ИШЕН НАЗАРОВДУН ЖУБАЙЫ НАРГИЗА САГЫНОВА: “КЫЗГАНГАНДЫ МЕН ИШЕНДЕН ҮЙРӨНДҮМ”

Бул жолку “Жан шерик” рубрикабыздын коноктору ырчы Ишен Назаров менен жубайы Наргиза Сагынова жана алардын кичинекей ырчы кызы Адеми болду. Маек жубайлардын очогунун түптөлүшү, бактылуу көз ирмемдер, кызы Адеминин таланты тууралуу болду.

– Саламатсыңарбы, Ишен, Наргиза, Адеми? Маекти бул үй-бүлөнүн түптөлүү тарыхынан баштасак...

Ишен Назаров: – Саламатсызбы? Бул жолу Наргиза айтып берсинчи.

Наргиза Сагынова: – Биз 2011-жылы май айларында таанышканбыз. Бир курсташ балам бар эле, ошол тоого чыгып келели деп эс алууга чакырып калды. Ошол жерден Ишен менен таанышып калдык. Экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда чогуу окудук. Ишен менден бир курс жогору окучу.

– Сен дагы ырдайсыңбы?

Н.: – Негизи “ырчы болом” деп тапшырган эмесмин. Университеттерге ЖРТнын талонун салып койсом өтүп кетиптирмин. Элзар Өскөнбаева айылдаш эжем болот, ошонун сунушу менен тапшырып калгам. Кесибим боюнча музыка сабагынан мугалиммин, азыр бала тарбиясы менен үйдөмүн.

– Ишен, Наргизаны биринчи көргөндөгү сезимдериң?

И.: – Биринчи жолу Наргизанын машинада отурганын көргөм.

Бул сөз болуп жаткан эс алууга башка балдар менен келген, айтып отурса тарых көп, мен дагы ал жерге башка адам үчүн баргам дегендей (күлүп). Бешенебизге жазылуу окшойт, жакшы тааныш болуп жүрүп кыз-жигит болдук. 5 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк.

– Сен жылдыз болгондон кийин үйлөндүңөрбү?

Н.: – Ишен ыр жаздырып жүрчү. Бирок эл көп тааный элек кези эле.

И.: – Аты-жыты жок эле болчу деген турасыңбы (күлүп)?

– Бири-бириңерге “ушул адам менин өмүрлүк жарым болот” деген ой качан келди?

Н.: – Башында тааныш эле болуп жүрдүк, мен аккордеон классында болчумун. Ишен болсо бул аспапты кичине кезинен эле аябай жакшы чертчү экен. Кыздар “шумдук чертет экен” деп калышчу, мен нота менен чертчү элем. Ошонусуна аябай суктанып жүрдүм, таланты менен тартып алды окшойт. “Ушу менин күйөөм болот” деген ой болгон эмес, биз үчүн убакыт чечип койду. Көнүшүп калдык, бири-бирибизди түшүнүшүп баштадык, анан үйлөнүү тууралуу ой келди.

И.: – Жаш кез да, кыздар менен кичине сүйлөшүп эле, анан алар тез эле унутулуп калышчу. Наргизага болсо көнүп кеттим, үйлөнө электе эле бир тууганымдай болуп калды, урушуп кетсек деле “каап, жамгырда калбады бекен, сабакка кантип барды экен?” деген сыяктуу камкорлуктан улам бекем байланып калдык.

– Көп урушчу белеңер?

И.: – Ооба, 5 жыл сүйлөшсөк, ар бир жылы бирден катуу урушуп кетчүбүз. Мен мурун аябай кызганчаак болчумун, бир аз башкача болуп калгандай сезилип эле урушуп кетчүбүз. Азыр бул менден ашып кетти (күлүп).

Н.: – Кызыгы, башында мен такыр кызганууну билчү эмесмин. Азыр өзүнө айтып күлүп калам, “мага кызганычты сен үйрөттүң, эми кызганган кандай экенин сез. Кандай экен?” деп күлүп калам.

– Эми Адеми менен сүйлөшөлү, ээ? Адеми, сен канчадасың?

Адеми: – Мен 5 жаштамын.

– Өзүңдү жылдыз сезип жатасыңбы? Канча ырың бар?

– Ооба, мен жылдыз элемин, төрт ырым бар болуш керек. Эсептебейм деле...

– Азамат, Тиктоктогу образдарыңды да өзүң табасыңбы?

– Өзүм көрүп отуруп эле ушуну тарталы деп апам менен атама айтам, алар тартышат. Оңой эле.

– Кийин ырчы болосуңбу?

– Ооба, ырчы болгум келет.

– Кызыңардын талантын ким биринчи байкады?

Н.: – Атасы.

И.: – Өзүмдүн кызым эле эмес, башка балдардын талантын да байкап калам. Адеминин тили сөзгө жакшы келе электе эле ырга шыктуу болчу. Алгач ырдатабыз деген ой жок болчу, эстелик болуп калсын деп эле атасы-кызы болуп ыр жаздырып койгонбуз, элге тарап кетти. Ырыбыз жагып калып сурагандар көп болду. Адеминин кичинекей күйөрмандары көп. Кызым экөөбүз дагы бир дуэт ырдаганы жатабыз. Кызымдын аткаруучулук жөндөмү аябай жакшы.

Н.: – Азыр кызыгып ырдап-бийлеп жүрөт, кийин өзү башка бир кесиптин ээси болом деши да мүмкүн. Эң негизгиси өзүнүн каалоосу, тандоосун сыйлайбыз.

– Үй-бүлөдө кээде казан-аяк кагышып кетеби?

И.: – Биз үйлөнгөнгө чейин көп урушчубуз, ээ?

Н.: – Ошондо эле планын аткарып койгон окшойбуз (күлүп). Азыр казаныбыз кагышпайт. Урушпайбыз, себеп деле жок. Таарынышып калсак кыздарыбызга алаксып, аны-муну сурап жатып кайра эле сүйлөшүп кетебиз.

– Ишен аксылык, сен нарындык экенсиң, Аксы менен Нарындын тандеми кандай болот экен?

Н.: – Жакшы эле болду, менимче. Түштүк тарап келинге катуу деген жөн эле сөз окшойт.

Келин болуп барганда апам көңүлүмдү аябай карачу. “Муну билесиңби?” деп сурап турчу, билбесем үйрөтүп койчу. Апам менен атам аябай жакшы адамдар. Катуу эмес, анын үстүнө биз үйлөнгөндөн кийин эле шаарда жашап калдык. Барганда кызматымды кылам.

– Эртең менен эрте туруп короо шыпырган жоксуңбу?

Н.: – 15 эле күн шыпырдым. Бизден кийин эле кайним үйлөнүп, шыпыргыны абысыныма өткөрүп бергем (күлүп).

– Ишен, сен кандай күйөө бала болдуң?

И.: – Күйөө баланы Нарында кой сойдуруп сынайт, самоорго от жактырып деген сөздөрдү угуп жүрчүмүн. Менде андай болгон жок. Кайын журтума биринчи жолу барганда “кана, күйөө бала койду мууздасын” деп калышты. Мен мурун эле сүйлөшүп алгам. “Мууздай бергиле, ырымын кылам” деп койдум. Кайнагаларым менен ачык эле сүйлөшөм. Той болуп калганда “ыр жагын тейлейин” деп кирип кетем, бажаларым сырт жакты тейлешет.

– Кичинекей кызыңар чоңоюп калыптыр, жаңы төрөлгөндө Адеми кызгандыбы?

Н.: – Бир аз кызганды. Бирок курсактагы кезинде эле жакшы көрүп, биздей эле күтүп жүрдү. Сиңдисинин атын да өзү койгон.

– Ишен, алгачкы жолу ата болуу сезими эсиңде калса керек?

И.: – Адемини өзүм төрөгөндөй болгом (күлүп). Наргиза бир сутка толготту, төрөтүнө катышкан жокмун, бирок ага чейин жанында болдум. Ошондо көп нерсени түшүндүм, аялдын толгоодогу бардык кыйынчылыгын көрдүм. Врачтар төрөлдү деп кызымды көтөрүп келишти. Кипкичинекей, көзү-кашы деле билинбейт, бирок мага аябай сулуу көрүндү (күлүп). Жанынан чыгып кетерим менен кайра көргүм келет десеңер. Сүрөтүн кайра-кайра карайм. Экинчисинде деле ошондой болду.

Н.: – Ишен кыздарына аябай жакын.

– Бактылуу болгула, кыздарыңар бактылуу балалыкта чоңоюшсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан