КАНТ - ТАТТУУ ӨЛТҮРГҮЧ

Таттуулар көңүлдү көтөрөт, энергия берет, дегеле жашообузду таттуу кылат. Бирок эмне үчүн врачтар, окумуштуулар кантты “ак, таттуу өлтүргүч” деп аташат? Курамында канты бар көптөгөн кондитердик азыктардын организмибиз үчүн эмне жазганы бар? Канттын пайдасы жокпу? Маалымат алуу үчүн диетолог жана нутрициолог Теңирберди кызы Жазгүлгө кайрылдык.

КАНТ – БАҢГИЗАТ КАТАРЫ САНАЛАТ

Кант – бул сахароза. Углевод болуп эсептелет, курамы сахароза жана глюкозадан турат, таттуу даамга ээ. Канттын курамында витамин, минералдык заттар жок. Башкача айтканда, кант биологиялык баалуу азык эмес.

Эмне үчүн таттууну жегибиз келе берет? Биз кантты, ошондой эле курамына кант кошулган таттуу азыкты, мисалы, шоколад, кыям, кондитердик азыктарды жеп-ичсек мээде ырахат гормону – дофамин бөлүнүп чыгат. Андай азыктарды кабыл ала берсек дофаминдин бөлүнүп чыгуусу өсөт да, организм кантка баңгизат катары көнө баштайт. Организм таттуу азыктын кезектеги порциясын талап кыла берет. Канттын 100 граммында 409 килокалорий бар. Андыктан таттууларды көп жегендер толуп баштайт. Ошол эле мезгилде организминде оорулар да жарала берет. Дофамин анын үстүнө оорутууну жана стрессти азайтат. Ошондуктан капаланганда, стресс болгондо адам таттууларга тартылат.

Азыктарды өндүрүүчүлөр таттууга организм көнүп кала тургандыгын билишет, андыктан азык-түлүктөрдүн 70-80 пайызына кант кошушат. Учурда адамдар чайга, кофеге кант кошуп ичкенден тышкары круасан, же булочка жеп, же таттуу суусундук ичишет. Баарынын курамындагы таттуулардын өлчөмүн топтосок орточо эсеп менен 1 күндө 14-18 чай кашык кумшекер же кант ичип, жеп койгон болот. 1 чай кашык кант, кумшекердин салмагы 5 грамм болот, ошондо адам 70-90 грамм кант кабыл алат. Ал эми таттууларды кабыл алуунун 1 күндүк максимум нормасы 3-18 жаштагыларга 5-10 грамм же 1-2 чай кашык, чоңдорго 25 грамм же 5 чай кашык. Ал эми 3 жашка чейинкилерге таттуу берилбеши керек.

КАНТТЫН ПАЙДАСЫ

• Кант – энергиянын булагы. Адам кубаттанып жакшы иштеп калат.

• Кант мээнин, булчуңдардын калыптагыдай иштеши үчүн керек. Кантсыз баш мээнин жана жүлүндүн кан менен жабдылышы начарлайт.

• Тамак-аштагы канттын жетишсиздиги алсыздык, баш айлануу, уйкусуроо, ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Андыктан кантты чектен ашырбай кабыл алып туруу кажет.

КАНТТЫ АШЫКЧА КОЛДОНУУДА КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ?

Кант диабети. Кантты колдонгондо кандагы глюкозанын өлчөмү кескин көтөрүлүп кетет да инсулиндин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Глюкозанын өлчөмү дамамат көтөрүлө берсе организмдеги клеткаларда инсулинди сезгичтик азаят. Таттуу жеген сайын анын аш болушу үчүн уйку бези инсулинди бөлүп чыгара берип, ага күч түшүп иштөөсү бузулат да, акырында инсулинди бөлүп чыгарбай калат. Ушинтип 2-типтеги кант диабети жаралат.

Атеросклероз, миокарддын инфаркты, инсульт. Канттын курамындагы ашыкча глюкозанын терс таасиринен кан тамырлардын капталдары сезгенип, жукарып баштайт. Сезгенген жерге кандагы холестериндер жабышат. Анын үстүнө дагы башка холестериндер жабышып отуруп, май түйдөкчөсү жаралат. Ал чоңоё берет да кан тамырда кан аздан өтүп калат. Акырында кан тамыр бүтөлөт. Жүрөк менен мээге кан барбай калат да, миокарддын инфаркты, инсульт келип чыгып, адамдын өмүрү коркунучта калат.

Тукумсуздук. Аялдардын эн безинде поликистоз (бир нече барсылдак) жаралышы мүмкүн. Мунун айынан организмдеги гормоналдык тең салмактуулук бузулуп, тукумсуздук келип чыгышы ыктымал.

Иммунитет начарлап, аутоиммундук оорулар жаралат. Иммунитет абдан начарлаганда сырттан кирген бактерия, вирустарды жок кылуучу “аскер” клеткалар организмдеги өз клеткаларды таанып ажырата албай калат да, аларды “душман” катары эсептеп, аларды өлтүрүүгө өтөт. Ушундан аутоиммундук оорулар жаралат. Мисалы, ревматоиддүү артрит, диффуздуу богок, тироидит.

Зат алмашуунун, ички органдардын иштешинин бузулушу. Глюкозанын өлчөмү көбөйгөндө глюкоза белок менен реакцияга кирип, белок кычкылданып баштайт. Кайсы органдагы белоктор көбүрөөк кычкылданса ошол органдын клеткалары бузулуп баштайт. Оорулар жаралат.

Мезгилден эрте картаюу. Теридеги коллаген белокторунун кычкылданышы картаюунун негизги фактору болуп саналат. Ошондуктан таттууну жакшы көргөндөрдө бырыш эрте түшөт.

Ичеги жана грибок оорулары. Кандын курамындагы канттын өлчөмүнүн көптүгү ичегидеги микрофлоранын тең салмагын бузуп, зыяндуу бактериялар, грибок сымалдар көбөйүп кетет. Анткени алардын тамагы сахароза болуп эсептелет. Таттууну жакшы көргөндөрдө ич катуу жана башка ичеги оорулары жаралат.

Аялдарда мындан тышкары грибок сымалдардын көбөйүп кетишинен кандидоз (молочница) оорусу жаралат.

Залалдуу ракты жаратышы ыктымал. Рак клеткалары гликолиздин эсебинен көбөйөт. Гликолиз – глюкозанын кычкылтексиз бөлүнүшү. Гликолиз калыптагыдай клеткаларга караганда рак клеткаларында 200 эсе тез жүрөт. Мунун айынан шишик бат өсөт. Изилдөөлөргө караганда, түз ичеги, эмчек, табарсык рагы жаралышы ыктымал.

Семирүү, кариес жаралат, көрүү начарлайт.

Организмде хлор тартыштыгы жаралат, магнийдин сиңиши начарлайт. Булардан тышкары E витамининин деңгээли азаят. Ушундан улам баш ооруйт, адам депрессияга бат-бат чалдыгат, эрте алжыйт.

Андыктан кантты ченеми менен колдонуу зарыл.

КАНТТЫН ОРДУН ЭМНЕ МЕНЕН АЛМАШТЫРСА БОЛОТ?

Кактар, сироптор. Канттын ордун табигый таттуу азыктар, мисалы, кургатылган өрүктүн, кара өрүктүн кагы, курма, кургатылган анжыр, мейиз менен алмаштырса болот. Кыям жасабай эле малина, карагат дегендерди кышкыга тоңдуруп алыш керек. Компотту кургатылган кактардан кайнатуу керек. Жемиштерди жесе болот. Клён сиробун клёндун атайын сортунун ширесинен алышат. Даамы карамелге окшошуп кетет. Андыктан куймак, оладьиге кошсо болот. Бирок дүкөндөрдөн табылышы кыйын. Топинамбур сиробун таттуу картошка аталган топинамбурдан алышат. Бул сиропту кант диабети менен ооругандар да колдонот.

Бирок жогоруда аталгандардын баарынын курамында фруктоза бар, андыктан калориясы да бир топ жогору. Бирок сахарозага караганда жакшы. Буларды деле чегинен тыш колдоно берсе адам семирет, кант диабети, атеросклероз, кариес, ич катуу жаралат.

Бал. Мунун курамында витаминдер менен организмге керектүү минералдар, ферменттер көп, иммунитетти да көтөрөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан