Шаирбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “МАНДАТТЫ МАГА ЭЛ БЕРГЕН, ЭЛГЕ БЕРГЕН УБАДАМДЫ АТКАРЫШЫМ КЕРЕК”

Шаирбек Ташиев – көпчүлүктүн көңүлүн бурган депутаттардын бири. Айрыкча агасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “иним депутаттык мандатын тапшырат” деген билдирүүсүнөн кийин кызыгуу күчөдү. Бүгүнкү маекте агасы менен мамилеси, мандат тапшыруу оюнан кантип кайтканы, өлкөдөгү саясий кырдаалга көз карашы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айылы

Туулган жылы – 1976-жыл, 16-сентябрь

Билими – Жогорку. 1997-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун бүтүргөн, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты, 2011-жылы Москва бажы академиясын бүтүргөн.

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы

– Саламатсызбы, Шаирбек мырза? Көпчүлүктү кызыктырып келген суроого өзүңүздөн так жооп уксак. Агаңыз Камчыбек Ташиев сизди “депутаттык мандатын тапшырат” деп, бирок сиз тапшырган жоксуз. Бул маселе эмнеден улам көтөрүлүп, эмне болуп аяктады?

– Саламатчылык. Журналисттердин мага бере турган суроолору ушул эле болуп калды өзү (күлүп). Өзүңөр билгендей, бир Ютуб каналдын журналисттери иликтөө жасап, анда “Шаирбек Ташиев 2 күндө 37 миллион сом табат” деп айтышкан. Ошол иликтөөдөн кийин Башкы прокуратура текшерүү жүргүздү. Андан кийин журналисттер Жалал-Абадга барып иликтешип, эч кандай мыйзамсыз иш табышкан жок. Менин ак экениме баары ынанды. Бул ишке кайдан-жайдан агамды да аралаштырып жиберишти. Ал эми “мандат тапшырат” деген сөз кызуу кандуулук менен, шашылыш айтылып калды чынында. Ошондо агама “мандатымды тапшырсам эле сизге асылгандар токтойбу, токтосо ташырып эле салайынчы” деген элем. Бирок, ойлонуп көрсөк, мен мандатты тапшырсам күнөөнү моюнга алгандай болуп калат экенмин. Анын үстүнө мен өз округумдан 20 миңден ашык шайлоочумдун добушу менен келдим. Мандат тапшыруу окуясы курч турганда 10 миңден ашык адам кол коюп, айрымдары Ак үйгө чейин келип “мандатыңды тапшырба, сени биз шайлаганбыз, бизге берген убадаларыңды аткар” дешти. Мандатты мага эл берген, элге берген убадамды аткарышым керек болду. Ошондон кийин агам менен кеңешип, Кудай алдында тазабыз, асылгандар асыла берсин деп депутаттык ишимди улантууну чечтим.

– Сиздин шайлоодо жеңишиңизге Ташиев деген фамилиянын жардамы тийдиби?

– Албетте. Мен Камчыбек агам менен сыймыктанам. Ата-энемдин көзү өтүп кеткендиктен менин атам да, апам да Камчыбек агам болуп калды. Жалал-Абад облусунда агам көп иш жасады, эмгеги сиңди, эл арасында кадыр-баркка ээ болуп калган экен, шайлоодо албетте, Ташиев деген фамилиянын жардамы тийди. Агам патриот, эли-журтуна кымындай зыяны тийбеген атуул. Мен агамдын жолун улайын деп дал ушул округдан талапкерлигимди койдум. Эч ким каршы болгон жок. Буга чейин шаардык кеңеште эки жолу депутат болуп, бир топ иштерди жасадым. Жол, көпүрө, бала бакча, мектеп курууда активдүү иштедим. Ушул себептүү да шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болдум деп ойлойм.

– Камчыбек агаңыздан бала кезде таяк жегенсизби, азыр да кеп-кеңешин айтып турабы?

– Камчыбек агам жашынан тартипке катуу. Тентектик кылсак катыгыбызды берчү. Азыр деле тарбиялап турат, кол көтөрбөсө да сөз менен катуу айтып түз жолго салат. Агам экөөбүздүн боорукерлигибиз, жумшактыгыбыз окшош. Бир нерсеге күйүп-бышып кетебиз. Үйдө саясатты сүйлөшпөйбүз, көбүнчө бир туугандар, айылга жардам бериш керек деген сыяктуу маселелер талкууланат.

– Камчыбек Ташиевдин башына оор сыноо түшкөндөгү үйдөгү абалды эстеп кетсеңиз?

– Өзүңүздөр билесиздер, агам 9 ай абакта отурду. Ошол учурда ичкен тамагыбыз аш болбой, оюбуздун баары агамды абактан бошотуу болуп калган. Акыйкаттык издеп Ак үйдү тегеректеп жүрдүк. Кудай бар экен, жакшы күндөр келди. Катуу ооруганда да баарыбыз жанында турдук. Окуяларды жүрөгүнө жакын кабыл алат, ошонун зыянын тартат окшойт. Акыркы күндөрү кан басымы көтөрүлүп, өңү кара тартып кыйналып калган эле. Операция жасатып келген, азыр ден соолугу жакшы, маал-маалы менен дарыланып турат.

– Негизи эле саясатта, болгондо да таасирдүү бийлик бутактарында эки бир туугандын болушу туура элеби?

– Эгер агам мени министр же бир облуска жетекчи кылам десе анда өзүм деле баш тартмакмын. Мени эл шайлады. Мен аткаруу бийлигинде иштеген жерим жок.

– Оппозиция азыркы бийликти “диктатура орнотууга бет алды”, “саясий куугунтук күчөдү” деп сындап жатат. Дегеле азыркы оппозиция, анын ролу, салмагы тууралуу кандай ойдосуз?

– Бул – бийликке жетпей калып, көрө албастык кылгандардын сөзү. Азыркы бийлик элдин ою менен эсептешип жатат. Айтсаңыз, кайсы президент базар кыдырып жүрдү эле? Кайсы президент көл жээкте элдин ал-абалын сурап жүрдү? Бекинип эле жатчу эмес беле. 30 жылда боло элек өзгөрүүлөр болуп жатса көрө албагандар чыгууда. Бизге көчө оппозициясынын кереги жок. Кемчиликтер болсо мыйзам чегинде талаптарын, сунуштарын айтсын. Анан алыстан таш ура берген болбойт да. Азыркы оппозиция – бай кошунасын көрө албаган ичи тар кошунадай эле. Бизде чыныгы оппозиция жок, жалаң буюртма менен бийликти шыбагандар. Президентин, министрин оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп жатышат. Бул нерсени мыйзам менен тизгиндебесе болбой калды.

– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Массалык маалымат каражаттарына ачык адамсызбы же сырдуу болгон жагабы?

– Мен баарына ачыкмын, адам тандабайм, ылгабайм. Убакыт тардыгына байланыштуу гана жетише албай калышым мүмкүн. Кээде парламенттеги отурумдардан кийин түштөнүүгө убакыт жок болуп калат. Түшкү тамактануу маалында шайлоочуларды кабыл алыш керек болуп калат көбүнчө.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз?

– 5 уул, 1 кызым бар. Эң кичүү кызым 2 жашта, улуу балам 21 жашта. Эки балам студент, Москвада окушат. Эки балам мектепте окуйт, экөө бала бакчага барат. Келинчегим менен чогуу жашаганыбызга 22 жыл болду. Жубайым кесиби боюнча медайым, бирок 1 күн да өз кесиби менен иштеген жок. Мен ишиме байланыштуу көп жерде көчүп-конуп жашагандыктан балдарды тарбиялоо менен гана алек.

– Спорттун кайсы түрү жагат?

– Футболду жакшы көрөм. Кечээ (ред. 29-мартта) түнү менен футбол көрдүм. Баса, Кыргызстан-Тажикстан курамасынын беттешин Камчыбек агам экөөбүз чогуу отуруп көрдүк. Биздикилер 1:0 эсеби менен утулуп калышты. Калыстын маанайы жок окшойт, чамамда, эки командага тең кайра-кайра кызыл айып кагазын көрсөтүп жатты. Ал эми чет өлкөлүк футбол клубдарынан “Челсинин” күйөрманымын, атактуу футболчулардан Роналду жагат. Азыр Роналду кайсы клубда ойносо ошого күйөрмандык кылып калдым.

– Акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?

– Мен жашыкмын негизи. Ооругандар, буту жок, колу жоктор жардам сурап келсе, арманын айтса жашып кетем. Өзүмдө эч нерсе жок калса да колумдагыны кармата берем. Таасирдүү кино көрө албайм, ыйлап жиберишим мүмкүн. Таасирдүү сөз же аалымдардын таалим сабактарын укканда да көп жашыйм. Аалымдардын “соопчулук кылып бейишке жолдомо ал” деген кептеринен таасирленип көп сооп иш жасаганга аракет кылам. Өмүр кыска, бул дүйнөдө адамдарга жакшылык кылып сооп тапканга жетишиш керек.

– Маегиңизге чон рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан