КЫРГЫЗСТАНДА КАЗИНОЛОРДУ АЧУУГА УРУКСАТ БЕРИЛГЕНИ ЖАТАТ

Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн казинолордун, оюн автоматтарынын жана лотереялардын ишине уруксат берүү сунушталды. Министрлер кабинети тийиштүү мыйзам долбоорун 28-мартта коомдук талкууга чыгарды.

"Бул мыйзам долбоору Кыргыз өлкөсүнө инвестиция тартууну, бюджетке киреше түшүрүүнү көздөйт" дейт министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештен долбоорду тез арада жана кезексиз карап берүүнү өтүндү. Мыйзам долбоорунда "оюн-зоок жайларына Кыргыз жарандары, 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандар жана аракетке жөндөмсүз чет элдик жарандар киргизилбейт" деп белгиленүүдө. Ал эми оюн-зоок жайларына 21 жаштан жогорку курактагы жарандар жумушка алынат.

2021-жылы 6-чакырылыштын айрым депутаттары Ысык-Көл аймагында чет элдик жарандар үчүн казинолорду ачууну сунуштап чыгышканы белгилүү. Президент Садыр Жапаров бул идеяны колдой турганын, казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу керектигин билдирген.

– Кыргыз жарандары киргизилбейт, туристтердин акчасын алып калсак жаманбы?- деген президент.

Өлкөдө казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Кумар оюндарына тыюу салуудан Кыргыз казынасы 1 миллиард сом жоготкону расмий маалымдалган. 2013-жылы казинолорду кайра ачуу демилгеси көтөрүлүп, сунушталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы четке каккан. Айрым депутаттар “эгер адеп-ахлактан акча жогору турса, анда сойкулукка, курал-жарак, баңгизат сатууга деле уруксат берели” деп каршы чыгышкан. Тотализатор жана букмекер кеңселеринин ишине 2015-жылы тыюу салынган. Расмий маалыматка таянсак, бул тармактан казынага жылына 15 миллион сомдун тегерегинде салык түшүп турган.

Казинолор учурда жашыруун түрдө иштеп жатышат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан