2 ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ: СОТТОЛУУЧУ МУНАПЫСКА ИЛИНДИ

Жалал-Абадда 2 жарым жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган өгөй атанын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу 29-мартта "Адилет" укук коргоо уюму айтып чыкты.

Уюмдун маалыматына таянсак, Сузак районунун 36 жаштагы тургуну "этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал катаал режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөсүн деген өкүм чыккан. Бирок мунапысты колдонуу менен (2020-жылдын 8-майындагы №53 "Мунапыс жөнүндө" мыйзам) соттолуучунун мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылды.

2019-жылы Сузак районунда 2 жарым жашар кыз киши колдуу каза тапкан. Райондук сот бул кылмыш боюнча кыздын апасын жети жарым жылга эркинен ажыраткан. 2020-жылы аял кош бойлуулугуна байланыштуу жаңы төрөлчү баласы 14 жашка чыкканга чейин жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотулган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан