СААДАТ ЖЫРГАЛБЕКОВА: “ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОНДОН КИЙИН ТУУГАНДАРЫМ КӨБӨЙДҮ”

Саадат Жыргалбекованы көпчүлүк Эрлан Андашевдин “Ашыгым” ырын кавер ырдагандан улам жакшы тааныйт. Кавер ырдап популярдуу болгон Саадат айым менен кенен тааныштырабыз.

Туулган жери: Чүй облусу, Беловодское айылы

Туулган жылы: 2002-жыл, 29-июнь

Үй-бүлөдө: 5 бир туугандын төртүнчүсү

Үй-бүлөлүү, 1 баланын энеси

– Саадат, салам, кош бойлуулук кандай өтүп жатат? Жолдошуңузду эмне деп кыйнап жатасыз?

– Саламатсыздарбы? Жолдошумду жакшы эле кыйнадым окшойт. Башында аябай кыйналдым, 2-3 ай төшөктө жатып калдым, тамак жей албай калдым. Үйдөгү жумуштарды, тамакты жолдошум өзү жасап жатты. Акыркы жолу кулпунай жейм деп ыйлап таң калтырдым (күлүп).

– Кавер ырдап жүрөсүз. Маектериңизде “өзүмдүн ырларымды чыгарам” деп көп жолу айткан экенсиз...

– Авторлорго жаздырып, өзүм аткарып чыга турган 2 ыр турат. Бирөө наристе тууралуу, экинчиси сүйүү тууралуу. Жакын арада элдин сыноосуна коём деген ниетим бар.

– Окурмандарга өзүңүз, бала чагыңыз тууралуу кенен айтып берсеңиз...

– Мен 2002-жылы Беловодское айылында төрөлгөм. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу көп мектеп алмаштыргам. Көп деле дос күткөн эмесмин. Кайсы мектепке барсам да мени ырдатып сынактарга, фестивалдарга катыштырышчу. Эжелер ошол үчүн баа коюп коюшчу. Ошондуктан классташтарым мени жаман көрүп бөлө беришчү. Сабактарды жакшы окудум деп айта албайм. Мектепти бүткөндөн кийин турмуш куруп калдым. Аны менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрчүбүз, бирок мени ала качып кеткен. Бир жыл жашап, түшүнбөстүктөрдүн айынан ажырашып кеттик. Балам азыр 2,5 жашта. Кичинекей баламды көтөрүп алып кыйналып жүргөн күндөр көп болду.

Чынын айтсам, анда мен өзүмдү күйөөгө тийдим деп эсептебейм. Анткени мен үчүн эч нерсе кылынган эмес, дегеним, калың берилген эмес, үйлөнүү той болгон эмес жана башка. Күйөөгө тийүү кандай экенин азыркы турмушумдан көрүп жатам. Жакшынакай үйлөнүп, жакшынакай жашаса болот турбайбы деп калдым.

– Ажырашкандан кийин тез эле өзүңүзгө келдиңизби?

– Депрессия болдум, бир топ кыйын күндөрдү башымдан өткөрдүм. Башкалар айтса эч нерсе эмес экен, жаныңда жүргөн адамдар басынтса катуу тиет экен. “Өзүң ошондойго ылайыксың да” деген сөздөр айтылды. Баламды апама таштап, тынч эле аркы дүйнөгө кете берет окшойм деп да ойлонгом. Стресс болуп жүргөн кезде кавер ырдап баштагам. Биринчи каверимди ырдап чыкканда Эрлан Андашев аны өзүнүн баракчасына жүктөдү. Бул мага чоң мотивация берди. Мен деле ырдасам болот турбайбы дедим. Катталуучуларым да көбөйдү. Ошондо өзүмө келип баштадым. “Ашыгымды” ырдап чыксам, ал аябай жакшы тарады, эл мени таанып баштады, журналисттер маектерге чакыра башташты. Ошентип өткөнгө өкүнбөй, алдыга умтулуп жашайын деп калдым. Алаксыдым, иштеп акча таба баштадым.

– Популярдуу болгон кандай экен?

– Мага жакты. Кичинемден эле элдин көңүлүн бурдургум келе берчү. Окуучу кезде башка мектептин кыздары мени карап, “баягы ырдаган кызбы?” деп калышса, жандарынан башты көтөрүп туруп өтүп кетчүмүн. Ошондо эле обу жок болчу экенмин (күлүп). Жылдыз болгон жакты мага. Бирок жакты деп асмандап кетким келбейт. Бир аз көтөрүлүп баратсам, кыйналып жүргөн кездеги Саадатты эстеп өзүмдү токтотуп турам.

– Айланадагы адамдардын мамилеси өзгөрдүбү?

– Мурда кыйналып жүргөн кезимде мени эч ким эстечү эмес, эч ким адам катары да көрчү эмес. Элдин алдына чыгып калгандан кийин ал-акыбалыңды сурап туугандар-тааныштар чыгып калышат экен. Адамдар популярдуу, акчасы көп, бийлиги бар адамдарга тартылышат тура, жөнөкөй адамдар менен учурашкысы келбегендер да бар. Кыйын маалда апам менен эжем көп колдоо көрсөтүштү. Ушул эки адамга аябай ыраазымын.

– Өз үнүңүзгө кандай баа бересиз?

– 10 баллдан 5 балл берем, идеалдуу дебейм. Аман-эсен көз жарып алсам, быйыл, буюрса, Искусство университетине тапшырам. Окуп үнүмдү дагы да жакшыртып алсам, анан бийик баа бере алсам керек.

– Кичинеңизден эле ырдаганга кызыкчу экенсиз, үйдө жакшы ырдагандар барбы?

– Апам “бутуң баса электе тилиң чыгып ырдачусуң” деп айтып калат. Мен төрөлө электе эле апам Кудайдан “ырчы, бийчи болсо экен” деп тилене берчү экен. Ошол тилектин арты менен ырчылык жолго келдим окшойт. Үйдө болсо атам ырдайт. Убагында Кара-Балтада тойлордо ырдап иштечү экен.

– Эрлан Андашевди өкүл ата шайлап алдыңыз, азыр мамилеңиздер кандай, байланышып турасыздарбы?

– Азыр баары эле онлайн болуп калбадыбы. Өкүл атам менен да онлайн таанышканбыз. Мен башында ырларын сурабай эле ырдап жүргөм. Бирок “Ашыгымды” ырдаарда Инстаграмдан жазып уруксат сурагам, эмнегедир ушул ырды сурагым келди. Ал “мен сенин үнүңө ишенем, ырдай бер” деген. Андан бул сөздү угуп сүйүнүп барып жаздырып ырдадым. Көбүнчө ушул ыр менен таанылдым. Башынан эле турмушка чыксам өкүл ата болууну сунуштайм деп жүргөм. Сунуштасам, сүйүнүү менен дароо макул болду. Кантип дароо эле макулдугун берип койду деп таң калып, көпкө чейин ишенбей жүрдүм. Азыр да жазышып, ал-акыбал сурашып турабыз, мамилебиз жакшы.

– Жолдошуңуз, аны менен кантип таанышкандыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Жаңы ырдап чыгып жатканда Бекзат деген байке менен иштешип калгам. Ошол командада жолдошум Адилет да бар болчу. Аны көпкө чейин байкабай жүрүптүрмүн. Кийин байкап калгам. Мага башынан сакал койгон мырзалар жакчу. Ал да мага көз салып жүргөн экен. Ошол маалда көп балдар сөз айтышты. “Мен бир турмушту көргөн кызмын, айранды да үйлөп ичем” деп баарын алыстаткам. Бирок Адилетке көңүлүм түштү. Ал учурда Москвага барып иштейм деп насыяга акча алып алгам. Адилет менен сүйлөшүп баштагандан кийин ал “барбайсың” деди. Ошону менен ал колумду сурап, баш кошуп калдык. Адилет балама өз атасындай мамиле кылат, аябай ыраазымын. Жолдошумдун өзүнүн бизнеси бар. Буга чейин 2-3 кыска метраждуу тасмага тартылган, актёрдук өнөрү бар.

– Кыялдарыңыздын канчасына жеттиңиз, алдыда дагы кандай максаттар бар?

– Ырдагым келет, бактылуу эне болгум келет, кайын журтум, жолдошум чыгармачылыгымды түшүнгөн болсо экен дечүмүн. Мунун баарына жеттим, буюрса. Максаттарым көп. Убактысы менен баары орундалат деп ишенем.

– Ошондой эле болсун! Сизге чыгармачылык ийгилик, аман-эсен көз жарып алыңыз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан