ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

“ЭЖЕМЕ АЙТЧУ СЫРЛАРЫМ БАР...”
– 1987-жылы туулган эжем, бир боорум Абдиманап кызы Миргүлдү жана атам Туманов Абдиманапты издейм.
Мен 4 жашка чыкканда атам Абдиманап менен апам Машыркүл ажырашып кетишиптир. Ошондон көп өтпөй апам эжем экөөбүздү Ысык-Көлгө, төркүнүнө таштап, “кыздарымды эч нерседен кем кылбай багып, буттарына тургузайын” деп Орусияга иштегени кетиптир. Ал кеткенден кийин эле атам бизди Жалал-Абадга, чоң ата-чоң энемдин колуна алып барат. Мен жаңыдан мектеп босогосун аттаганымда апам бизди издеп барып калды. Ал күнү атам эжемди ээрчитип пахта тергени талаага кеткен эле. Апам чоң энеме жолугуп сүйлөштү да, мени ээрчитип пахта талаасына барды. Талаага жетейин деп калганыбызда апам жаш балдарга акча берип, “Миргүлдү эле чакырып келгиле” деп жөнөттү. Бир убакта карасак, эжеме кошулуп атам да келе жатыптыр. Апам атамды көрүп коркуп кетти окшойт, “жүрү, бол” деп мени таксиге салып алып баса берди.
Бишкекке келгенден кийин апам "Миргүлдү да алып келишим керек" деп жүргөнүндө катуу ооруп, 2005-жылы бул жарыкчылык менен коштошуп кетти. Дүйнөдөгү эң жакын адамың болгон энеден айрылуу азабын айтпасам да, ар бир адам туюп-билсе керек. Ошентип, таянар тоомдон, жөлөнөр жөлөгүмдөн айрылып, таежемдин колуна бардым.
2006-жылы болсо керек, атамдын Дүйшөн деген агасы мени Ысык-Көлгө издеп келиптир. Ал кезде мен Бишкекте болчумун. Таежем менин телефон номурумду берген экен, абам экөөбүз Бишкектен жолуктук. Андан эжем тууралуу сурасам, “ал Орусияда иштеп жатат. Телефонун билбейм. Жаңы жылда келет” деген эле. Дагы бир күнү сурасам, турмушка чыгып, уулдуу болгонун, бирок телефон номуру жок экенин айтты. Кийинчерээк абамдын телефону да өчүп калыптыр. Ошол боюнча аны менен да байланыша албай калдым.
Учурда эжемдин акыл-насаатына, кеп-кеңишине муктаж болуп турам. Анткени ишенген таежем да каза болуп калган. Азыр Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеп жатам.
Эже, мен сизди абдан сагындым. Эгер менин издеп жатканымды окуп же угуп калсаңыз, мага байланышка чыгыңыз. Сизге айтчу көп сөздөрүм, сырларым бар.

Сиңдиңиз Абдиманап кызы Айгүл. Т.: 0557 54 10 35, 0553 22 93 43


“БАКТЫГҮЛ, ҮЙГӨ КЕЛЧИ, БЕРЕКЕМ!”
– 1991-жылы туулган жээнибиз Апиева Бактыгүлдү издейбиз. Бактыгүл "Кудайберген" базары тарапта көп кабаттуу үйлөрдүн астында жашылча-жемиш сатчу. Ал 18-ноябрда апасына таарынып үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Бактыгүл, турмушта ар кандай нерселер боло берет. Кичинекейиңден багып-өстүргөн таятаң да сен тууралуу угуп, сарсанаа болуп жатат. Биз, таежелериң, сени чыдамсыздык менен күтөбүз.
Эгер Бактыгүлдү тааныгандар болсо, бизге кабарлап коюшун өтүнөбүз.

Т.: 0550 11 27 98 (Айнура), 0773 16 61 13 (Алима), 0778 22 35 08 (Анара).


“АТАМДЫ БИР КӨРҮҮГӨ ЗАРМЫН”
– Атам Алманбетов Абдысадыкты тапкым келет. Ал 1965-жылы Ала-Бука районунда төрөлгөн. Тагдырдын буйругу экен, ата-энем 3 кыздуу болгондо ажырашып кетишиптир.
Учурда апам башка бирөөгө турмушка чыгып, 1 кыз, 1 уулдуу болгон. Атам өгөй болгону менен, мага кеп-кеңешин айтып, ар дайым колдоп келет. Бирок эс тарткандан бери “өз атамды издеп тапсам” деген ой мени ээлеп алды. Угушумча, атам Бишкекте башка үй-бүлөсү менен жашайт экен.
Ата, сизди издеп жатканымды окусаңыз, анда сөзсүз мени менен байланышыңыз. Сизди таап, мээримиңизге бөлөнүп жүргүм келет.

Кызыңыз Гүлсүнай. Т.: 0779 05 61 83


“АБАБЫЗ 33 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ”
– Атамдын иниси, абам Тагаев Бакболотту издейм. Ал 1956-жылы Кара-Буура районунун Бакыян айылында төрөлгөн. 1974-жылы Орусиянын Чита шаарына караштуу Бордия айылында аскердик кызматын өтөп, Кыргызстанга 1976-жылы келген эле. Ал жактан Валя аттуу бухгалтер кызга үйлөнгөнүн, аскер кызматында иштеп жатканын айтып, 1977-жылы кайра ал жакка жөнөп кеткен боюнча байланышпай калды. Угушумча, абам азыр КамАЗ айдайт экен, кызы Москвада окуйт.
Бакболот аба, эгер биздин издеп жатканыбызды уксаңыз, биз менен байланышып, дайыныңызды билдириңиз. Атам сизди чыдамсыздык менен күтүп жүрөт.

Карындашыңыз Назгүл. Т.: 0777 62 43 44, 0778 59 49 25


“БИЗ ҮЧҮН КЫМБАТ АДАМ”
– Байкем Исакеев Майрамбек Качкыновичти издейм. Ал 1978-жылдын 8-мартында Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.
2005-жылы 13-августта Бишкекке иштегени кетип, ошол боюнча дайыны билинбей калды. Жанында документтери жок болчу. Токмокто, Сокулукта иштеп жүрөт деп укканбыз. Апам “ал Кыргызстанда эмес го... Бирөөлөр чет өлкөгө алып барып кул кылып жатса керек” деп күндө көз жашын төгүп, сыздайт.
Урматтуу окурмандар, эгер Майрамбек байкем тууралуу маалыматыңыздар болсо, билдирип коюшуңуздарды суранам.

Карындашы Чынара. Т.: 0558 46 46 55, 0778 71 13 74, 0312 45 42 73


“БОЛУШ, ДАЙЫНЫҢДЫ БИЛДИР”
– Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, 1957-жылкы агам Алыкулов Болуш Зулпукаровичти издейм. Ал 2006-жылы Жалал-Абаддан Бишкекке иштегени келген эле. Келгенден кийин бажасынын Беш-Күңгөйдөгү ишканасында иштеп жүрдү. 2008-жылы үйгө келип, жумушсуз калганын айтып кеткен боюнча дайынсыз. Жанында документтери да жок болчу.
Эгер агамды көрүп-билгендер же тааныгандар болсо, төмөнкү телефондорго чалып, маалымат берип койсоңуздар.

Иниси Жапар. Т.: 0778 75 05 24, 0778 21 54 56


“ГҮЛНАРА, КАЙДАСЫҢ?”
– Түп районунун Сары-Тологой айылынын тургуну, 1960-жылкы Иманкожоева Гүлнара Казакбаевнаны издейм. Ал 2004-жылы Бишкекке кеткен боюнча дайынсыз. Тааныштар акыркы жолу “Аламүдүн” базары тараптан көрүшүптүр. Учурда 82 жаштагы энеси “кызымды көрүп өлсөм, арманым болбос эле...” деп сыздап, эшиктен көзүн албай отурат.
Гүлнара, эгер издеп жатканымды окусаң же уксаң, анда үйгө кайтып кел. Апаң ооруп жатат.
Бул сүрөттөгү Гүлнараны көргөн-билгендер болсо, кабарлап койсоңуздар, сураныч.

Бөлөң Жаңыл. Т.: 0777 67 59 89


“КУРБУМ РАХАТТЫ ИЗДЕЙМ”
– Жусуп Баласагын атындагы КУУнун химия-технология факультетин 1996-жылы аяктаган курбум Бердикулова Рахат Байзаковнаны издейм. Өзү Баткендин Кара-Токой деген айылынан болот. Нарындын Миң-Кушуна турмушка чыккан. Бишкектин Көк-Жар конушунда кайнагасыныкында турганда үйүнө барган элек. Мындан 3-4 жыл мурун кайнагасынын үйүнүн жанына там салышты деп укканмын. Быйыл Көлдөн келе жатканда атайын кайрылып, бирок таба алган жокмун.
Рахат, менин катымды окуп калсаң, мага байланышка чык. Табышып, мындан ары катташып туралы.

Оштон курбуң Динара Боронбаева. Т.: 0778 80 80 72

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш. Байланыш телефону:
32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ilgez
2010-12-11 20:21:53
ийгилик силерге!!!
0
Knt
2011-02-06 02:23:39
Bir kun sozsuz silerdi Jaratkan tabywtyrat,umutunordu uzbogulo!
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан