“ТАМАГЫМДА ТОГОЛОК НЕРСЕ ТУРГАНДАЙ БОЛОТ”

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Төрөканова жооп берди.

– Менин тамагымда дайыма эле тоголок бир неме тургандай сезиле берет. Жакындан бери сол кулагым убак-убагы менен бүтүп калчу болду. Калкан сымал безди текшерттим, ЛОРго текшерилдим. Алар оору жок дешти. Эми кимге көрүнүп текшерилем? Бул эмнеден болушу мүмкүн?

Жыпара, Ош, 34 жашта

– Эгер ЛОР врач оору жок десе сиз врач гастроэнтерологго көрүнүңүз. Анткени гастроэзофагеалдык рефлюкс дартында да сиз жазгандай белгилер болот. Ооруда ашказандагы кычкыл кызыл өңгөчкө куюла берет, андайда тамак кычышып, тамакта бир нерсе тургандай болот. Врач сизге гастроскопиялык текшерилүүдөн өтүүнү сунуштайт. Жыйынтыкка карап диагноз коёт. Эгер аталган дарт болсо дарыланыңыз. Кокус дарт табылбаса анда невропатологго текшерилүүгө туура келет.

“Суткалык мониторинг аппаратын такканда эмне кылууга болбойт?”

– Жакында кардиологго көрүнсөм мага жүрөктүн иштешин текшериш үчүн суткалык мониторинг аппаратын тагынууну сунуштаган. Мен таккан элем. Врач электр шаймандарын колдонбо деген. Бирок ошол күнү мен тишимди дарылатыш үчүн стоматологго жазылып койгом. Врачтын айтканы боюнча болбойт го деп стоматологго барбай койдум. Негизи барсам болот беле? Аппарат такканда эмне иштерди жасабаш керек?

Альбина, Бишкек, 41 жашта

– Суткалык мониторинг аппаратын (холтер боюнча ЭКГ) такканда радио нурдануу, радио толкун чыгара турган шаймандарга жолобош керек. Мисалы, чөнтөк телефон, компьютер, телевизор. Калган тиричилик буюмдарын колдоно берсе болот (чаң соргуч, электр чайнеги, үтүк жана башка). Аппаратты тагынып стоматологго барса терс таасири болбойт, бара берүү керек.

Кайсы жумуштарды жасаганга болбойт? Күнүмдүк жумуштардын баарын жасай берүүгө болот. Ал тургай врачтар көбүрөөк басууну, оорураак иш кылууну сунушташат. Тепкичтер менен да чыгып-түшүңүз. Анткени аппараттан жүрөктүн согушун так аныкташ керек. Бул болсо көп кыймылдап, жумуш жасаганда жакшы аныкталат.

“Астма оорусу барларга кандай жумуштар болбойт?”

– Менин бронхиалдык астмам бар. Цехке слесарь болуп иштегени киргени жатам. Бирок талап боюнча кечке эңкейип да, бийиктикте да, катуу үндөрдүн алдында да иштөөгө туура келет экен. Ушундай иште иштесем мага зыяны канчалык? Дагы кандай иштерде иштегенге мага болбойт?

Адилет, Бишкек, 28 жашта

– Бронхиалдык астманын башталышын аллергиялык агенттер: чаң, жаныбарлардын жүндөрү, кескин жыттар түзөт. Кийин күчөп астмага айланат. Сизге эңкейип, бийиктикте, катуу үндөрдүн алдында иштөөгө болот. Бирок ишиңизде темирлерди кескилеп, ширетип, өгөөлөп оңдой турган учурлар болсо анда болбойт. Ошондой эле суукта иштөөгө болбойт. Ооруңузду күчөтөт. Бронхиалдык астмасы барлар көмүр, цемент, ун сатып, андан тышкары ширетүүчү, от жагуучу, унааларды оңдоп, сырдоочу болуп иштебеши керек.

“Иммунитетим начар, өз алдымча витамин ичсем болобу?”

– Менин иммунитетим начар. Дайыма эле суукка урунуп, башкалардан сасык тумоону жугузуп алып эле жүрөм. Иммунитетти көтөрүү үчүн врачка барып сурабай эле кайсы витаминдерди ичсем болот?

Айка, Кант, 25 жашта

– Иммунитет оорудан улам да түшүп кетет. Мисалы, анемиядан, кант диабетинен. Андыктан өз алдынча витаминдерди ичпей, врач терапевтке барып текшерилиңиз, анализдерди тапшырыңыз. Анан жыйынтыгына жараша сизде оору бар же жок экени аныкталат. Ошого жараша дарыларды же витаминдерди жазып бериши мүмкүн.

“Боюм узун, салмагым аз. Менде оору барбы?”

– Менин боюмдун узундугу 170 сантиметр. Бирок салмагым 50 килограмм. Кара күч эмгеги менен иштейм. Врачка текшерилсем оору тапкан жок. Колдорум ичке, бат чарчайм, дайыма чарчаңкы жүрөм. Булчуңдарым оорутат. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн. Жашыруун оору өнүгүп жаткан жокпу?

Тилек, 34 жашта, Токмок

– Сиз кайсы врачка көрүнүп, кандай анализдерди тапшырганыңызды жазбапсыз. Салмактын аздыгы боор, ашказан-ичеги, бруцеллёз ооруларынын айынан да болушу ыктымал. Сизге терапевтке, гастроэнтеролог врачка кайрылып, текшерилүүдөн өтүүнү сунуштайм.

“Тизелерим ооруп, зорго кыймылдайм”

– Жакындан бери узагыраак отуруп тургандан кийин басайын дегенде тизелерим ооруп, зорго кыймылдай турган болду. Бир аз баскандан кийин оорутуу сезилбей калат. Бул артритпи? Эмне кылып дарылануу кажет?

Чынара, Бишкек, 56 жашта

– Негизи 40 жаштан кийин айрым адамдарда артроз оорусу кезигет. Оору тизе муундардан башталат, анткени басып кыймылдагандан, адамдын ашыкча салмагынан аларга күч түшө берип, кемирчектери жешилип баштап, 40 жаштарда оору билинет. Оору ошондой эле кечке отуруп иштегенде да чыгат, анткени муун, кемирчектерде зат, кан алмашуу бузулат.

Сиз ооруну күчөтпөй ревматолог врачка текшерилип, дарыланууңуз зарыл.

“Кан басым оорусунан улам кант диабетине чалдыгабы?”

– Менин апамдын жогорку кан басым оорусу бар. Кээде көтөрүлгөндө түшпөйт. Ушинтип жүрсө кант диабетине чалдыгып калабы? Кимге текшерилип, дарылануусу кажет?

Жазгүл, Жалал-Абад, 45 жашта

– Апаңыз кардиологдун көзөмөлүндө болуп, кан басымы түшпөгөн кезде ооруканага жатып дарылануусу кажет. Кан басымы көтөрүлгөндө дарысын ичирип, "Тез жардам" чакырыңыздар. Болбосо инсультка же инфарктка чалдыгып калышы мүмкүн.

Эгер апаңыздын канынын курамында канттын өлчөмү жогору боло берсе анда кант диабетине да чалдыгуу коркунучу бар. Андыктан анализ тапшырып, канттын деңгээлин билип туруу шарт. Негизи таттуулардан баш тартса жакшы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан