Сайкал Садыбакасова, ырчы: «АМЕРИКА, ЕВРОПАДАН ЧАКЫРУУ ТҮШТҮ, МЕН БАТКЕНДИ ТАНДАДЫМ»

– Сайкал, салам. Жаңы ырыңыз чыкканы жатыптыр, ошол ыр тууралуу айтып берсеңиз...

– Салам. Ооба, “Рамазан” аттуу ырым клиби менен чыкканы турат. Рамазан айы келип калды, жетишип калалы деп аракет кылып жатабыз. Учурда клиби даярдалып жатат. Элиме жагат деген ишеничтемин. Чын жүрөгүмдөн ырдадым бул ырды.

– Орозо кармайсызбы?

– Кармайм, буюрса. 5-6 жылдан бери кармап жүрөм. Ар жылы орозо кармап, кудайдан кечирим сурап, капа кылып алган адамдар болсо алардан кечирим сурап, тобо келтирем. Бул ай мен үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөрдүн айы.

– Жакында эле апаңызга автоунаа белек кылдыңыз...

– Ооба, канча жылдан бери апама бир чоң белек берейин деп тилек кылып жүргөм. Үй белек кылайын десем үйү бар, унаа белек кылайын десем унаасы да бар. Бирок апам Лексус 570ти көргөндө “ушул машина жагат мага” деп калчу. Аны мен эсиме түйүп калгам. Ушул күн буюруптур, өзүнө жаккан унааны белек кылып, апамды кубандырып, батасын алдым. Негизи бирөөнүн көңүлүн көтөргөн сонун сезим го, апаңдыкын көтөрүү андан да сонун экен.

– Бир ирет Инстаграмдагы тарыхчаңыздан үйгө мышык көтөрүп барганыңызда апаңыздын “ушунун ордуна мага небере алып келбейт белең” дегенин көрүп калган элем. Апаңыз сизге “турмушка чык, неберелүү болоюн” деп көп айта баштаган окшойт?

– Ооба, мүнөт сайын сурайт, “качан турмушка чыгасың?” деп. Апам эле эмес, катталуучуларым деле комментарийлерде “карьераны ойлобой, үй-бүлөлүү болууну ойлобойсуңбу, турмушка чыкпайсыңбы, балалуу болбойсуңбу” деп жаза беришет. Көпчүлүк “Сайкал үй-бүлөлүү болоюн дебейт” деп ойлошот экен. Тескерисинче, мен үчүн үй-бүлө куруу маанилүү. Карьераны эмес, үй-бүлөнү биринчи орунга коём. Турмуш куруу тууралуу көп ойлоном. “Турмушка чыксам, балалуу болсом” деп күндө Кудайдан тиленем, колумдан келишинче аракет жасап жатам. Турмушка чыксам күйөөмдүн айтканын кылып, үйдө отур десе үйдө отурам. Үй-бүлө куруп, үйдө отурганымды, тойлорго көп чыкпай, ырдаш керек болгон жерде гана ырдап коюп жүрө бергенимди элестетем. Ошентип бир жолу апама айтып койсом ал “сен эмнеге антип жатасың, сен ырдабайм деп жатасыңбы?” деп кабатыр болуп кетти. Апам “чыгармачылыгың менен үй-бүлөңдү бирдей алып кет” деп кеңешин берет.

– Ошондо болочоктогу жолдошуңуз ырдаба десе ырдабай каласызбы?

– Ооба, апам деле “болочок күйөө бала ырчылыгыңды токтот десе токтотосуң” деп айткан. Мен да ошого макулмун.

– Сиз буга чейин көп тентектик кылып, апаңыз көп урушту окшойт. Азыр ал кишинин ыраазычылыгын алганга аракет кылып жаткандайсыз...

– Ооба, эне эч качан баланы жаман болсун деп урушпайт. “Ошондо туура эле урушкан экенсиз, урушпасаңыз, азыр, балким, башкача кыз болуп чоңоймокмун” деп калам апама. Жаш кезде жаман көрүп урушуп жатат деп ойлойт экенсиң. Бирок кээде бизге керек экен. Ошол учурда жинденгениң менен, алдыдагы жолуңа пайдасын тийгизет.

– Көп жылдан бери “Кыз-Бурак” тобун жетектеп келе жатасыз. Кыйынчылыктар азыр деле барбы же жеңил болуп калдыбы?

– Ар бир иште кыйынчылыктар бар. Сырттагы адамдар ар кандай ойлоп, ар кандай комментарий жаза бериши мүмкүн, ички “ашканабызды” эч ким билбейт да. “Сайкал, ушул кызды көрө албай кетирип койдуң” деп да жазышат. Мен кыздарды кетирбейм. Жакында Азиза деген кызыбыз турмуш жолуна узады. Ал кыздын келишими бүткөн, 6 жыл биз менен иштеди. Жакшы маанайда узаттык, мамилебизди сактап калдык. Анын ордуна азыр кыз издеп жатабыз. Быйыл топ менен жакшы жыйынтык көрсөтөбүз деп бел байлап турабыз.

– Жеке чыгармачылыгыңызда кандай пландар бар? Балким, эл аралык сынактар тууралуу ойлонуп жаткандырсыз...

– Нооруз майрамына жакын Европага, Америкага чакыруулар түштү. Бирок мен Баткенди тандадым. Ошол жакта чоң иш-чара болуп, “Чек ара” деген ырымды ырдадым. Бул ырды Баткен үчүн атайын кайра жаңыртып ырдадым, мурда “Кыз-Бурак” тобу ырдаган. Ошентип Европа менен Америкадан калып калдым. Бирок өкүнбөйм. Баткен элин кубантканыма, аз да болсо дем бергениме кубандым. Буюрса, алдыда дагы көп чакыруулар бар деп ишенем.

Негизи чыгармачылыгымда 3-4 жыл тыныгуу болуп калды. Жалкоолондум, кийин башыбызга түшкөн сыноодон да 1,5-2 жылда чыктым. Ошентип карьерам аксап калды. Азыр жакшы тилек, пландар менен иштеп жатам. Назира Бактыбекова деген продюсер менен иштешип баштадым.

– Ушул убакка чейин продюсер менен иштешип көргөн жоксуз. Бирөөнүн сөзүн угуп, баш ийүү кыйын болгон жокпу?

– Иштешип баштаганыбызга 1 жумадай убакыт болду. Келишимге кол коюп жакшы эле иштешип жатабыз. Экөөбүз мурдатан курбубуз. Мурда иштешели деп ойлонуп, бирок достук мамилебиз бузулуп кетеби деп чочулап турчубуз. Назира менин чыгармачылыгымдын үстүнөн иштесе, мен “Кыз-Бурактын” чыгармачылыгынын үстүнөн иштейм.

– Кечээ эле психотерапевттин жарнамасын чыгарып, ага өзүңүз да кайрылганыңызды айттыңыз...

– Ооба, инимди жоготкондо катуу депрессияга кабылдым. Андайда адамдардын жакшы сөздөрү да жардам бербей калат экен. Апаңа да, курбуларыңа да айта албаган сөздөр бар. Ошондуктан психотерапевтке кайрылып, дартымды айтып берип, дарыларын ичип стресстен чыктым. Мурдагыдай көп ойлонбой калдым. Катуу стресске киргенде майда-чүйдөгө көңүл буруп, бирөө катуураак сүйлөп койсо деле капа болуп ыйлагың келе берет экен, өзүңдү эч кимге кереги жоктой сезет экенсиң. Бул адис мага ошол абалдан чыкканга жардам берди.

– Ушул кырдаалдарда сизди колдоп жаныңызда жүргөн бир адам болду. Өзүңүз да “той жакында” деп калдыңыз, сурабай койсом болбойт. Бул мырзанын кайсы сапатын жактырдыңыз?

– Эң башкысы ал адам мени түшүнөт. Сүйүү барбы-жокпу билбейм, ага деле көңүл бурбай калгам. Негизгиси тил табышсаң, сени түшүнүп турса, ошол маанилүү экен. Мен ошол сапаттарын баалайм. Алдыда кандай күндөр бар, аны Кудай билет. Ал адамга турмушка чыгамбы же Кудай башка адамды буюруп койгонбу, анын баары азыр чоң суроо.

– Кандай болсо да бактылуу болуңуз, чыгармачылыкта да көп ийгиликтер жаралсын!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан