ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-марттан 3-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада жылдыздар сизге жашоонун бардык тармагында ийгиликтерди, эсте калчу окуяларды убадалашат. Достордун материалдык жана моралдык колдоосуна ээ болосуз. Көптөн бери көрүшө элек тууганыңыздыкына конокко барсаңыз болот. Бойдоктор той, кече, иш-чара, айтор, эл көп чогулган жерге барганы жакшы, анткени жаңы таанышуулар күтүлөт. Болочоктогу түгөйүңүздү дал ошол жолугушууда кезиктирип калышыңыз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кесиптик ишмердүүлүгүңүздө кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Балким, кайсы бир нерсеге болгон көз карашыңызды кайра карап чыгышыңыз мүмкүн. Мисалы, жумушуңузду тезирээк бүтүрүп, башка нерсеге өтүүгө аракет кылыңыз. Жакындарыңыз үчүн белекке акча коротпоңуз, аларга алган белегиңиз жакпай калуусу мүмкүн. Бойдоктор мурда интернет аркылуу гана сүйлөшкөн адам менен жолугууну пландаштырышса болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Энергияңызды топтоп, эс албай иштөөгө ыңгайлуу мезгил. Жумушуңузда ийгиликке жана мактоолорго шыктанып жатып кесиптик милдеттериңизден аша чаап кетүүңүз мүмкүн. Бирөө таарынтса өч алууга шашылбаңыз, өзүңүзгө зыянын тийгизип аласыз. Аптада баарлашууга, пикирлеш адамдардын курчоосунда болууга аракет кылыңыз. Эс алуу күндөрү балдарыңыз менен оюн-зоок жайларына барып эс алсаңыз болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумушуңузда кызматтан жогорулашыңыз мүмкүн, бирок бул ийгилигиңизге кубангандар аз болот. Күтүлбөгөн жерден киреше булагын таап, жеке бизнесиңизди ачууга шыктанасыз. Жумуш издеп жүргөндөр ушул аптада жакшы маяналуу иш табышат. Насыя алуу сыяктуу каржылык тобокелчиликке барбай турганыңыз оң. Коомдук жайларда капчыгыңызга сак болуңуз, каракчылардын торуна түшүп калышыңыз ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандарды жаздын келиши өзгөчө эмоцияларга бөлөп, аларды позитивдүү окуялар күтөт. Кандай жагдай болбосун бардык маселеңизди оптимисттик маанайда чечиңиз. Ишке ашпай жүргөн долбоорлоруңуз, пландарыңыз ишке ашып сүйүнөсүз. Карызга акча бербеңиз, юридикалык, өнөктөштүк келишимдерди түзбөй туруңуз, анткени айрымдар сизди өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши мүмкүн. Аптанын аягында жылдыздар сизге жагымдуу сюрприз убада кылышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Айрымдар тийгизген терс таасирлерден арылууга убакыт келди, анализдеп көрүп ким жашооңузга чын эле керек, кимдин кереги жоктугу тууралуу чечим чыгарасыз. Жеке жашоодо жана жумушта олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Бизнес баштоого ийгиликтүү апта, баарын аз-аздан баштаңыз. Үйүңүзгө эмерек же тиричилик буюмдарын сатып алууну максат кылып жүрсөңүз ушул жума сатып алыңыз. Жалгыз бой бийкечтер кечки көйнөгүн камдап турганы оң, романтикалык кечеге чакырышат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Көптөн бери көз салып жүргөн адам сезимдерин билдирет. Күмөн саноо сыяктуу сезимдерди четке жылдырып, ошол учурдан ырахат алып жашаңыз. Ишкерлер, соодагерлер бир ишке чоң өлчөмдөгү каражат жумшап, жыйынтыгы ойдогудай болбой калышы мүмкүн. Ичиңиздеги өзүнө ишенүү, максатка умтулуу режимдерин күйгүзүп позитивдүү маанайда болсоңуз ишиңиз алга жылат. Ден соолугуңузда көйгөйлөр болбошу үчүн убагы менен дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кыраакы чаяндарды жакшы күндөр күтүп турат. Эң башкысы алтынчы туюмуңузду угуп, чыр-чатактарга аралашпоого аракет кылыңыз. Олуттуу сатып алууларга акча коротпоңуз, алар капчыгыңызды гана жукартпаса, башка ырахат алып келбейт. Аптада туугандарыңыз менен мамилеңиз жакшырып, алар менен байланыш, катышуу мамилеси кеңейет. Алыска сапарга чыгууну пландап жүргөндөр сапарын кийинки жумага жылдырганы туура.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада көп иш бүтүрөсүзбү, азбы, анын баары сиздин маанайыңыздан көз каранды болот. Андыктан кандай учур болбосун күлүп жеңүүгө аракет кылыңыз. Жакшы маанай жаңы иштерди баштоого, каржы тармагында ийгилик жаратууга жардам берет. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз салкындап калганын байкасаңыз себебин сураңыз, сыр чечишип баарлашыңыз. Апта аягында келечектеги пландарыңызга байланыштуу жагымдуу кабар угуп сүйүнөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Укмуштуудай жигердүү болуп, профессионалдык чөйрөдө көп нерсеге шыктанып, ийгиликке жетесиз. Жаңы бизнес баштоого, азыркыдан жогорку маяналуу жумуш издөөгө же кошумча киреше булактарын табууга мүмкүнчүлүк болот. Жылдыздар корпоративдик кечелерден калбоону сунушташат, анткени ал жактан келечекке керектүү адамдарды жолуктура аласыз. Студенттер чет өлкөдөн билимин улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Дарегиңизге айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алганыңыз оң. Аптада демилгелериңиз жана чыгармачылык эргүүңүз жашоодо жаңы кызыгууну сезүүгө мүмкүндүк берет. Пландалбаган иштерди жасоого аракет кылбаңыз, сиз каалагандай жыйынтык бербейт. Каржы маселесинде үнөмдүү болбосоңуз чыгашаңыз кирешеден көп болуп, каржы кри зисине кептелишиңиз мүмкүн. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз менен жайчылыкта өткөрүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Өзүңүзгө болгон ишенимди бекемдеп, энергияңызды толуктооңуз зарыл. Апта ортосунда өзүңүздүн эмес, башка бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп алардын ыраазычылыгын угасыз. Мындай эрдигиңиз өнөктөштөрдүн көз жаздымында калбайт, мамилелер мурункудан жакшырат. Эмоцияга алдырып жакындарыңызды таарынтып алгандан оолак болуңуз. Суук тийип калуудан абайлаңыз, ооруңуз күчөп өнөкөткө айланып кетиши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан