ХИРОМАНТИЯ ТАГДЫРЫҢЫЗ ӨЗ КОЛУҢУЗДА

Хиромантияда алакандагы сызыктар адамдын келечегин, мүнөзүн, басып өткөн жолун, алдыда күтүлчү окуяларды баяндап турат делинет. Ошол жоромолдордун бирин баяндоо менен, белгилүүлөрдүн алаканына көз салалы.

ХИРОМАНТИЯ
“Хиромантия” сөзүн грек тилинен которгондо “кол аркылуу адамдын тагдырын айтуу” дегенди билдирет.
Хиромантия – өзүнчө искусство. Анда адамдын оң алаканынан учурдагы жана келечектеги тагдырын, ал эми сол алаканынан тукумдан берилген өзгөчөлүктөрдү, атадан балага калган маалыматтарды билсе болот.
Хиромантияда колдогу 5 манжанын жайгашуусу 5 планетанын таасиринен көз каранды деп түшүндүрүлөт.

АЛАКАНДЫН ФОРМАСЫ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
Эгер алакандын сөөктөрү чоң болсо, ал адам чечкинсиз, коркок. Мындай алакандын ээси күрөш үчүн жаралган эмес.
Узун жана жоон болсо, анда ал адамда куулук күчтүү.
Кыска сөөктүү алакандардын ээлери – оор мүнөздүү адамдар.
Эгер манжалар узун жана ичке болсо, бул жагымсыз белги болуп саналат. Мындай манжалуулар майдачыл келишет. Ал эми айымдар төрөттөн кыйналышы мүмкүн.

ОҢ ЖАНА СОЛ АЛАКАН
“Талант, оору, ишке жөндөмдүүлүк тукум кууйт” деген кеп бар эмеспи. Сол алакандан “тукумунда кандай оорулар бар, ата-теги эмнеге жөндөмдүү?” деген суроолорго жооп алса болот.
Ал эми оң алакандагы сызыктар тукумунан берилген жөндөм­дүүлүктү кандай деңгээлде өнүк­түрүп кете ала тургандыгын, учурдагы каалоосун, ден соолугунун жакшырышын же начарлашын, келечегин айтып турат.

ДӨҢЧӨЛӨР
Хиромантияда алакандагы дөңчөлөр планеталардын аттары менен белгиленет. Эгер дөңчө алаканда даана, так көрүнүп, башка дөңчөлөрдөн айырмаланып турса, анда ал планетанын адамга тийгизген таасири чоң.
Венера өзгөчө чоң болсо, ал адам сүйүүдө активдүү жана өтө сезимтал.
Юпитер – өтө темпераменттүү, кыялкеч.
Сатурн – өзүнө катуу ишенген, эрки менен башка бирөөнү баш ийдире алган адам.
Аполлон – энергиясы ашып-ташкан, байлыкты сүйгөн, ач көз адам.
Меркурий – чыгармачылыкка жакын келишет.
Марс – логикалык ойлонуусу күчтүү, чыдамкай.
Ай – жан дүйнөсү тынч албаган, кыялкеч, фантазиясы күчтүү.

СЫЗЫКТАР
Алакандагы эң башкы үч сызык – адамдын турмушу, акылы, жүрөгү боюнча белгилер.
Үч сызыктан сырткары тагдыр, ийгилик, ден соолук, өмүрлүк жар, Венеранын шакекчеси, алдын ала туюу, көңүл ачууну туюндурган сызыктар бар.
Эгер оң алакан менен сол алакандагы сызыктар бири-биринен өтө айырмаланып турса, анда ал адам бир калыпка түшпөгөн жашоого, укмуштуу окуялардын күбөсү болууга кызыккан, көңүл ачууга жакын адам.
Кайсы бир сызыкка параллель дагы бирөө болсо, планеталар жаман таасир бериши ыктымал.
Эгер сызыктар жакшы билинбесе, ден соолуктун начарлашынын, кызыл өңдө болсо, ашып-ташкан энергиянын, активдүү жашоонун жышааны.
Эгер алакандагы башкы үч сызык "М" тамгасына окшоп турса, ал адам үчүн карьерага караганда сүйүү, үй-бүлө маанилүү.

ӨМҮР СЫЗЫГЫ
Кээ бирөөлөрдө Жүрөк, Акыл сызыктары айрым учурда жок болушу мүмкүн. Ал эми Өмүр сызыгы ар бир адамдын алаканында болот.
Эгер Өмүр сызыгы узун болуп, даана, так көрүнүп турса, физикалык, психикалык жактан күчтүүлүктүн белгиси.
Кыска сызыктууларга хироманттар “ден соолугуңарды карагыла, өзүңөрдү аягыла” деп эскертишет.
Эгер ортодон үзүлүп кетсе, анда кооптуу. Катуу оорунун же киши колдуу болуп көз жумуунун белгиси.
Өмүр сызыгынан Ай дөңчөсүн карай кеткен бутакча болсо, ал адамга мекенинен топурак буюрган эмес.
Сызыктын ар кай жеринен өйдө кеткен бутакчалар болсо, анда жашоо – “малина”. Баары жакшы жакка бурулат.
Эгер ылдый кетсе, кыйынчылык баштан көп өтөт. Кедейчилик, ойлогон ойдун ишке ашпашы жанга батат.
Өмүр сызыгына катарлаш сызык кетсе, байлыктын, бакыттын белгиси.

АКЫЛ СЫЗЫГЫ
Акыл сызыгы бармак менен сөөмөйдүн ортосунан башталат.
Бул сызыктан адамдын акылын, нерв системасын, ойлонуусун билүүгө болот.
Акыл сызыгы Өмүр сызыгынан алыс, жүрөккө жакыныраак жайгашса, анда ал адам акылын эмес, жүрөгүн тыңдап иш кылат.
Эгер кыска болсо, акылы аз, жеңил ойлуу дегенди билдирет.
Узун болсо, абдан акылдуу, бирок бир аз өзүмчүл дегендик.
Түз эмес, ийри-буйру кетсе, мүнөзү оор, ачуулуу, колу туткак дегенден кабар берет.
Эгер Ай дөңчөсүнө ийилип кетсе, жалгыз жашоону жактырган, кыйынчылыкка чыдабай өзүн-өзү өлтүргөнгө даяр деген белги.
Акыл сызыгы Өмүр сызыгынан өйдөдөн башталса, ал адам таланттуу, аракетчил.
Акыл сызыгына катарлаш сызыктар чанда гана кезигет. Анда ал абдан акылдуу, көп тил билүүгө жөндөмдүү, эл башкара алган, бай адам. Бирок интригага да жакын.
Эгер чыпалак жакка ооп кетсе, сокур болуп калышы ыктымал деген белги.
Акыл сызыгы ортодон үзүлүп, Сатурн дөңчөсү жакта жылдызча болсо, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

ЖҮРӨК СЫЗЫГЫ
Эгер Жүрөк сызыгы сөөмөй менен ортондун ортосунан башталса, бир калыпта, тынч жүргөн адам дегенди түшүндүрөт.
Узун болсо, кызганчаактыктын белгиси.
Сызык эптеп эле көрүнсө, анда сүйүү эмне экенин жакшы түшүнбөйт дегенден кабар берет. Мындай белгиси бар айымдар төрөбөй дагы калышы мүмкүн.
Көп үзүлсө, көзгө чөп салганга даяр.
Сызык аягында бутактанып кетсе же ийилсе, үй-бүлө очогу бузулушу мүмкүн.
Катарлаш сызык кетсе, жашоо-турмуш ийгилик менен коштолот.

КАЛГАН СЫЗЫКТАР ЭМНЕНИ АЙТЫШАТ?
Тагдыр сызыгы
Тагдыр сызыгынан жашоо-турмушу кандай окуялар менен коштолорун, өткөндү да, келечекти да билсе болот.
Эгер Тагдыр сызыгы Өмүр сызыгы менен бир чекиттен башталса, ийгиликтин баары адамдын эмгектенүүсүнөн көз каранды.
Тагдыр сызыгы Акыл сызыгынан башталса, анда жакшы жашоо кеч келет, буга акылы түрткү болору анык.
Эгер Марс дөңчөсүнөн башталса, анда турмушта катуу күрөш жүрөт.
Эгер сызыктын башталышында Ай дөңчөсүнө карай бутакча кетсе, анда ал адам жеке турмушунда бактылуу болот. Бул айрыкча айымдарга тиешелүү.
Тагдыр сызыгындагы бутакча Аполлон дөңчөсүнө кетсе, жакшы жашоо ата-энесинин байлыгынан көз каранды.
Абдан көп үзүлүү – чечкинсиздиктин, оорунун белгиси.
Эгер сызык крест менен бүтсө, кырсыктан улам каза болот дегендик.

Ийгилик сызыгы
Ийгилик сызыгы Өмүр сызыгынан башталса, анда ал адам төрөлгөндө эле чыгармачылыкка жакын, келечекте искусство тармагында ийгилик күтөт.
Эгер сызык даана билинсе, карьерасы ийгиликтүү болот.

Ден соолук сызыгы
Түз, үзүлбөгөн сызык – эң жакшы белги. Ал эң күчтүү организмден кабар берет.
Меркурий дөңчөсүнөн башталып, Өмүр сызыгы менен кесилишсе, анда ичер суунун аздыгы.
Эгер Жүрөк сызыгынан башталып, Өмүр сызыгын кесип өтсө, жүрөк начар иштейт.

Өмүрлүк жар сызыгы
Эгер Өмүрлүк жар сызыгы Жүрөк сызыгына жакындаса, анда эрте үй-бүлө күтөт. Сызыкта өйдө кайрылган белги болсо, жашоодо үй-бүлө курбай өтүшү мүмкүн.

Алдын ала туюу сызыгы
Туюу сызыгы чиеленишкен маселелерди чечүүгө жардам берет. Бул сызык көбүнчө айымдарда жана философтордо, чыгармачыл чөйрөгө жакын адамдарда кезигет.

Көңүл ачуу сызыгы
Көңүл ачуу сызыгы өзгөчө жана коркунучтуу белги болуп саналат. Көңүл ачуу сызыгы адамдын сезимталдыгы жөнүндө айтып берет. Өмүр сызыгы менен кесилишсе, ден соолугу начарлайт же жаман жол менен ырахат алып жүргөнүнүн аягы өлүм менен аяктайт.

Венеранын шакекчеси
Венеранын шакекчеси алакандарда абдан сейрек кездешет.
Сызык сөөмөй менен ортондун ортосунан башталып, шакекчедей ийилген боюнча аты жок менен чыпалактын ортосунан бүтөт.
Байыркылар Венеранын сызыгы барларды ээн баш мүнөздүү дешкен. Бирок айрымдар бул күчтүү энергиянын, мыкты ден соолуктун белгиси дегенди түшүндүрөт деп айтышат.

Берадор мырза кырктын кырынан ашса да, аны сүйүп, ал гана эмес, ырчы үчүн акылга сыйбас жоруктарды жасаган селкилер көп. Алардын жүрөгүн оорутуп, ырчы улам бир кызга арналган ыр чыгарат. Ошондон улам Бек мырзанын алаканындагы Жүрөк сызыгын кароону туура таптык. Байкасаңыз, ырчынын алаканындагы Жүрөк сызыгы абдан эле узун. Мындан улам кызганчаак экенин билдик. Балдарын тарбиялап, ырчыга тамак-ашын белендеп, кийимин үтүктөп үйдө отурган Фарида эже кызганууга негиз деле бербесе керек. Анда ырчы кимди кызганат, ыя? Хиромантияда Жүрөк сызыгы араң эле көрүнсө, сүйүүнү баалабаган муздак адам деп эсептелинет. Ал эми биздин каармандыкы ачык, даана, бажырайып турат. Демек, сүйүүнү баалаган адам. Сызык сөөмөй менен ортондун ортосунан башталыптыр, демек, жашоосу тынч, бир калыпта.

Учурда "Сезим" эстрада тобун жетектеп келе жаткан ырчы Эмил Балтагуловдун алаканына көз салып, Өмүр сызыгын байкап көрөлү. Алаканындагы Өмүр сызыгы өтө эле узун экен. Андыктан ырчы токсондон томолонуп өтүп, жүзгө чыгат окшойт, буюрса. Үзүлбөй бир калыпта кеткендиктен, анын өмүрүндө кооптонуу же кол салуу болбойт деп билдик. Сызыкта өйдө да, ылдый да кеткен бутакчалар бар. Бул ырчынын турмушу ийгилик жана башты жерге салган күндөр менен коштолорунан кабар берет. Ошондон улам "бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" деген макал эске келди.

Мүнөзү ачык-айрым, куудул айым Назира Жетигенованын алаканындагы Жүрөк сызыгын карап көрөлү. Өзүңүз билгендей, бул айымдын жүрөгү бош эмеспи. Алаканында Жүрөк сызыгынын аягы ачакей болуп кеткени никесинен жолу болбой калганын айтып турат.
Качан турмушка чыгарын сураганыбызда, "мен эле ала качып албасам, мени эч ким албай калды го..." деп тамашалайт. Бирок "көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, дайыма күлүп жүргөн, тегерегин кошо күлдүргөн айым эртең эле талашка түшүп каларынан шек жок.

Добрдун Акыл сызыгын карап көрөлү. Рэпердин Акыл сызыгы Өмүр сызыгына жабыша чийилгендиктен, жүрөгү менен эмес, акыл калчап иш кыларын айтып турат. Идеалда Акыл сызыгы Өмүр сызыгы менен бир чекиттен башталып, алаканды аралай келип, аягы бир аз ийилип кетет. Бул адамдын сезимтал экенине карабай, өзүн акылы менен көзөмөлдөй аларынан кабар берет. Акыл сызыгы түз келе жатып Ай дөңчөсүн көздөй ийилип кетсе, бул адам абдан темпераменттүү келет. Добрдун алаканында бул белги даана байкалып турат.

Кептин аягында айта кетчү нерсе, бактылуу болуу өзүңүздүн гана колуңузда. Арканды узунунан таштап, акыл калчап иш кылсаңыз эле бакыт кушу сизге учуп, ийгилик жылмаярын унутпаңыз.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
pyeon hwa
2010-12-10 22:41:31
ishenbeim. Allahga gana ishenem.
+1
honey
2010-12-11 16:30:13
Мен деле ишенбейм. Мандайга жазганды коробуз да.
0
Prokuror
2010-12-11 21:08:28
adamdardin bashin aylanta berishet
0
Prokuror
2010-12-11 21:18:23
Aykokul ishenip alip bashin karmap oturat
0
Tokmok
2010-12-12 19:59:23
Mendele ishengim kelbeit,birok balkim bizdin tagdyrybysdy Allah alakanybysga (mandaiga jazgan)degendei, jazyp koigon dep oiloi berem. Kim bilsin....... negizile jashoobus kyzyk,tabyshmaktuu...........
0
Issak
2010-12-13 08:44:38
ишенбейм дегендер бул хроналогияны окууп салыштырдынар алаканынарды?
0
SubAz
2010-12-14 21:23:19
салыштырыш не обязательно. адамдын интеллектик денгээлинен жана ишениминен. адам канчалык маныроо болгон сайын ушундай болбогон нерселерге ишенип басып журо берет. а эмне болоор, эмне болбосун бир Кудай билет. так что, !!!
0
bekjangold
2010-12-17 11:08:57
Мунун баары "ширк"! Ишенбегиле!
0
freeman
2011-03-18 07:17:44
jash balany aldap konulun buruu u4un koldonso bolot, birok owol da zyianyn beriwi mumkun...
0
Abdurahman
2011-06-04 15:03:07
Allah bizge kabar bergen: "Maga sherik koshkondordu ech kachan kechirbeim, sherikten bashka kunoo kylgandardy kaalasam kechirem kaalasam azaptaim" degen oshondyktan dostor bardyk jakshylyk bir gana Allahtan dep bileli, misaly elestetkile omyryn kyska bolot dep koiso ozyndon ozyn chynchyp kachan olom dep oilonosyng, oshondyktan myndai nersekerge ishenboogo chakyram tyyygandar!!!
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан