КАРА ШАХЗАДА ТООГУ 7 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИН ЭТ БЕРЕТ

Тоок багуу кирешелүү бизнес. Бир тоок 7 килограммга чейин эт берерин билчү белеңиз? Учурда өлкөдө кандай тооктор суроо-талапка ээ болууда? Тооктун жаңы породалары, аларды багуу сырлары, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беребиз.

“ЖУМУРТКАСЫНЫН САЛМАГЫ 80 ГРАММГА ЖЕТЕТ”

Ала-Бука районунун тургуну, тоок багуу менен алектенген Айбек Тажибаев маалымат берди:

Кара шахзада породасы – Өзбекстандан чыгарылган эт-жумуртка багытындагы порода. Түштүк жергесинде көбүрөөк багышууда. Тез чоңоёт, ооруларга туруктуулугу жогору. Чоң короздору 7-8, мекияндары 6 килограммга чейин эт берет. 8 айда жетилип, жумуртка тууй баштайт да, 1,5 айдан кийин күрп болот. Күрп болоюн деп калганда 3 күн катары менен 1 маал баштарын муздак сууга матырып койсо күрпү тарап, тукум туусун уланта берет. Жумурткасынын салмагы 60-70 грамм. Жакшы бакса кээ бир короздорунун бою 80 сантиметрге чейин жетет.

Жөжөлөрүн 1,5-2 айга чейин жылуу жерде кармоо зарыл. Алгачкы апта +28 градус температурада, дагы бир апта +20 градуста кармап, андан кийин бөлмө температурасында багуу зарыл.

Жөжөлөргө 3 ай атайын аралашма берилет. Аралашманы жасоо: 1 литр жылуу сууга, 1 аш кашык бал, 1 таблеткадан тетрациклин, аспирин, фурацилин кошулат. 33 грамм марганцовканы 300 грамм сууга кошуп аралаштырып, анын 1 тамчысын жогорудагы аралашмага кошуу керек.

Булар көбүнчө чума ылаңы менен ооруйт, ага каршы 6 ай сайын дары берип туруу керек. Шамалдап калышса да ооруйт, көздөрү шишип, активдүү болбой калат.

Тоокторго аптасына 1 ирет күн карама күнжарасын берүү шарт. Укропту жакшы жешет, аны такай берип турса үзбөй тууйт. Буудайды өндүрүп (сүмөлөк үчүн өндүргөндөй) 1 аптада бир күн берип (башка эч кандай жем бербей) витаминдер менен камсыз болуп, бат семиришет. Тооккананын астына жыгач таарындысын төшөбөш керек, аны жеп алышса көбү өлүп калат. Саман төшөгөн жакшы. Кайсы породадагы тоок болбосун алардын алдында дыйым туз, майдаланган акиташ, суу түбүнөн алынып келинген майда шагыл таш, кадимки доскага жаза турган бордун майдаланганы турушу зарыл.

Жөжөлөргө 3 аптага чейин Орусиядан чыгарылган комбикорм берилет. 3 аптадан кийин 50 килограмм жүгөрүгө 25 килограмм буудай кошуп тарттырып, ошону берүү керек. Мындай жем чоң тоокторго да сунушталат. Жашылча, жемиштерди да кошуу керек.

Жерси гигант породасы – Голландиядан чыгарылган эт-жумуртка багытындагы тоок. 7 айдан тарта тууп баштап, 1 жылда 160-170 жумуртка тууйт. Жумурткасынын салмагы 80 граммга чейин жетет. Чоң короздун салмагы 7, мекияныныкы 4-5 килограммга чейин жетет. Тынч, адамдан качпаган тоок. Багылышы, ооруларга каршы дарылоосу жогоруда айтылгандай эле.

Австралорп породасы – бул порода элге эми жайылып баштады. Жумуртка багытындагы бул тооктун менде 2 линиясы бар: короздору Түркиядан, мекияндары Румыниядан чыгарылган. 1 жылда 270-280 жумуртка алууга болот. Короздору 5, мекияндары 3-3,5 килограмм эт берет. Куйруктары узун, 6 айлык короздун куйругун ченесем 40 сантиметр чыкты. Жөжөлөрүн өздөрү ээрчитип, жакшы карашат. Муну деле багып-кароо жогоркулардай.

Тоджон породасы – Түштүк Кореядан чыгарылган. Бул порода Ош, Бишкек, Чүйдө белгилүү, калган жактарга эми тарап баштады. Эт-жумуртка багытындагы тоок. Короздорунан 6, мекияндарынан 3-4 килограмм эт алууга болот. Жылына 260-270 жумуртка берет. Жер тытпаган тынч тооктор. Жумурткасынын чоңдугу 60-70 грамм.

Суссек породасы – Англиядан чыгарылган. Эл арасында эми популярдуу болуп баратат. Эт-жумуртка багытындагы тоок. 4-7 килограммга чейин эт берет. Кышта да тууй берет. Бирок буларда энелик инстинкт жок, жөжөлөрдү инкубатордон чыгаруу кажет. Организминде витамин жетишпесе өздөрүнүн жумурткаларын жеп башташат. Андайда үстүнкү тумшугунун учун кичине кесип койсо тукумду жарып жей албай калат. Анткени тумшугу тийгенде кесилген жери оорутат. Буларды семиртүү үчүн ичиндеги курттарынан арылтуу керек. Бул максатта койлорго берилчү альбен дарысынын 5 таблеткасын талкалап 5 литр сууга кошуп, аралаштырып 3 күн катары менен берүү керек. Мындан башка суу берилбейт. Ошондо ичтейи ачылып жемди жакшы жеп, семире башташат.

БААЛАРЫ

Кара шахзада менен жерси гигант породасындагы короздор 5000, мекияндары 3500, 3 күндүк жөжөлөрү 150 сом. Жумурткасы 100-150 сомго чейин сатылат.

Австралорп тоогунун корозу 4000, мекияны 3000, 3 күндүк жөжөсү 100-150, жумурткасы 100-150 сомго чейин бааланат.

Тоджон менен суссек тоокторунун короздору 2500, мекияндары 2000, жумурткасы 60-100, 3 күндүк жөжөлөрү 100-150 сомго чейин сатылат.

“АДЛЕР ТООГУ 11 АЙ ЖУМУРТКА ТУУЙТ”

Набиджан Ниязов, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну:

– Учурда негизги ишимден тышкары эт-жумуртка багытындагы адлер породасындагы тоокторду багып жатам. Порода Орусиянын Адлер шаарында чыгарылган. Чоң короздору 4-4,5, мекияндары 2-2,5 килограмм таза эт берет. Мекияндар 5-5,5 айда жетилип, 11 айга чейин эки күндүн биринде тууп, жалпы 180 жумуртка берет. Жумурткасынын салмагы 55-60 граммга жетет. Артыкчылыктарына келсек, жем тандабайт. 3 жылга чейин жумуртка берет. Короздору агрессивдүү эмес. Кемчилиги - мекияндарында энелик инстинкт жок, жөжөлөрдү инкубатордон чыгаруу керек. Анан чоңойгуча кургак, жылуу жерде бакпаса ооруп калышат. Тооккананын ичине саман төшөлбөсө, буттарынан сыз өтсө буттарынын муундары ооруга чалдыгат.

Ар бир тоок 1 күндө 3 маал, жалпы 120 грамм жем жейт. Рационунда жүгөрү, буудай, таруу, сөөк уну, бор, жашылча (картошка, сабиз, ашкабак, бадыраң) жана алардын калдыктары, көк чөптөр болушу керек. Кышында рационуна минералдык кошулма менен протеиндерди кошуу кажет. Алар салмак кошуу жана үзбөй жумуртка берүүсү үчүн керек.

 

Жөжөлөргө 1 айга чейин берилчү аралашма суюктук

Жумурткадан жаңы чыкканда 1 литр жылуу суу + 3 чай кашык кумшекер + 1 миллилитр чиктоника (гамматоника) пребиотиги берилет.

1-сутка. 1 литр жылуу суу + 1 чай кашыкбайтрил антибиотиги. Бул инкубатордон чыккандан 12-18 саат аралыгында берилет.

2-сутка. Эртең менен 1 литр жылуу суу + 1 чымчым талкалаган аскорбинка кычкылы. Түштө 1 литр жылуу суу + 0,5 миллилитр байтрил (эртең мененкиге чейин коюлат).

3-сутка. Жумурткадан жаңы чыккандагыдай аралашма берилет.

4-сутка. 1-суткадагыдай аралашма берилет.

5-сутка. 2-суткадагыдай аралашма берилет.

6-сутка. 3 суткадагыдай аралашма берилет.

7,  8,  9-сутка. 1 литр жылуу суу + 1 миллилитр чиктоник берүү керек.

10, 11-сутка. 1 литр жылуу суу + Е-селен 1 грамм берүү кажет.

12-17-сутка. Кадимки жылуу суу берилет.

17, 18, 19-сутка. 1 литр жылуу суу + 0,5 миллилитр байтрил берүү туура.

20-27-сутка. Кадимки жылуу суу бересиз.

28,  29,  30-сутка. 1 литр жылуу суу+0,5 миллилитр байтрил берилет.

Биринчи суткадан тартып 1 айга чейин жөжөлөр үчүн комбикорм бериш керек. 1 айдан кийин ага жашылча-жемиш, көк чөп кошулат. 5 айдан кийин тартылган буудай, таруу, жүгөрү бериле баштайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан