АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуу атасынан калган машинени айдап жүрчү, эскилиги жетип калган машинеси керек учурда от албай койду.

– Эми сага эмне болду?- деп кобураган кыз машинесинен түшүп капотун ачып, алышып жатты. Адатынча Эркин кызды акмалап жакын жерде болчу. Кыздын убара болуп жатканын карап туруп чыдай албай кетти. Өткөн жолкудай анын буттары өзүнөн-өзү Айсулуу тарапка алып жөнөдү.

– Эмне болду?- деди ал акырын гана. Айсулуу кылчая берип алдынан буга чейин да чыккан жигитти көрдү. Үнү ушунчалык мээримдүү, атасыныкына окшош экен. Атакеси өзүнө кайрылганда гана тээ тереңде жаткан мээримдүү үнү менен “эмне болду?” деп сурачу. Кыз дал боло тиктеп туруп калды. Атасындай мээрим менен сүйлөгөн бул адам башка болчу, ошону сезе калганда ыза болуп кетти. Бурк эте берди.

– Эч нерсе...

– Машине от албай жатабы?

– Ооба, аракет кылдым.

– Мен карап көрөйүн...

Кыз үн катпай чегине берди. Эркин көпкө чукулап, бирок жасай албай койду.

– Мастерге эле көрсөтүш керек экен,- деди күнөөлүү сүйлөп.

Кыз үн катпай машинесинин капотун жаап жөнөп калды.

– Шашылыш беле? Менин машинем бош, айдап барып келсеңиз болот...- деди машиненин ачкычын сунуп.

– Кызык адамсыз го, тааныбаган кишиге эле бере бересизби?

– Мен эч кайда шашылган жокмун, сиз шашып жатат окшойсуз.

Айсулуу чын эле шашылып жаткан. Албай басып кеткиси келгени менен, жигиттин жан дили менен сүйлөгөнүн сезип турду. Өңүндө да өзүнө жамандык кыла тургандай түрү жок. Интеллигент экени көрүнүп турат. “Барып келсем эмне болмок эле?” деген бир ой келе калды. Тиги болсо шашып кыздын колуна ачкычты кармата берди.

– Мен шашкан жокмун, баары бир досумду күтүп турам. Сиз ишиңизди бүтүрүп келиңиз.

– Кармалып калсамчы?- деди кыз дагы деле ишенбей.

– Ишим жок, эч кайда шашпайм.

Эгерде керсейген же байлыгына чиренгенин байкаса эле шарт бурулуп басып кетмек кыз. Жигиттин ушунчалык сабылып өзүн карап турганы жибиттиби, ачкычты алып Эркиндин машинесине түшүп айдап кетти. Машине деп ушуну айт, жепжеңил, каалгыйт экен го бул, атасынын эски машинеси менен мунун айырмасын байкап кыз жылмайып алды. Тигүү цехине бармак, балериналар үчүн тигилген формаларды эртеңкиге чейин алып келиши керек эле. Эртең кыздар комиссиянын алдына чыгып бийлешмек. Аябай алар үчүн тынчсызданып, ар бир номерин ойлонуп жүргөн. Эки сааттай убакытта жумушун бүтүрүп келип калса, үйдүн жанындагы скамейкада Эркин отурган экен.

– Баары жакшыбы?- деди ал. Кызыгы, бул жолу да атасыныкындай мээримдүү тонду сезди үнүнөн.

– Жакшы, рахмат!- деди ал ачкычты сунуп.

Экөө андан ары эмне дешти билбей туруп калышты.

– Бир аз скамейкада отуруп турсак болобу?- деди Эркин анан. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү өзүнө чейин угулуп турду. Айсулуу жок дей албады. Ушунча жакшылык кылып жаткан адамга терс бурулуп кете албады. 5 жылдан бери биринчи жолу эркек кишинин сунушун кабыл алып жатканы. Акырын башын ийкеди да, скамейкага отурду. Эркин жанына келип отурду. Мына, Айсулуу жанында отурат! Кыялданып, бирок ал кыял боюнча гана калат деп ойлочу. Кыздын шамал учурган чачтарынан сонун жыт келди. Акылына эч нерсе чүргөлбөй койду. Эмне деп сүйлөш керек, кашайгырдыкы?.. Же жөн эле отура берген жакшыдыр?..

10 мүнөттөй үн катпай отурушту. Узак жылдар бою өзүн элден алыс кармаган кыз эмнегедир жанында отурган сыпайы жигитке ишеним артып жатканын байкады. Жөндөн-жөн эле, жүрөгүнө бир ишеним келди. Эркек аттуу жакындаса эле үркүп кетчү жүрөгү биринчи жолу бейпил. Өзү да таң калып жатты.

– Мени тааныйсызбы?- деди кыз.

– Жок. Кайдан таанымак элем? Биринчи жолу балет мектебинен көрдүм.

– Хм, бүгүнчү?

– Бүгүн кокустан каршылаштык. Мен...

– Сиз чет өлкөдөн келген окшойсуз жакында?..

– Ооба, кайдан билдиң, ой, билдиңиз?..

– Сүйлөгөндө англисче акцент менен сүйлөп жатасыз.

– Аа, ооба, жакында эле келдим.

– Иштеп?

– Окуп, иштеп...

Кайра үн катпай калышты. Бир убакта Айсулуу ордунан туруп кетмей болду.

– Кеттиңби? Отура турсак болмок...

– Үшүдүм, кирейин.

– Менин атым Эркин...- деди. Акыркы мүнөттө баатыр болуп кетти окшойт, колун сунду. Кыз аргасыз колун берди. Эркин биринчи жолу кыздын жүзүнө тике карады, биринчи жолу жүзүн жакындан көрдү. Сүрөттөгүдөн миң эсе сулуу экен. Дал боло тигилди. Ушул мүнөттөр эч бүтпөсүн деп тиленди ичинен. Өмүр бою ташка айланып Айсулуунун сулуу көздөрүнөн көзүн албай катып калышын тиледи. Жигиттин от чачыраган көздөрү кызды да кайдыгер калтырбады. Жүрөгү жымырай түштү. Колун шашыла сууруп алды да, үйүнө жөнөдү. Бир топко басып барып аркасына кайрылды.

– Менин атым Айсулуу,- деди ал. Оозу бүлк эте жылмайгандай болду. Эркин колдорун булгалап жиберди. Кылчайды! Атын айтты! Өх, ушундай болушу мүмкүн беле? Эркин эс-мас абалда. Өтмүшү, окуялар, күнөөлөрү, бүт эстен чыкты, кыздын көздөрү гана акыл-эсин ээлеп алды.

ххх

Марал 16 жашында атасы жаш токол алды да койду. Үч эркек баласы үйлөнүп-жайланып бөлүнүшкөн. Атасынын эркеси болгон бул кызга окуя өтө катуу тийди. Айлап эч ким менен сүйлөшпөдү. Андан кийин ушундай, дүйнөгө катуу көз карашта караган кызга айланды. Дили катуулаган сайын бардык бактылуу адамдардан өч алгысы келди. Бир жылдын ичинде картая түшкөн апасы үчүн, балалыгы үчүн, атасынын эч нерсеге карабай жаш аялга кетип калганы үчүн бирөөлөрдү кектегиси келчү. Торуна көптөр илинди. Көптөрдүн капчыгын соолутту. Аскар бирок башка болчу. Энергиялуу, акылдуу, сүйгөндө өзгөчө кумарлуу болуп кеткен бул жакшынакай адам тээ көңүлүнүн түпкүрүндө жакчу. Бирок бул дагы бир күнү мени таштап кетет деген коркунуч ал жакшы көрүүнү соолутту да койду. Планында ага турмушка чыгуу, акчаларына ээлик кылуу, өзүнөн алсыз адамдарды тебелөө болуп туруп алды. Бирок Марал ичинде кандай нерсе болуп жатканын эч кимге билгизбеген акылдуу кыз болчу. Аскарга акылынан азып сүйүп калгандай сезилди. Аскар да бул кыз жок жашоосун элестете албай калган абалга жетти. Кээде анын азгырыгы менен акылга сыйбай турган иштерди жасачу болду. Бир жолу, мисалы, үйүндө аялы жок экенин билип Маралды үйүнө алып келди. “Сиз жашаган үйдү көргүм келип жатат”. Бир ооз сөзү менен Марал кыз Аскардын ак никелүү аялы жашаган үйгө келди.

– Вау, шикарно!- деди секелек кыз айланасын суктана карап.

– Буюрса, экөөбүздүн үйүбүз да ушундай болот, ал эми бул бакчада биздин балдарыбыз томпоңдоп ойнойт.

– А эмне, бул үйдө жашабайбызбы?- деди кыз жөн салды гана.

– Болбой калат го...

– Эмнеге?

– Бул үйдө Сүйүн жашады, балдарыбыз чоңойду. Анын үстүнө үй эски, муну сатып жибериш керек. Анан сен каалагандай, кыялыңдагыдай үйдө жашайбыз.

– Это дом – мечта!- деди кыз ансайын көздөрүн кылгырта.

– Мына, кайда жашайсыз көргүм келип жатат дедиң, көрдүң. Эми кетели.

– Кайда?

– Омей, жинди кыз го.

– Бүгүн бул жакта калалы, эч ким жок экен го.

– Жок, болбойт, кыздарымдын бири же Эркин келип калышы мүмкүн. Анын үстүнө Сүйүн сиңдисин ооруканада караш үчүн эле кеткен. Түн жарымында келип калышы мүмкүн.

Кыз саатын карады. Түн ортосу болуп калыптыр.

– Бүгүн эч ким келбейт. Мага ишенип коюңуз...

– Жок, кой, кетели...

– Мой люби-имый...

Жакындай калып ээгинен жыттай берди. Жылт эткен кумарды көрдү Аскар. “Кой, эсиңе кел, Аскар” деди өзүнөн-өзү. Бирок кыздын шадылуу колдору ойной баштады. Көздөрү кылгырып кумарлуу... Таш болсо эрип кетпейби. Аскар көздөрү тумандаган боюнча баарына макул болду...

ххх

Сүйүн түнү менен сиңдисинин жанында болду. Ооруп, айылдан алып келип өзү карап жаткан. Түндө операция болду, наркоздон кийин караганга киши жок түнү менен кирпик ирмеген жок. Таң агарып бара жатканда ойгонуп кетти. “Эмне деген түш, багымда бир кара чаар жылан жүрөт да, аккан суу менен кет, аткан таң менен кет. Тфу, тфу!” деп сүйлөнгөн болду. Үйүнө барып чырм этип уктап алып тамак жасап келе турган болду. Эжесинин кыймылдаганын туйган сиңдиси көзүн ача берди.

– Сен укта, мен үйгө барып келейин.

– Барбай эле коюңузчу. Анан барасыз, таң атпай эмне бар?- деди сиңдиси бир нерсени сезгендей.

Сүйүн болбой койду. Такси чакырып үйүнө жөнөп калды.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан