Анарбек Дөөлөтбаев: «КОНВОИРДИК КЕСИПТЕ АР БИР КҮНҮҢ КОРКУНУЧ МЕНЕН КОШТОЛОТ»

Дүйнөдө түрдүү кесиптер бар. Алардын ичинде адамдын өмүрүнө күндө коркунуч келтиргени – кылмышка шектүүнү, кылмышкерди керектүү жайга алып барып, алып келип коштоп жүрүүчү конвоирдик кесип. Бишкектин Октбярь райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын коштоо тобунун улук инспектору, милициянын ага лейтенанты Анарбек Дөөлөтбаев кесиби тууралуу айтып берди.

«ИШИБИЗ ТҮНКҮ 1-2ге ЧЕЙИН СОЗУЛУШУ МҮМКҮН»

– Коштоп жүрүүчүнүн же конвоирдин милдети – убактылуу кармалуучу жайда отургандарды тергөө иштери үчүн тергөөчүгө, тергөөчү окуянын кандай болгонун жеринен аныктоодо кылмышка шектүүнү ал жакка, сотко коштоп баруу, кайтарып жүрүү, качырып жибербөө. Айыпталып, кылмышка шектелген адамдын жана сотко анын таламын талашып, колдоп келген жарандардын конвойго кол салуусуна жол бербөө жана анын алдын алуу. Соттун чечими чыккандан кийин биз кылмышкерди Бишкек шаарындагы убактылуу изоляторго коштоп барып жеткиребиз, ал жактын конвоирлер тобу №1 СИЗОго жеткиришет.

Кызматыбыз опурталдуу, оор, кетирилген ката кечирилбей турган кызмат. Кокус кымындай эле ката кетирсек, камакка алынган жаран менен ордубуз алмашып калышы мүмкүн.

Коштоп жүрүү тобунда бизде тажрыйбалуу 7 кызматкер иштейт. Негизи кызматка аскерге барып, жогорку окуу жайды бүтүп, анан 3 жыл милиция кызматында иштеп, тажрыйба топтоп калгандар алынат.

Иш эртең менен 8:30да даярдык-инструктаждан, башкача айтканда, эртең мененки тизилүүдөн башталат. Анда ар бир кызматкердин формасы, тазалыгы, кызматтык күбөлүгү, табелдик куралы текшерилет. Алар жанында болушу талап. Жетекчилик тарабынан инструктаж берилет. Анан бизге тергөө кызматкерлери тергөөгө алынып келүүчү айыптуулардын тизмеси, алар тууралуу маалымат жазылган документтерди берет. Мисалы, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайынан тергөөгө алынып келине тургандардын. Ал документ боюнча унаа менен алып келип, анан кайра жеткирип кызматыбызды аткара беребиз. Иш түнкү 1-2ге чейин созулуп, ошого чейин жүрүп калышыбыз мүмкүн, андыктан кечкисин мынчада бошойбуз деп айта албайбыз.

«КОШТОП ЖҮРҮҮЧҮ КЫРААКЫ, САК, КҮЧТҮҮ БОЛУШУ ШАРТ»

– Коштоп жүрүүчү – бою узун, физикалык жактан күчтүү, психикасы бекем, ар бир кыймылды байкап жана ага бат реакция жасай ала турган сак, кыраакы болушу керек. Биз жыл сайын 1 жолу медициналык толук текшерилүүдөн өтүп турабыз. Психологдордун тестинен да өтөбүз.

Ар бирибиз форма, колго таккан кишен, табелдик курал менен камсыз болобуз. Брондолгон жилет, автомат бизге опурталдуу абал түзүлгөндө берилет. Бир жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камалган кезде жетекчилик тарабынан коштоо тобу күчтөлгөн. Тактап айтканда, кылмышка шектүүнү тергөөгө, сотко ташып келүү жана кайра жеткирүүдө бизге автоматтар, опер кызматкерлер кошулуп берилип, МАИ кызматкерлери коштоп жүргөн.

Ар дайым физикалык формада болушубуз үчүн биздеги тренажёрдук залга бош убакта барып машыгабыз. Аптасына 2 жолу дене тарбия сабагы 2 сааттан өтүлөт, ага милдеттүү түрдө катышабыз.

Ок атууга, куралга байланыштуу инструктаж күндө айтылат. Андан тышкары ушул жаатта апта сайын 2 жолу атайын сабак өтүлөт. Куралды эртең менен ишке келгенде алып, кечинде жумуш бүткөндө тапшырабыз. Жумасына 1-2 жолу тазалашат, оң экендигин текшерип турушат.

1 жылда 1 ай эмгек өргүү берилет.

Иштин оор, кыйын экенин билип эле ишке киргенбиз. Ишибиздин ысык-суугуна күйүп иштеп келе жатабыз.

«АТАСЫН ӨЛТҮРҮП, ТАМ ИЧИНЕ КӨМҮП...»

– Биздин ар бир күн коркунуч менен коштолот. Кылмышка шектүүнү ташып, коштоп жүргөндо анын оюнда эмне бар экенин биле албайсың да. Бүт баарына даяр болуп, шырт эткенди байкап сак турабыз. Мисалы, уюшкан кылмыштуу топтун кылмышка шектелип кармалган мүчөсүн сотко алып келгенде ага колдоо көрсөтүп келген элдин арасында мурун ошол кылмыштуу топко аралашкан адам болушу жана ал сот алдында баш аламандык уюштурууну, бизге кол салууну пландашы да мүмкүн.

Мен иштеген кезден бери коштоп жүрүүчүлөргө кол салуу, же кылмышка шектүүнүн, соттолгон жарандын качып кетүүсү каттала элек. Бирок жакын арада Чүй облусунда болуп өткөн окуяга кайрылсам, кылмышка шектүүнү коштоо тобу №1 СИЗОго коштоп баратканда алар бир нерсеге алаксып калганда шектүү качып кетти. 2-3 күндөн кийин аны опер кызматкерлери кармады. Качырып ийген коштоп жүрүүчүлөр өз жазаларын алышты.

Кылмышка шектүүнү кылмыш болгон жерди аныктатуу, кылмыш кантип жасалганы, сөөктүн кайда катылганы жана башкаларын аныктатуу үчүн тергөөчүлөр менен кошо коштоп барганда анын адам өлтүргөнү, же каракчылык кылганы, же башка факты бизге да маалым болот.

Бир ирет Бишкекте жашаган 22-23 жаштардагы кылмышка шектүүнү коштоп барсак, ал атасын өлтүрүүгө шектелип камакка алынган экен. Бирок өлтүргөн соң апасы менен Казакстанга качып кетип, ошол жактан кармалып Бишкекке алынып келиниптир. Ал “атамды мен өлтүрдүм” деп моюнуна алганы менен, атасынын сөөгүн кайда таштаганы боюнча ар түрдүү көрсөтмөлөрдү айта берди. Аны биз улам ал айткан жакка коштоп барып жаттык. Бир күнү “Чоң Чүй каналына ыргыткам” дейт, бир күнү “каналдын астына таштагам” дейт, бир күнү “тоого алып барып көмгөм” дейт. Ал айтылган жерлер бүт изделип, бирок сөөк табылбай жатты. Акырында “өзүбүздүн үйдүн ичине көмгөм” деди. Үйүнө барганда карындаштары бар экен. Үйдүн ичи бүт каздырылган, күн суук болчу. Бирок сөөк ошо менен табылган жок. Окуяга келсек, атасы деле ошого жеткирген экен, ичип алып дайыма аялын, балдарын урчу экен. Апасын уруп жатканда апасына болушуп, атасын өлтүрүп алган.

«АПАСЫН САБАП, КАНСЫРАТЫП ТАШТАП КЕТКЕН»

– Дагы бир кылмышка шектүүнү коштоп жүргөндө ал апасын өлтүрүп койгонун билдик. Ата-энеси ажырашып кетиптир. Бала достору менен башка жакта жашап жүрүптүр. Апасы дайыма иччү экен. Бир күнү баласы экөөнүн ортосунда катуу чыр чыгат. Баласы апасын катуу сабап, канжалатып, кансыраткан боюнча таштап кетип калат. 2-3 күн келбейт. Апасы көп кабаттуу үйдө жашагандыктан жагымсыз жыт жыттанып баштап, кошуналары милицияны чакырышат. Бала кармалып, апасын өлтүргөнүн моюнуна алат. Кылмыш болгон жерге тергөөчү менен барганда өз баласы өз апасын өлтүрүп койгонун угуп, зээним аябай кейиген.

Жаш балдар арасында кылмыш экенин билбей тоноо, каракчылыкка баргандар болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан