“АРТЫҢДАН БАРСАМ БАКЧАГА...”

“Артыңдан барсам бакча,

Артылып колуң башкага...”

Бул саптар ырдалбаган отуруш, кечелер аз эле убагында. Аталышы “Акинге”, “Сүйүүнүн күчү керемет” деп эки вариантта аталып жүрөт. Бул ырды Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова, Элмирбек Иманалиев, Өмүрзак Кайыпов, Рустам Сагыналиев жана башкалар ырдашты, бирок сөздөрүндө айырмачылыктар бар. Ырдын жаралуу тарыхына, элге таралышына саресеп салып, изилдеп көрдүк.

Шахра Талипова, Кыргыз Эл артисти: “АСАНКАЛЫЙ КЕРИМБАЕВ МАГА СУНУШТАГАН”

– “Сүйүүнүн күчү керемет” ыры менен мен бир топ сынактарда жеңүүчү болдум. Муну ар ким ар кандай кылып ырдап жүрбөйбү, негизи мындай болгон, Текебай Мураталиев деген Токтогул элдик театрында иштеген таланттуу актёр, биздин кошунабыз бар эле, биз аны ата деп койчубуз. Ошол киши чыгарган бул ырды. Текебай ата аябай төрт тарабы төп келген, татынакай киши болчу. Ал жаш кезинде Суусамырга концерт койгону барганда, ошол жерден бир сулуу келинди жактырып калыптыр. Анан ага арнап ушул ырды чыгарыптыр. Негизи ал келиндин өзүнүн аты башка экен. Ушуну өзү бирөөгө айтып берип жатканын угуп калгам. Текебай ата бул ырын өзү ырдап жүрүп, көзү өтүп кетти. Шылдыракчы Кадырбек Мураталиев Текебай атанын эң кичүү баласы болот. Атанын уул-кыздарынын баары таланттуу.

Андан кийин обончу Асанкалый Керимбаев ырдап жүргөн. Ал кишинин кан басымы бир калыпта эмес болчу, кант диабети бар эле, мага “Шахра, мен жеткире албай калып жатам, кан басымым көтөрүлүп кетип жатат, мунун диапазону бийик экен, сен ырдап көрчү” деди. Ырдасам, үнүмө туура келип калды. Бирок бул ыр аялга арналып, эркек киши ырдашы керек болуп жатпайбы. Мен ошол кезде Ош облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында төрага болуп иштеп турган журналист Абды Сатаровго кайрылдым. Ал кишинин акындык дагы жагы бар. Ал Текебай атанын:

“Артыңдан барсам бакчага,

Артылып колуң башкага, эй.

Жалынып сүйлөп жатыпсың,

Жактырбай сени жатса да, ой.

Сүйүүнүн, эй, күчү керемет,

Олдо, жалынтат экен, ий, башкага”,-

деген бир куплетин алып, калган куплетин төмөнкүчө жазган:

“Ак көйнөк кийип таптаза,

Акактай жайнап кашкая, эй.

Үйрүлө түшүп жатыпсың,

Үшкүрө түртүп жатса да, ой.

Сүйүүнүн, эй, күчү керемет,

Олдо, жалынтат экен, ий, башкага.

Сезилбей дүйнө бир сага,

Сен турдуң кетпей жанымда, эй.

Саамайдан жыттап болбойсуң,

Санаалаш курбуң турса да, эй.

Сүйүүнүн, эй, күчү керемет,

Олдо, жалынтат экен, ий, башкага”.

Ошентип мен бул ырды ырдап чыгып, ыр жайылып, укмуш хит болду.

Абды Сатаров, журналист: “БАШКА КУПЛЕТТЕРИ БАР ЭКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСМИН”

– Бул ырды 95-жылы таланттуу ырчы Шахра эжекеңер “башка тексти жок” деп 4 сабын ырдап берди. Анын обону мага жакты, кыргыздын мыкты колоритин алып жүргөн обон экен, текст жазып берейин деп жаздым. Башка куплеттери бар экенин билген эмесмин. Кийин билсем, бул белгилүү Текебай Мураталиевдин ыры экен. Бул ыр Шахра Талипованын аткаруусунда элге кеңири тарады. Биз иштеп чыкканда “Сүйүүнүн күчү керемет” деп чыккан. Кийин Элмирбек Иманалиев өзүнүн түпкү текстин таап, кайрадан “Акинге” деп ырдап чыкты, ал да абдан мыкты экен.

Азамат Болгонбаев, Кыргыз Эл акыны: “ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ БУЛ ЫРДЫ ТУУГАНБАЙ АТАДАН ҮЙРӨНГӨН”

– “Акинге” ырынын автору Токтогулдун шакирти болгон, Коргоол акындар менен замандаш Текебай Мураталиев деген киши. Бул ырдын айрым куплеттерин ошол оригинал сөзүнөн алып, айрым куплеттерин жаңы жазып Асанкалый Керимбаев ырдаган. Айрым кошулган куплеттери, менин билишимче, Абды Сатаров агайдыкы болуш керек. Тууганбай Абдиев ошол Коргоол атанын жанында жүрүп, Текебай Мураталиевди да көрүп калса керек, көрбөсө дагы анын жанында жүргөн адамдардан түз үйрөнгөн. Ошол Тууганбай ата “ырдын оригиналы ушундай, Текебай Мураталиев ушинтип ырдачу эле” деп өзү аткарып калчу, мен да угуп, көрүп калдым муну. Тууганбай ата Элмирбектин жакын жүргөн, туу туткан устаты эле да, ошентип Элмир байке Тууганбай атадан үйрөнүп, ырдап, жаздырган.

Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРДЫН ЭЛГЕ ЖАЙЫЛЫШЫНДА АСАНКАЛЫЙ КЕРИМБАЕВДИН САЛЫМЫ ЧОҢ”

– Биз Элмирбек экөөбүз 1996-жылдан баштап Асанкалый Керимбаев менен чогуу гастролдорго чыгып калдык. Ырдын элге жайылышында Асанкалый Керимбаевдин салымы чоң, башында ал кишинин репертуарында болчу. Элмирбек Асан акенин ырдаганын угуп жактырып жүрчү экен, кийин Шахра эже ырдап чыкты, ошолордун таасиринен улам ырдап чыккан. Элмирбек репертуар тандоо жагынан мыкты эмес беле, көптөн бери көңүлүндө багып жүргөн үчүн ийине жеткире аткарды болуш керек. Аккордеон менен ырдалган вариантында көп куплеттери кыскарып кеткен. Элмирбек эл ичинен изилдеп, Текебай Мураталиевдин бала-чакасынан, кызы Бактыбү эжеден, Текебай Мураталиевди таанып-билгендерден сураштырып изилдеп таап, мындайча айтканда, ырды кайрадан иштеп чыккан десек да болот. Бул ырдын ага чейин элге 2-3 эле куплети тараган болсо, Элмирбек толук вариантын ырдап чыкты.

Бактыбү Медетбекова, Текебай Мураталиевдин кызы: “АТАМ ЧӨНТӨГҮНӨ БИР СУЛУУ КЫЗДЫН СҮРӨТҮН САЛЫП ЖҮРЧҮ”

– Атам Текебай Мураталиев обончу, ырчы, актёр, комузчу, өмүр бою маданият тармагында эмгектенген, Токтогул элдик театрынын таланттуу артисти эле. Ал 1921-жылы туулган. Убагында Жалал-Абад театры жаңы ачылганда Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев менен бирге чыгышкан. Атам дайым комузун кыңылдатып, дастандарды айтып, ырдап отурчу. Өзүнүн “Өзүңө”, “Туулган жер”, “Торкеним”, “Акинге” деген сыяктуу көп ырлары бар. Кийин 17 ыры радиого берилген.

“Акинге” деген ырын жаш кезинде бир кызга ашык болуп, ошого арнап жазган экен. Эсимде, атам төш чөнтөгүнө бир сулуу кыздын сүрөтүн салып жүрчү, анан мен “ата, муну эмне салып жүрөсүз? Үй-бүлөңүз бар да” десем, “кызым, сен муну эмне кыласың?” деп эле күлүп койчу. Чамасы, ошол болсо керек.

Атамдын көзү өткөндөн кийин Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова, кийин Элмирбек Иманалиев ырдап чыкты. Асанкалый Керимбаев ырдаган текст атам жазган текст эле, Шахра 4 сабын эле эстеп калып, калганын башка кишиге жаздырып ырдап чыккан. Ал эми Элмирбек Иманалиев айылга келип, атамды тааныгандардан ырдын текстин сурап, төмөнкү 2 куплетин кошкон экен:

“Кызыл ат минсем оттобойт,

Кыяга да буту токтобойт, эй

Кыргызда, ой, сулуу кыздар көп,

Бирок кылыгы сага окшобойт,

Ой, окшобойт, жок, окшобойт...

Карагер минсем оттобойт,

Капталга буту токтобойт, эй,

Калкымда, ой, сулуу кыздар көп,

Акинтай, кантейин сага, ий, окшобойт.

Калкымда, ой, сулуу кыздар көп,

Бирок кареги сага, ий, окшобойт”.

Атамдын ырын ырдап элге тараткандардын баарына ыраазычылык билдирем.

 

Текебай Мураталиевдин кызы Бактыбү Медетбекова бизге ырдап берген текст:

“Акинге”

Сөзү, обону: Текебай Мураталиевдики

Кез эле да калган таң атып,

Кезиктик да жолдо баратып, эй.

Керме каш сулуу беш көкүл,

Анда, кыялымда жарашып, эй.

Өтсө экен, аа, деймин өмүрүм,

Олдо, өзүң бир менен жанашып.

Артыңдан барсам бакчага, эй,

Артылып алып башкага, эй.

Жалынып сүйлөп жатыпсың,

Анда жактырбай сени жатса да, эй.

Сүйүүнүн, эй, күчү керемет,

Олдо, жалынтат тура, ий, башкага.

Эй, кыраңда Акин кымча бел,

Оо, кыналып толдуң, көңүлгө, эй.

Арамзанын белинде анда

Ашуулап, жайлап биздин эл, эй.

Кымбатым эй, сенден сураарым.

Олдо, кыйып бир кетпей, ий, өзүң кел.

Кымбатым ай сенден сураарым.

Олдо, кыйып бир кетпей өзүң кел.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан