ПРЕЗИДЕНТ БАРГАН КОНУШ: ОРТОМЧУЛАР КЫЗЫЛ КИТЕП ҮЧҮН ЭЛДЕН АКЧА ЖЫЙНАП ЖАТАБЫ?

Редакциябызга Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары кайрылышты. Эч бир документи жок бул конушка былтыр президент Садыр Жапаров барып "жериңерди мыйзамдаштырып беребиз" деп элге убада берген эле. “Квартал башчыбыз Кызыл китеп алууга керек деп айрым документтер үчүн акча сурап жатат, сураштырсак, эч кандай акча жыйналбашы керек экен” дешет тургундар. Чын эле жашоочулардан негизсиз акча жыйналып жатабы? Биз эки тараптын тең пикирин уктук.

Мирлан Койчубаев, Ак-Ордо-3 конушунун жашоочусу: “Квартал башчы бизден керексиз эле документтерди чогултуп жүрүптүр”

– Мен 2015-жылдан бери ушул конушта жашайм. Мындан 3 ай мурун президент Садыр Жапаров келип эл менен жолугушканда “кыйынчылыксыз, паспорт менен гана үйүңөргө кызыл китеп аласыңар” деп кеткен. Бирок андан көп өтпөй квартал башчыбыз Алмагүл Сейталиева “мен акимиатка барып сүйлөшүп келдим” деп бизге бир топ документтерди чогултушубуз керектигин айтты. Анын ичинде “10 кошунаңа кол койдуруп келесиң” деп бир акт кагазын көрсөттү. Ал бир барак кагазы 50 сом. Кошуналарга кол койдуруп барсаң өзү дайындап алган көчө башчы бар, ал кол коюп бербей “бар, суунун, таштандынын, электр энергиясынын акчасын төлөп кел” дейт. Аны төлөп келсең, “эми квартал башчысы менен айылдык кеңештин Сыргак Майрамбек уулу деген депутаты бар, ошолордон уруксат алып кел, анан кол коюп берем” дейт. Айтор, бул көчө башчы, квартал башчы, анан айылдык кеңештин депутаты болуп бир мафия болуп алышкан. Жерибиз трансформация боло элегинен пайдаланып элден мыйзамсыз акча жыйнашат. Сыргак деген мурун бизде квартал башчысы болуп иштеп кеткен, ордуна азыркы Алмагүл Сейталиева келген.

Алгач “Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымкат алып келесиңер” деди, анысы 100 сом экен. Бир жолу Алмагүл Сейталиева “Түндүк электрдин” кызматкерлери келип электр мамыларын орнотуп жатканда алардын түшкү тамагына деп ар бир үйдөн 200 сомдон чогултуп кетти. Биздин тегеректе 500дөн ашык үй-бүлө бар, эмне ал кызматкерлер 100 миң сомго тамак ичишеби? Ушундай майда-чүйдө нерселерге акча чогултуп, керексиз эле документтерди чогулттуруп бизди кыйноодо. 50 сом, 100 сом аз акча көрүнгөнү менен, элдин баары берсе миңдеген сом болуп жатпайбы?! Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Биз, жашоочулар Новопавловка айыл өкмөтүнө, Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматына барып “ушундай документтерди талап кылдыңарбы?” деп сурасак, “жок, андай документтерди талап кылган эмеспиз” дешти.

Токтобүбү Рүстөмова, конуштун тургуну: “Бул жакта баары элдин акчасына жасалган”

– Мен 2015-жылы ушул конуштан 2 жер тилкесин сатып алып, үй тургузгам. Электр жарыгы, суу жок, маршруттук такси каттабаган күндөрдө баткак кечип жумушка барып-келчүбүз. “Түндүк электр” тутумуна кошулганыбыз үчүн ар бир үй 15 миң сомдон, кийинки келгендер 25 миң сомдон чогултушту. Сууну да өзүбүз жерди бургулап чыгартып алдык. Сууга деп ай сайын 200 сомдон беребиз, жакында мончо курган элем, ага да кошумча 380 сом төлөйсүң деди. Огород сугарууга өзүнчө төлөйбүз. Короосу кенендерге көз болжол менен эле карап туруп 1000 сомго чейин төлөткөн учурлары болгон. Cууну өзүбүз чыгарсак, мамлекетке салык төлөбөсөк ал акчалар кайда кетип жатат? Маршруттук таксини киргизели деп ага да жашоочулар 1000 сомдон чогулттук. Жолго шагыл төктүрдүк. Жерибиз мыйзамсыз делгендиктен бүт шартты эл өз акчасына түздү. Алмагүл деген квартал башчы жөн эле хандык орнотуп алган, бирөө ага каршы чыкса светин кыркып кетет, суусун өчүртүп салат. Айтор, конушту башына кийип алды. "Жериң мыйзамсыз" деп жер тилкесин талаштырат ар кимге. Бул жерде эл андан коркконунан эле унчукпай жатат. Ага каршы болгондорду бири-бирине тукурат, айтор, интригалар менен алек.

Гүлнура Хожоева, конуштун жашоочусу: “2000 сом бересиң деди эле, өзүм барып 371 сомго бүтүрүп келдим”

– Бул конушта 7 жылдан бери турабыз. Электр жарыгы жок кошунабызга курулуш иштерине электр тогу керек болуп, бизден 10 мүнөткө свет тартып алып пайдаланган эле. Аны көргөн Алмагүл Сейталиева мага “2000 сом сом айып пул төлөйсүң” деди. “Кыштын суугунда 4 балам менен отурам” десем болбой электр жарыгыбызды кырктырып кетти. Айлам жок, суукта балдар тоңуп калбасын деп акчаны бердим. Жарыкты кайра күйгүзүп берген электриктен сурасам, ал “кызматым үчүн 300 сом алам” деди, калган 1700 сом кайда? Бир жолу үйгө электр тогун киргизүү үчүн 25 миң сом бердим. Үйгө акылдуу эсептегич койдуруп кетсем, бирөөлөр жулуп кетиптир. Квартал башчыдан сурасам “сен эсептегич койдурган соң светти туташтырышың керек эле, мыйзамсыз болуп калды” дейт. “Азыр барып “Түндүк электрге” светти күйгүзүп бергиле деп арыз жазып келем, ага 500 сом, анан аны компьютерге киргизгени үчүн 1500 сом бересиң, ошондо баары мыйзамдуу болот” дегенде жиним келип “силер бизди акча көрүп калыпсыңар” деп кетип калгам. Өзүм аталган ишканага барып арыз жазып, бардык иш 371 сом менен эле бүттү.

Мамлекеттик каттоо кызматы: “Эч кандай документтер талап кылына элек”

– Ушул тапта мамлекеттик каттоо кызматы жерлерди трансформациялоо боюнча жашоочулардан эч кандай документтерди талап кыла элек. Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду жана Мамлекеттик актыларды берүү үчүн гана акы алат. Төлөм банктын кассасы же төлөм терминалдары аркылуу гана алынат. Кызматкерлердин колуна акча берүүгө тыюу салынган. Эгер кайсы бир документтер үчүн кызматкерлер акча талап кылса, анда бизге кайрылсын. Тиешелүү чараларды көрөбүз.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Омуров: “Мыйзамсыз акча чогултуулар болсо укук коргоо органдарына кайрылышсын”

– Ооба, былтыр 22-ноябрда президент келип буга чейин мыйзамсыз үй курулуп калган жерлер амнистия катары трансформация болсун деп кеткен. Биз өкмөттөн келген картага карап иш жүргүзүп жатабыз. Учурда жер ээлеринин тизмесин илдик. Талаштуу жерлер, үстү-үстүнөн сатылып кеткен жер тилкелери бар. Алардын ээсин сот аныктайт.

Ал эми квартал башчыларын жашоочулар өздөрү шайлашат. Алмагүл Сейталиева да бизге элдин колу коюлган протокол менен келгени үчүн мен аны квартал башчысы кылып бекитип бергенмин. Мыйзамсыз майда-чүйдө акча чогултуулар болуп жатса, жашоочулар укук коргоо органдарына кайрылышсын. Андан биздин кабарыбыз жок. Бирок атайын маалымкаттарды 50 сомдон сатуу боюнча айылдык кеңештин депутаттары токтом чыгарып, уруксат бергенбиз. Негизи эле ал жерлер мыйзамдаштырыла элегине байланыштуу биз көп иштерине аралаша албайбыз. Ал жакта эл өзү акча чогултуп, аны кайра өздөрү иштетип жамааттык чечим менен иш кылып жүрүшөт.

Алмагүл Сейталиева, квартал башчысы: “5 эле үй-бүлө мени каралап жатат”

– Мен караган 520-контурда 500гө жакын үй-бүлө жашайт, туруктуу жашай электер андан көп. Бул жер бош жаткан ээн талаа болчу, эл басып алып үй куруп алышкандан кийин суусун чыгарып бердик. Электр энергиясын киргиздик, жолун салдык, маршруттук каттам тартып келдик, айтор, баарын эл үчүн кылдык. Мен эч кандай мыйзамсыз документ чогулткан жокмун. Күзүндө акимчиликте квартал башчыларынын чогулушу болуп, анда “жакында трансформация болот, ушундай документтерди чогултасыңар” дешкен. Бирок айыл өкмөттөн уруксат келе электе алдын ала элге “ушул документтер керектелиши мүмкүн экен” деп айткам. Акт кагазына 50 сомдон алганымды далилдеп беришсин. Мага каршы болуп жаткан жашоочулар ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан, арам ойлуулугунан мени каралап жатышат. Мени айыл өкмөтү шайлаган. Керек болсо мени жамандап жаткандардын арасында сууга акча бербей суу киргизбегендер бар. Менин таламымды талашкан жашоочулар толтура.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан