай районунун Корул айылынан болобуз. 4 уулум, 4 кызым, 18 неберем бар. Ушул жерге Алайдан көчүп келип, жашаганыбызга быйыл 8 жыл болот.

Атам убагында чабан болуп иштеп жүрдү. Союз убагында бир кезде ашыкча мал кармоого уруксат жок эле. Бир ат, бир уй, 10 койдон ашыкча мал кармасаң колхоз активдери ашыгын этке төктүрүп таштатчу. Апам 1970-жылдары бозо жасап, бир бээбизди саап кымыз кылчу. Ошондуктан аларды жасаганды кичинемден билем. Бирок кымызды бизге ичирбей эле, айыл аксакалдары, бригадирлер келип ичип кетишет. Атама бир сыр кесе кымыз буюрат, биз байкушка жок. Ошондо ичпей калган кымыздын эсесин кийин чыгарбасамбы дечүмүн. Айткандай эле кийин үйлөнүп-жайлангандан кийин жылкы багып, бээ саап кымыз жасап баштадык. Ал кезде айран, сүт, кымыз сатат деген жок болчу. Өзүбүз ичебиз, туугандарга, келгендерге беребиз. Союз таркагандан кийин 8 баламды багуу кыйындады. Арга жок 2002-жылы акча тапмакка Орусиянын Магнитогорск шаарына барып иштеп калдым. Керектүүбүздү алалы деп базарына барсак сөздөрү, өңү да кыргыздарга окшош аялдар кымыз сатып отурушат. Таң калып жакын барып алардан “Силердин улутуңар ким? Силер да бээ саап кымыз жасайсыңарбы?” деп сурадым. Алар “улутубуз башкыр. Биздин да ата-бабаларыбыз көчмөн эл болгондуктан жылкы багып, бээ саайбыз. Кыргыз менен казактар бээни 2-3 ай эле саайсыңар, жалкоосуңар. Биз 8-9 ай бою, кышында да саайбыз” дешти. “Кантип? Байып кетпейби?” десем, “бээге жем-чөптү алдынан үзбөсөң, 2 саат сайын саасаң сүтү чыга берет” дешти. Муну угуп “ушинтсе болот турбайбы” деп калдым.

“БИР БЭЭНИН КЫМЫЗЫНАН 240 000 СОМ ТАБАСЫҢ”

– Кыргызстанга келгенден кийин башкырлардан кемминби деп кышкыга жем-чөптү көп даярдай турган болдум. Анан бээлерди 2 саат сайын саай баштадык. Көрсө, башкырлар туура айтыптыр, ошентип кышта да кымыз жасап калдык.

Жашоо оорлоп, кыйналган эл кымыз, айран сүт сатып баштады. Биз да ашыкчасын сатып акча кылууга өттүк. Жайында кымызга буйрутмалар ар жактан келет. Биз Алайдан унааларга салып жөнөтөбүз. Күндөрдүн биринде туугандарыбыздын биринин баласы “ушинтип кыйналбай Бишкекке эле көчүп барып албайбызбы. Баары бир кымыздын көбүн Бишкекке жөнөтүп жатасыз” деди, макул болдук. Жылкыларыбыз менен көчүрүп келип, ушул Дача-СУдан токойдун боюнан жер тилкесин ижарага алып берди. Ошентип ушул жерде жылкы багып, кымыз жасап жашап келе жатабыз. Биз бээлерди 8 ай бою саап, кымызды үзбөйбүз. Бээ жем-чөбүн үзбөсөң эле 2 саат сайын сүт бере берген жаныбар. Кышта да бээлерди 1 күндө 6-7 ирет саайбыз. Түнкү 12де, 3 жарымда да саайбыз.

Бээ байып кетпеши үчүн түндө 2 сааттай энесин эмсин деп кулундарын жанына коёбуз. Ар сааганда бээлердин ар бири 2 литрден кем эмес сүт берет. Бир бээ күнүгө 5 литрден сүт берди дегенде эле 8 ай саап кымыз жасасаң канча литр кымыз болот? 8 айды 30 күндөн эсептесең эле 1200 литр кымыз болуп жатпайбы! Ичем десең кымызың бекер, сатам десең литри 200 сомдон болгондо 240 000 сом болот.

5 бээ саап жатканбыз, жакында бирөө байып 4 бээ саап калдык. Кулундарынан тышкары жалпы 12 тубар бээбиз бар. Жайында бул жак ысык экен, 6 жыл жылкыларыбызды КамАЗдарга жүктөп Алайга жайлоого кетип жүрдүк. 22 саатта жетчүбүз. Жылкылар ошончо саат ачка чыдап барышчу. Былтыр барган жокпуз.

Албетте, жылкы багып, бээ саап, кымыз жасагандын мээнети күч.

Байбичем Пайызбү канча жылдан бери бээ саап келе жатканга чаканын кармагычы билегине өтө берип ошол жери 1 сантиметрдей чуңкурайып калган.

“КЫШКЫ КЫМЫЗ ЧУЧУКТУ ТОЛТУРАТ, АДАМ КАЙРАТТУУ ЖҮРӨТ”

– Азыр эрте жаз экенине карабай үйдөн эл үзүлбөйт. Бири кышкы кымыз кандай болот экен деп сонуркап келип ичсе, айрымдары суусундукка, дарылыкка деп сатып алып кетишет.

Кымыздын касиетине келсек, кышкы кымыз чучукту толтурат. Чучугу толук адам кайраттуу, суукту, анча-мынча ооруну тоготпой шайдоот жүрөт. Жазында, жайында чөп катканга чейин чөп ширелүү болот да, ошого бээнин сүтү да, кымызы да суюк болот. Кышкысын бээ кургак чөп жегендиктен кымызы коюу болот. Ичкенде нымшытып, тердетип, ток кармайт. Тамакка ичтейди ачат. Кышкы кымызды шырылдаң дешет. Жылкычылар ырдаган “Шырылдаң” ыры да кышкы кымызга байланыштуу чыккан.

Анткени илгери апалар кар жаап койгон ноябрда карды тээп, желени таап, бээ саап кымыз жасашкан. Анан суукта боз үйдө илинген чаначтагы кымыздын бетине азыраак муз тоңуп, аны бышканда, идишке куйганда шырылдаган үн чыгып турган. Ошондон улам кышкы кымыз шырылдаң деп аталып калган экен. Жылкычылар шырылдаңдан ичип алып, суукту тоготпой “Шып-шырылдаң шыр экен, жылкычынын ыры экен” деп ырдашкан.

Дарт дабасы – кымыз дегендей, дарылык касиети көп. Тамактын сиңишин жакшыртат, канды көбөйтөт, кубат берет. Кургак учук, бронхит, итийден айыгууга жардам берет. Такай ичсең узак жашайсың.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан