БИР БҮРКҮМ. ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТ...

  • Социалдык фонд: 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны дагы 1800 сомго көбөйтүү пландалууда.
  • Суу ташкынынан улам Сузакта Кара-Дарыянын жээгиндеги 200 үйгө коркунуч жаралганы айтылды.
  • Нурлан Шакиев парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп шайланды.
  • Ош шаарында 1-апрелден тарта, Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат.
  • 25-мартка карата өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору алкагында 2707 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди деп жарыяланды.
  • Таласта фермерлер сүттүн баасын жогорулатууну талап кылышууда.
  • Азиз Аалиев Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.
  • Ташкентте Кыргыздын жана Өзбекстандын акыйкатчылары жолугушуп, кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды.
  • Акылбек Жапаров 1 айдын ичинде өлкөдөгү бардык мал базарларга асфальт төшөө тапшырмасын берди.
  • Башкы прокуратура: Мамлекеттик казынага 39 миллион сомдук зыян келтирген деп “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери кармалышты.
  • Быйыл Орозо айы 2-апрелде башталары белгилүү болду.
  • Улукбек Кармышаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору болуп дайындалды.
  • Жалал-Абадда жарандын уюлдук телефонун алдап алып кетүүгө шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
  • Шакир Маматов Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.
  • 31-марттан 2-апрелге чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус менен 150 адам ооруп жатат, анын 37синин абалы оор.
  • "Манас" аэропортунан эжесинин паспорту менен Түркияга учууга аракет кылган кыз кармалганы айтылды.
  • Даурбек Сакыев ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы болуп дайындалды.
  • ЖАМК: Алмазбек Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан кескин баш тартты.
  • Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда туруктуу аба каттамын ачуу пландалып жатканы айтылды.
  • 31-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 846 миллион метр куб суу бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан