(Башы өткөн сандарда)
Кыз түш ченде араң ойгонду. Көзүн ачып эки жакты карап өзүнчө кайда жатканын эстей албай дендароо болуп бир саамга жатты. Башын көтөрүп турайын деди эле бүтүндөй тулку бою жанчып салгандай ооруп турганын сезди. Үйдүн ичи тыптынч, эч ким жоктой. Болгон күчүн жыйнап туруп илинип турган халатты кийди. Тамекинин жыты келди мурдуна, бул Тимурдун халаты болчу. Бөлмөнү айланта карады, көзүнө чачылган кийимдер урунду. Деңгирей басып оозгу бөлмөгө чыкты. Муздаткычтан суу алып ичип, башын мыкчый столдун четине отуруп калды. “Шарапты акыл-эсимди жоготкончо ичипмин го” деп ойлоду кыз. Шарапка уктатуучу дары кошулганы оюна келген жок. Столдогу бокал, шараптын бөтөлкөлөрүн телмире тиктеп отуруп, “батир десең батир, акча десең акча даяр. Сенден эч нерсе аябайм. Болгону сен мендик бол, өзүңдү мага арна. Болду, сага каалаганыңдай жашоо берем” деген Тимурдун сөзү эсине түштү. Бокалды колуна алып анын тизесинде отурган өзүн эстеди.
– Хм,- өзүн шылдыңдай кытмыр жылмайды. Бул жылмаюуда кыздын ызасы да, ыйы да камтылган эле. Акчасын пайдалана берейин деп ойлонуп жаткан кызды Тимур пайдаланып койгонун ойлоду. Канчаны көргөн карышкыр, Тимур эле болсо ушул чүкөдөй кызга алдана коёт беле. Бирок кызда өкүнүү, ушуну менен таштап салып басып кетсе эмне кылам деген коркуу да болгон жок...
ххх
Карлыгач бүгүн жаңы жумушуна келди. Эми ал катардагы официант эмес, администратор. “Бул кызматты аркалай аласыз” деген Байыштын сөзү дагы өзүнө болгон ишенимин арттырып койду. Чыкыя кийинип, чачын жарашыктуу түйүп алган. Мурун дайыма жоолукчан көргөн Байыштын көзүнө Карлыгач бүгүн башкача көрүндү. Телефонуна үңүлүп отурган келинди кире бериште бир топко карап тура бергенин качан гана “качып коёсуңбу” деген кишинин үнүн укканда түшүндү. Карлыгачты такыр көрбөгөндөй узакка карап калганына өзүнө өзү күлкүсү келе кафенин ичине кирди.
– Ачылып кеткенсиз го. Жаңы орундагы иш күн кандай башталды?-колундагы баштыктарды Карлыгачка берип жатып да көзүн андан ала алган жок.
– Жакшы,- жылмая жооп берди. Карлыгач жигиттин аны телмире тиктегенин байкаган жок. Баштыктарды таштап коюп эле кете турган Байыш эмнегедир улам бир нерсе алып эле кафеге келе берди. Ичинде түшүнүксүз сезимдер болуп жатты. Эмнеге бул кафени айланчыктап кете албай жүргөнүн өзү деле түшүнбөй жатты.
Базардын жаны болгондуктан киши көп, Карлыгач эрте бошой албасына көзү жетип жолдошуна телефон чала баштады.
– Мен жумуштан кеч чыкмай болуп калдым. Балдарды сен алып кете аласыңбы?
– Жок, мен эрте чыга албайм. Мен чыгып жеткиче кеч болот.
– Ка-ап, эмне кылсам?- деп телефонун өчүргөн Карлыгач шыкылдата басып башка бирөөнүн номерин издей баштаганда жанатан анын сүйлөшкөнүн угуп турган Байыш жанына келип калды.
– Карлыгач эже, бул жакта мен болуп турам, балдарыңызды алып келе калыңыз.
– Каякка?
– Жумушка. Жаныңызда жүрө берет да.
– Уят го. Эл келип жатса мен балдарымды алып келип алсам болмок беле?
– Эч нерсе болбойт, мен уруксат берип жатпаймбы, башкалардын эмне иши бар?
– Кандай жакшы адамсың?!- Карлыгач жигитке ыраазы боло шашкан бойдон чыгып кетти. Жакын эле жерде болгондуктан Карлыгач такси менен бат эле алып келе койду. Экөөнө телефонун берип, бир орундукка отургузуп койду. Иши кеч бүттү, такси чакырып кетейин деп жаткан Карлыгачты Байыш жеткирип коймой болду.
– Кой, такси менен эле кетебиз. Убара болосуң, биз алыс жашайбыз,- деди Карлыгач ыңгайсыздана.
– Убара болчу беле, Карлыгач эже, көтөрүп жеткирип жатсам бир жөн,- Байыш тамашалап күлүп калды. Карлыгач балдарын унаага отургузганча Байыш эшиктин алдындагы дүкөндөн балдарга шоколад көтөрүп жетип келди.
– Ии, жөн эле койбойт белең. Рахмат айткыла байкеге,- деди Карлыгач балдарына карап. Экөө бир ооздон “рахмат” деп айтышты. Байыш күзгүдөн астыртан Карлыгачты карап ал айткан дарекке айдап жөнөдү.
ххх
Марат керебетте адатынча телефон баскылап жаткан.
– Эмне кеч?-деди керебеттен козголуп. Аңгыча балдарынын бири атасын көздөй чуркап:
– Ата, карачы, байке алып берди,- колундагы шоколадды көрсөттү.
– Кимди айтып жатат?- Марат каалганын жанында турган Карлыгачка карады.
– Ой, жумуштан чыгып такси чакырып жатсам биздин кожоюн жигит балдар менен жеткирип коёюн деп...
– Энеңдурайын, ошо менен соо эмессиң! Кечээ сенин жумушуңду которсо, бүгүн үйгө жеткирип,- Марат дароо жинденип кетти.
– Кайдагыны айтпачы, ал кичинекей бала.
– Буга ушинтип койсом ишенет деп жатасыңбы?!
– Кафенин кожоюну десе килейген киши деп ойлоп жатасыңбы? Мени ошо кичинекей балага жабыштырбаганың калды эле!..- Карлыгач да кыйкырды. Экөө тең тыйылчудай эмес, урушу бир топко созулду.
ххх
Айсара жан кыйнап жумуш кылууну дээринен жактырбайт. Ал баары оңой эле бүтүп калышын каалайт. Окууга тапшырган, бирок башын оорутуп окугусу келген жок. Окуусун таштап бир моделдик агенттикке ишке кирип алган. Инстаграмда катталуучулары көбөйүп жарнама ала баштаганы ал моделдик агенттиктен дагы чыгып кеткен. Тапкан акчасы баскан-турганы, кийиминен артпайт. Батир акысы үчүн апасынан кээде акча сурап калат. Айсара кичинекей кезинде эле ата-энеси ажырашып кеткен. Кийин атасы каза болуп калды. Айсара атасын жакындан тургай, алыстан дагы көрбөй калды. Болгону бир сүрөтүн гана көргөн. Апасы көп жылдан бери Орусияда соода кылат. Айсараны эки курдай жанына алып барып көрдү, бирок кыз болгон жок. Акыркы жолу окуйм деп көшөрүп Бишкекке келип алган. Бирде таажеңеси, бирде таежесинин колунда жүрүп апасына өтө деле жакындыгы жок.
ххх
Айсара ойлору менен алпурушуп жатканда Тимур өзүнө маашыркана кеңсесинде отурган кези. Кол алдындагы балдарды күндө зекичү эле, бүгүн башкача, көңүлү жай. Түш оой бергенде айдоочусун таштап өзү кетип калды.
– Эй, шеф сени жанынан чыгарчу эмес эле го. Эмне акыркы күндөрү сага боштондук берип калган?- деди кеңседен чыгып келе жаткан киши унааны узата карап калган жигитке.
– Билбейм,- деген жигит ийинин куушуруп коюп туруп калды. Шефинин эмнеге минтип өзгөргөнүн жакшы билет бул, бирок аны айтып сөздү көбөйтүүнү каалаган жок.
Эшикти бекитип кеткен, кыздын эч жакка кетпесин билет. “Курсагы ачты го, ал үйдө да жей турган даяр эч нерсе жок” деп ойлоно Тимур Айсарага тамак-аш алды. Ал буга чейин минтип эч кимге кам көрүү тууралуу ойлончу эмес. Тамактарды унаанын орунтугуна коюп жатып Айсаранын жымыңдаган көздөрүн эстеп өзүнчө кубанып алды. Ага тезирээк жетип ошол көздөрдү көрүүгө шашты. Көп узабай Тимур үйүнө жетип келди. Алып келгендерин столдун үстүнө коё салып, уктоочу бөлмөгө баш бакты, кыз жок. Телефон чалды, анысы да столдун үстүндө калыптыр. Кайсалактап кызды таппай калды...
(Уландысы кийинки санда)