ЭЛИ КАМЫШ ТОКУП АКЧА ТАПКАН ШЫБЫРАН АЙЫЛЫ

Бүгүнкү биз маалымат бере турган Шыбыран айылы аял-эркеги дебей камыш токуп кошумча киреше таба тургандыгы менен өзгөчөлөнгөн айыл. Алар токуган камышка буюртмалар көп. Анткени анын бетине курут, өрүк, алма как, жашылчалар кургатылат, кийиз жасоодо да керектелет. Айылы жана андагы элдин жашоо турмушу менен айыл тургундары тааныштырат.

Тоо арасындагы Шыбыран айылы Баткендин Кадамжай районуна карайт. Райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алга айыл өкмөтүнүн курамына кирет.

Кожолуктун (түтүн) саны – 134

Элдин саны – 572

Окуучулардын саны – 100

“АЙЫЛДЫН АТАЛЫШЫ УЗАК ЖАШАГАН АДАМГА БАЙЛАНЫШТУУ”

Кылланбек Кенжебаев, мектеп директору:

– Илгери айылда кылымга жете жашаган, кадыр-барктуу, көрөгөч карыя жашаптыр. Айылга каттагандар “кыбыра, шыбырасына чейин көрүп жашап жаткан аксакалдын айылына бардым” деп сөз кылышчу экен. Сыягы ошондо тыбыра дегендин ордуна шыбыра деген сөздү колдонушчу окшойт. “Шыбырасына чейин жашагандын айылы” делип жүрүп Шыбыран аталып кеткен деген божомол бар.

Айыл 2 бөлүктөн турат. Бири Шыбыран деп аталса, бири Жаңгак делинет. Анткени ал жерде болжол менен 2 кылымдан бери өсүп турган зор жаңгак бар.

“10 ЧАКЫРЫМ ТАШ ЖОЛДУ ЭЛ ЖЫЛДА ӨЗҮ ОҢДОЙТ”

– Айылда орто мектеп, ФАП, 1 электр тегирмени бар.

Айыл өкмөт жайгашкан Алга айылынан 10 чакырым алыстыкта жашайбыз. Жолдордун баары таштак жол. Эзели асфальт болгон эмес. Ал жол да жаан-чачын, сел, унаалардын айынан ар жери оюлуп бузулат. Жылда айыл эли ашар жолу менен жазында оңдоп чыгат. Сугатка керектүү суунун жолун да эл өзү чаап, тазалап турат. Асфальт жол салуу маселеси дайыма көтөрүлөт, бирок чечилбей келет. Жаан-чачында борборго каттаганда, бирөөлөрдү шашылыш түрдө райондун борборундагы ооруканага жеткиргенде эл жолдон кыйналат.

Уюлдук оператор, интернет деген бизге 2021-жылы келди.

Айыл эли иче турган суу менен камсыз болгон. Бирок сугат суу тартыш. Кургакчылык болгон жылы жер иштеткен мээнетибиз өзүн актабай калат. Ушуга байланыштуу жер алдынан бургулап суу чыгаруу маселеси каралып жатат. Ушул маселени керектүү органдар чечип беришсе дейбиз.

Мектепте 100 окуучу окуйт. 10 компьютер, андан тышкары ар класста интернетке туташтырылган телевизорлор бар. Алар сабак үчүн колдонулат.

“МАЛДУУЛАР ҮЙҮР-ҮЙҮР ЖЫЛКЫ БАГАТ”

– Ар кожолук 25 сотых огородунан тышкары киши башына 6 сотыхтан тийген жер үлүшүн иштетет. Негизи бизде айдоо жер тартыш. Ушуга байланыштуу элдин негизги тиричилиги мал багуу. Малдуу дегендер 4-5 үйүр жылкы, 300гө дейре кой багат. Жок дегенде ар кожолукта 20-30дан кой, 3-4 уй, 2-5 жылкы бар. Мал сатса акча, союп жесе эт. Айран, сүт, кымызы өздөрүнөн.

Малдан тышкары негизги киреше өрүктү кургатып, камыш токуп сатуудан түшөт.

“КАМЫШ ТОКУП 200 000 СОМГО ЧЕЙИН КИРЕШЕ ТАБЫШАТ”

Эркинай Музраимова, айыл тургуну, уз:

– Камышты айылдагы ар үй-бүлө токуйт. Эркектер да аялдардан калышпай токуп, кошумча киреше табышат. Бул өнөр менен Союз кезинде эле ата-энелерибиз алектенчү. Биз алардан үйрөнгөнбүз.

Камышты чий сымал токуйбуз. Анын бетине эл курут, өрүк, алма, булардан тышкары помидор менен болгар калемпирин 2ге бөлүп, тууз сээп жайып кургатып алышат. Камыштын алдынан шамал өтүп, жакшы кургайт. Камышты кичине да, чоң өлчөмдө да токуйбуз. Өзүбүздөн ашканын сатабыз. Кичинеси 800, чоңу 3000-4000 сомдун тегерегинде сатылат. Буюртмалар кийинки учурда башка облустардан да келип жатат. Чоңдорун кийиз жасаганга, чайканалар ичин бөлүп кооздоого деп сатып алышат.

Камышты айыл четиндеги саздуу жерден ноябрь-декабрь айында, башкача айтканда, камыштын бышып катуу болуп калган убагында оруп келип, жыйнап коёбуз. Саздуу жерде өскөндүктөн түбүн бут менен тепкилеп бошотуп чогултса болот. Жаз келип күн жылыганда камыштардын сырткы кабыктарын бычак менен сыйрып, анан токуй баштайбыз. Токуу үчүн таш, пахта жип керек. Жиптин даярын сатып алып, кабаттап, чыйратып алабыз.

Эгер камыш тазаланып, жиби даяр болсо камышты 3-4 саатта 1 адам токуп коёт. Бир сезондо 50-100 даанага чейин сатып, 40 000-200 000 сомго чейин киреше тапкандар бар.

Камыш оңою менен чирибейт, 10 жылга дейре кызмат кылат.

Биздин айылды башка жактагылар “камыш токугандар айылы” деп тамашалап калышат.

“КИЙИЗ ӨТҮК, ЖҮН КИЛЕМДЕРДИ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ САТСАК ДЕЙБИЗ”

Кулпунса Калыбаева, айыл тургуну, уз:

– Айылда жүндү кайра иштетүүчү ишкана ишке киргени турат.

Жүн тыта турган аппаратыбыз бар. Айылдагы кыз-келиндердин көбү кийиз жасоону, сайма сайып, таар токууну билишет. Эми ишканада иштеген аялдар аталгандардан тышкары жүн килем токуп, жүндөн сувенирлерди, кийиз өтүктөрдү жасоону пландап жатабыз. Жакында эксперимент катары айрым түрлөрүн жасап көрдүк, жыйынтык жакшы болду. Жасагандарыбызды өлкө ичине жана чет өлкөгө сатуу пландарыбыз бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан