ЖУРНАЛИСТ АРЗЫГҮЛ ГАЛЫМБЕТОВАНЫН ӨЛҮМҮНӨ БЛОГЕР СЕБЕПКЕРБИ?

26-март күнү Баткен облустук телеканалынын журналисти Арзыгүл Галымбетова жүрөгү токтоп каза болду. Ага чейин журналист айым блогерлер Батма Жолболдуева менен Роза Мамановага карата “көзү ачыкка барып мага кара дуба окутушуптур”, “абийириме шек келтирип мени каралоодо” деп өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан эле. Журналист каза болгондон кийин блогер Батма Жолболдуеваны Баткен облустук ички иштер башкармалыгы камакка алды. Бул окуянын артында кандай сырдуу жагдайлар бар? Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн тиешелүү адамдарга кайрылдык.

КАЗА БОЛОР КҮНҮ ЖУРНАЛИСТ БЛОГЕР КЫЗДАРДЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗГАН

Журналист Арзыгүл Галымбетова өзүнүн Фейсбук баракчасына 25-март күнү “блогерлер Батма Жолболдуева менен Роза Маманова көзү ачыкка барып мага кара дуба окутушуптур” деп жазып, көзү ачык делген аял менен сүйлөшкөн видеосун жүктөгөн. Ошол эле күнү журналист аталган блогер кыздардын үстүнөн Баткен ОИИБине арыз жазат. Кечки саат 20:00дө саламаттыгы начарлап ооруканага кайрылган. Арзыгүл Галымбетова дарыгерлердин медициналык жардамына карабай 26-мартка караган түнү каза болду. Окуядан кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы журналисттин арызынын негизинде “Этиятсыздык менен адамды өлүмгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, блогер Батма Жолболдуеваны камакка алды. Айта кетсек, журналисттин арыз жазуусуна Батма Жолболдуева өзүнүн Ютуб каналына чыгарган видеотасма себеп болгону айтылды. Ал тасмада блогер журналист кызды "облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана башка адамдар менен чогуу кафелердин биринде тамактанып отурат" деп сындаган. Галымбетова аталган окуя боюнча комментарий берип, ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуу өткөргөнүн, ал котормочулук кызматты аркалаганын айтты. Кийинчерээк Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү ошол күнү чын эле түркиялык инвесторлор менен жолугушканы белгилүү болду.

Таажыгүл Галымбетова, маркум Арзыгүл Галымбетованын эжеси: “БЛОГЕРДИН ТУУГАНДАРЫ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕР ДЕП ЖАТЫШАТ”
– Мен үчүн бул оор жоготуу. Каза болгонун кабыл ала албай турам. Сиңдим каза болор күнү вотсаптагы статусуна абдан кайгылуу сүрөтүн коюп алган экен. “Эмне капаланасың, сен күчтүүсүң, айткандар айта берет, этибарга алба” деп жубаткан элем. “Макул, эже” деп жооп берген. Аябай катуу стресс болду, жүрөгү жалган жалааны, абийирине шек келтирген каралоолорду көтөрө албай калды окшойт. Үйдө жарым сандык Ардак грамота, сыйлыктары турат. Биз азыр нес абалдабыз.

25-март күнү түнү ооруканадан дарыгерлер чалышып “сиңдиңиздин абалы оор, реанимацияда” деп чакырышты. Мен баргыча үзүлүп кете бериптир. Ал эми камалган Батма деген блогер кыздын жакындары “тосмо арыз жазып бериңиз” деп келишкен. “Мен анын үстүнөн арыз жазбагандан кийин эмнеге мен тосмо арыз жазып берем?” деп жолуна салдым. Этек-башыбызды жыйып өзүбүзгө келип алалы, сиңдимдин өлүмүн териштирип, аягына чыгарабыз.

Жумагүл Шайыкова, маркумдун курбусу: “БААРЫН КАТКЫРЫП КҮЛҮП ЖЕҢЕТ ЭЛЕ”

– Арзыгүл экөөбүздү 10 жылдык курбулук мамиле байланыштырып турат. Абдан айкөл, боорукер, мээримдүү жан эле. Жашоого позитивдүү карачу. Дарегине айтылган сын-пикирлерди этибарга деле алчу эмес. Жиниң келип бир нерсе айтсаң да каткырып, күлүп жеңип кетчү. “Бок мурун блогерлер айтса эле баары ишене бермек беле, аларга теңелбейм, деңгээлин баары билет” деп мени соороткон эле. 25-март күнү вотсаптан көпкө сүйлөштүк, түнкү 23:30дарда “рахмат, дос, колдогонуңа” деп жазган экен. Ошондон жарым саттан кийин каза болуптур.

Арзуу Баткендеги аткезчилик, чек ара маселеси боюнча көп материал, репортаждарды жасаган. 2021-жылдагы Баткен окуясын жеринен түз алып көрсөтүп эфирге чыгып жүрдү. Баткен үчүн күйгөн, Баткендин баатыр кызы эле. “Шаарга келип иштебейсиңби?” деп чакырышса да болчу эмес. Кесибин абдан сүйчү.

Роза Маманова, блогер: “АРЗЫГҮЛ БАШКА КҮЧТӨРДҮН КУРМАНДЫГЫ БОЛУП КАЛДЫ ОКШОЙТ”

– Арзыгүл Галымбетованы Баткенде тааныбаган эч ким жок. Өзү жакшы журналист, жеке мени менен эч кандай уруш-талашы жок болчу. Бул окуяда мени аралаштырып кеткен себеби, мен Батманын Ютуб каналына чыккан Арзуу эженин губернатор менен чайканада отурган видеосун бөлүшүп койгон элем. Ошого таарынып мени душман тутуп алды. Батма Жолболдуева менен деле жакын мамилем жок. Ал Кызыл-Кыя шаарына дүкөндөрдүн ишин текшерип видео тартканы келип калганда таанышкам. Бизде Баткенде бир нерсени айтып чыксаң эле кайра өзүңө куугунтук башталат.

Мен 43 жаштамын, 5 эркек балам бар, 1 жаштан өткөн эмчектеги балам колумда. 5 балам үчүн, мыйзам иштебеген облуста жашаганым үчүн азыр чегинүүгө аргасызмын. Мага ар тараптан коркутуулар болууда. Арзыгүл Галымбетованын өлүмү – бул жөн эле шылтоо. Мен буга чейин кызматтан кеткен Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиевдин коррупциялык иштери боюнча ачык жазып келгем. Мамлекеттин акчасын максатсыз пайдаланган айыл өкмөттөрүнүн ишин ачыктап, кылмыш ишин козготком. Бирок Набиев ал айыл өкмөттөрүнүн кылмыш ишинин баарын жапты. Ошондо мен “Набиев кылмыш иштерин жапчу машина” деп айтып чыкканмын. Баткен контрабанданын, наркомафиянын уюгу. Бул иштерге бүт укук коргоо органдары, прокурорлор аралашкан.

“БАТМАНЫ КӨЗҮ АЧЫК КОРКУТУП ЖҮРГӨН”

– Батма экөөбүздү көзү ачыкка барып кара дуба окутту дегени – бул атайын уюшулган сценарий, жомок. Кармалган көзү ачык Бишкекте жашайт экен, мен Кызыл-Кыя шаарында жашайм. Анан бул көзү ачык Батманы коркутуп жүргөн, “мен Бурхановдун тууганы болом, эмнеге аны жамандайсың, тийишпегин, жашоого тойдуңбу?” деп жазгандары бар. Көзү ачык менен Батма өзү кырылышып жүрсө, кантип Арзууга каршы кара дуба окутуп калат? Көзү ачыктын сөзү менен эле Батманы камап коюшту, бул туура эмес. Кара дуба окутканы боюнча далилдер жок. Арзыгүлдүн өлүмүнө башка күчтөр аралашкан болушу мүмкүн. Биздин коомчулук алдында урушканыбызды пайдаланып кетишти. Арзыгүл коррупционерлердин курмандыгы болуп калды окшойт. Анткени ал Баткендеги аткезчилик, коррупция иштери боюнча көп маалымат билет эле. Бул жерде Баткендин мафиясы бир ок менен эки коёнду атты. Алардын кылмыш иштерин айтып чыккан биз, блогерлердин оозун жаап, көп маалыматы бар Арзыгүлдү жок кылышты. Арзыгүл бир сөз үчүн өлүп кала турган кыз эмес болчу, абдан тың, шайыр эле. Өлөргө жакын кандай укол сайышты билбейбиз да, балким, жеген тамагына бир нерсе кошуп берип коюшкан? Медициналык экспертизадан өткөрүшпөптүр, билишимче, баарын текшерсин, иликтесин, ошондо чындык калкып чыгат.

26-март күнү түндө мени кармап кеткени үйүмө милициялар келип “сизге повестка таштаганы келдик” дешти. Мен эшикти ачпай койдум. Эшикти тарткылап, жулкулдатышты. Мен элден жардам сурадым. “Бүтүн Кыргызстандын” балдары түнкү саат 03:00дө келип үйүмдү кайтарып турушту. Кичинекей балдарым коркуп ыйлашты. Эртеси Баткен ОИИБине барсам мени күбө катары эч ким тергөөгө чакырбаптыр. Арзыгүл каза болгондо Батма Лейлекте болгон экен. Аны да 40тай милиция кызматкери барып кармап кетишиптир. Куду чоң коррупционерди же кылмышкерди кармагандай. УКМКнын жетекчисине, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылат элем. Баткендеги баш аламандыкты токтотуңуздар, бизди "бабахандар" башкарып калды. Баарын жумуштан кетирсин.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан