ЭРЕНДЕРДИН ЭР ТАЙМАШЫ ӨТӨТ

Жергиликтүү жаңылыктардан

Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте 23-24-июнь күндөрү панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты өткөнү турат.
Эрендердин эр таймашы белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып жатканын Кыргызстандагы Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев билдирди. Эрежесиз мушташ боюнча чемпионат Мамлекеттик цирктин аренасында өтүп, ага катышуу үчүн Орусия жана Казакстандан алы-күчү тоону томкоруп турган эр-азаматтар келишмекчи. Кыргызстандын атынан 30га чукул чоң муштумдар чыгып, өздөрүнүн ким экендиктерин эл-журтуна көргөзүшмөкчү.

“ГЕРМЕС-ПРОФИНИН” СПОРТЧУЛАРЫ ТҮРКИЯДА БЕТТЕШЕТ

Түркиянын борбору болуп саналган Анкара шаарында 11-16-июль күндөрү түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда алгачкы жолу кикбокс боюнча эл аралык чоң мелдеш өтмөкчү.
Ага 16 мамлекеттен тандалып-такшалган 80ге чукул кикбоксчу катышып, өз өлкөлөрү­нүн намысын коргоо менен мөөрөй талашышмакчы. Кыргызстандын атынан Мирбек Сүйүнбаев, Руслан Абасов, Кумар Жалиев, Ален Офойо жана Алексей Федосеев барып, атаандаштары менен айыгышкан таймаштарды өткөрүп келишмекчи. Ар бир беттешүү 2 мүнөттөн 3 раундга созулаарын баса белгилеп кетмекчибиз.

“ДОРДОЙ-ДИНАМО” КЫРГЫЗСТАНДЫН КУБОГУН АЛДЫРЫП ИЙДИ

Үч жылдан бери футбол боюнча алдына ат салдырбай келе жаткан “Дордой-Динамо” командасы утулууга дуушар болду.
Тагыраак айтканда, 19-июнь күнү Бишкекте Кыргызстандын кубогу үчүн болгон мелдеш Нарындын “Дордой-Динамосу” менен Канттын “Абдыш-Ата” клубдарынын ортосунда болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында, Канттын өкүлдөрү 3 жылдан бери чемпиондук титулдун ээлери болуп келген “Дордой-Динамону” 1:0 эсебинде жеңип чыкты.
Ошентип, “Абдыш-Ата” командасы 2007-жылдагы Кыргызстандын кубогунун ээси аталды да калды.


МАККОЛ ЭМИ ЧЕМПИОНДУК НААМ ҮЧҮН РИНГГЕ ЧЫГАТ

Өткөн аптанын жекшембисинде Түркиянын Анкара шаарында бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону Оливер Макколл менен түркиялык мушкер Самил Самдын беттешүүсү болуп өттү. Беттеш Макколдун жеңиши менен аяктады.
Чындыгында бул беттештин фаворити болуп 32 жаштагы Сам (WBC рейтингинде 2-орунда) эсептелсе да, калыстар жеңишти Макколго (WBC рейтингинде 4-орунда) ыйгарышты. 12-раунддун жыйынтыгы 115-112, жана 114-113 болуп табылып, тараза ташы америкалыкка ооду. Мындай ийгилигинин артында Макколл WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиондугуна ат салышууга укуктуу болуп калды.

ЕМЕЛЬЯНЕНКО ПУТИН МЕНЕН
ЖАНКЛОД ВАН ДАММДЫН
ЖАН ТАРТУУСУНА АРЗЫДЫ

Жакында Санкт-Петербург шаарында АКШ менен Орусиянын спортчулары арасында эрежесиз мушташ боюнча турнир өттү.
Мындагы беттешүү­лөрдүн көркүн ачкан атаандаштар болуп, супер оор салмактагы орусиялык Фёдор Емельяненко менен АКШнын өкүлү Мэт Линдлэнд эсептелди. Эрежесиз мушташ боюнча дүйнөдө №1-панкратиончу аталган Мэт мырза өз убагында Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды утуп алган экен. Анын атаандашы болгон Фёдор да самбонун мушташ түрү боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип, бир топ жылдардан бери 8 бурчтуу ринг ичинде атаандаштарын оңкосунан сайып келгендердин бири. Эң кызыгы, мушташ башталгандагы эле раундда орусиялык балбан Американын өкүлүнүн моюнун толгоп, муунтуу менен тез эле жеңишке жетишкен.
Турнирге ардактуу конок катары келишкен Орусия президенти Владимир Путин да, Голливуддун атактуу актёру Жанклод Ван Дамм да Фёдорго жан тартып тургандары белгилүү болгон.

ФУТБОЛДУН КОРОЛУ ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ
ФУТБОЛЧУСУНУН ЫСЫМЫН АТАДЫ

“Милан” командасынын чабуулчусу, Бразилиянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Кака бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн эң мыкты футболчусу болуп саналат” деген билдирүүнү дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Пеле таратты.
“Ал дүйнөнүн эң мыктысы экендигинде эч кандай шек жок. Каканын дүйнөдөгү эң мыкты ойногон футболист катары тарых барактарында калууга толук мүмкүнчүлүгү бар”,- дейт футболдун королу аталган Пеле.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдагы сезондо “Милан” командасынын жеңишке жетишүүсүнө Кака чоң салым кошкон. Мелдеш учурунда атаандаштарынын дарбазасына Кака 10 топту киргизүүгө үлгүргөнүн белгилеп кеткибиз келет.
Футбол федерациясынын эл аралык ассоциациясы болсо 2004-2005-жылы катары менен бразилиялык Роналдиньо Гаушуну дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп тапкан. Бирок, аталган ассоциация 2007-жылдагы мыкты футболчунун ысымын азырынча атай элек.

ШАРАПОВА АНГЛИЯДА ЖЕҢИШТИ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРДИ

Россиялык теннисчи Мария Шарапова Англиянын Бирмингем шаарында өткөн турнирде жеңүүчү боло албады. 17-июнда өткөн финалдык матчта атаандашы сербиялык Елена Янковичтен утулуп калды.
Мария 1-сетти 6:4 эсеби менен уткан болсо, кийин эки ирет 3:6, 5:7 эсеби менен Еленага жол бошотту. Мунун баары дамамат жааган жамгырдын айынан турнирдин расписаниеси өзгөрүп, теннисчилерге бир күндө 2 матч ойноо сунушталгандан улам болду. 6-күнү Мария 3-айлампада Тамир Пасекти утса, бир нече сааттан кийин жарым финалга чыгуу укугуна ээ болуу үчүн Елена Лиховцева менен беттешүүсүнө туура келди. Жекшембиде Мария кортко дагы 2 ирет чыкты. Жарым финалда франциялык теннисчи Марион Бартолинин үстүнөн жеңишке жетсе, кечинде финалда сербиялык Елена Янкович менен беттешти. 1-сетте Мария утушка ээ болуп, 2-сетте Елена эсепти теңөөгө жетишти. 3-чечүүчү сетте Мария оюнду сергек баштаганы менен аягында кыймылы сол­гундай түшкөн­дөй болду. Жыйынтыгы жеңилүүгө алып келди.

Даярдаган Улан Мамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан