Музоо кирпик БУРАК ДЕҢИЗ

Кыздар ай сайын “кирпик чаптатам” деп акча коротсо, Бурак Деңиз табятынан “музоо кирпиктин” ээси. Кайсы киного тартылбасын, өнөктөш актрисалар “кирпигиңди мага берчи” деп тамашалай беришет. Түрк актёру Бурак Деңиз тартылган кинолорду көргөнсүзбү? Бүгүн актёрдун камера артындагы жашоосу тууралуу да маалымат берели дедик.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1991-жыл, 17-февраль

Жылдыз белгиси: суукуяр

Бою: 182 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Түн ханышасы”, “Сүйүү сөз түшүнбөйт”, “Качкын”, “Бүтпөгөн сүйүү”, “Марашлы” жана башка

КАМЕРАДАН КАЧКАН БУРАК

Түркияда 2021-жылы экранга чыккан сериалдардын мыкты ТОП-10дугунда “Марашлы” болду. Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Мараш шаарынын тургуну Желал Күн түрк армиясынын атайын даярдыктагы бөлүмүндө кызмат кылып жүрөт. Аялынан айрылганда кызы Зелишти караш үчүн отставкага чыгып, Мараш шаарына кайтып келет. Китеп дүкөнүн ачып, тынч жашоого багыт алган Желалдын дүйнөсүн аласалдырып, кызы белгисиз адамдардын колунан оор жаракат алат. Марашандык жигит кайдан болбосун кылмышкерди таап, жазалоону максат кылат... Дал ушул марашандык жигиттин ролунда Бурак Деңиз болду. “Боевик, драма жанрындагы сериал актёрдун талантын жаңы деңгээлге чыгарды” дешет кино сынчылар.

Кичинесинен “актёр болсом, туруктуу жумушум болуп дайыма камера алдында жүрсөм” деген Бурактын тилеги орундалды десек болот. Айткандай эле туруктуу жумушу бар, байма-бай тасмаларга тартылып турат. Акча деп ар кайсы долбоорго жулуна бербейт. Бирок азыр дайыма камера алдында болгондон качып калган учуру. Жеке жашоосун канчалык сандыктын түбүнө катпасын, күйөрмандары баары бир билип алышат.

СТАМБУЛ-ИЗМИР-СТАМБУЛ

Бурактын ата-энеси Стамбул шаарынан таанышып, үй-бүлө курушкан. Бирок балалуу болгондон көп өтпөй ажырашып, кичинекей Буракты көтөргөн апасы Измир шаарына келе берет. Балалыгы, өспүрүм курагы Түркияда калкынын саны боюнча 3-орунда турган Измир шаарында өттү. Актёр болуу кыялын орундатуу үчүн мектепти бүткөндөн кийин кайрадан Стамбулга келип, искусствонун тарыхы бөлүмүндө билим алат. Мектепте активдүү, жакшы окуган окуучу болчу. Университетте да агай-эжейлерин сыймыктанткан студент болду. Бирок кыялына дале жете элек эле.

Университетти бүткөндөн кийин театрга, тасмалардын кастингине тажабай бара берди. Анан күткөн күн келди. 22 жашында дебюттук роль алган жигит “Колледждин күндөлүгү” аттуу жаштарга арналган сериалда кадимки студенттин ролун аткарган. Укмуш популярдуу болуп кетпесе да атактуу актёр-актрисалар менен иштешкен жигит пайдалуу тааныштарды күтүп, кийинки тасмага чакыруу алат. “Султан” сериалында ал атактуу актриса Нургүл Йешилчай менен тартылат. Андан кийинки “Качкын”, “Суу көтөрүлгөн маал” сериалдары Бурактын атын актёр катары бекемдеп, мекенинде атактуу актёр кылды.

“ТҮН ХАНЫШАСЫ” МЕНЕН КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК

2016-жыл. Бул жылды актёрдун карьерасындагы бурулуш десек болот. Мерьем Узерли, Мурат Йылдырым сыяктуу кино алптар менен “Түн ханышасы” сериалына Бурак Деңиз да тартылат. Тасма 25 өлкөгө сатылып, актёрдун популярдуулугу дүйнөлүк масштабда тараган. Ошол эле жылы ал актриса Ханде Эрчел менен романтикалык “Сүйүү сөз түшүнбөйт” тасмасына тартылды. Бул сериал Кыргыз өлкөсүндө да популярдуу болгонун эстесеңиз керек э, окурман? Ошондон бери актёрдун карьерасына кыргыз күйөрмандары да саресеп салып турушат.

КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРДЫН ФАНАТЫ

Эми камера артындагы Бурактын жашоосуна баш багалы. Кинодо мыкты спорттук дене түзүлүшкө, даярдыкка ээ актёрду карап спорт залынан чыкпайт го деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Спорт залга барбайт. Эс алганы деңиз же океан жээктерине гана барат. Анткени дайвингге кызыгат, жашоосундагы жалгыз спорт – дайвинг. Туура тамактанат, бош убактысында компютердик оюндарды ойнойт. “Бир нече саат баш көтөрбөй компьютерде же телефондо ойноп отурганым – алсыздыгым” деп өзү деле моюнга алат.

“СЕКСУАЛДУУ МЫРЗА”

3 жыл актриса Бүшра Девели менен кыз-жигит мамилесинде болгон. Андан кийин модель, актриса Дидем Сойдан менен жетелешип калды. Бирок көпкө узабаган мамиленин себебин “Дидем модель катары ич кийимдерди кийип, ачык сүрөттөргө көп түшөт. Бурак сүйүктүүсүнө ачык кийимдерди кийүүгө тыюу салган. Дидем баш тартып, экөө эки жолго түшкөн” деп божомолдогон кептер интернет желесине тарап кеткен. Модель болсо “мунун баары калп, сүрөт үчүн урушкандай жаш бала белек.?Эмне себептен ажырашканыбызды бирөөгө айтканга милдеттүү эмеспиз” дейт. Түркиянын “сексуалдуу мырзаларынын” катарына кирген Бурак Деңиз 31 жашка чыкканы менен, расмий түрдө нике шакегин тагына элек.

ЖАШООСУНДАГЫ КАРА БУЛУТ

Ата-энесинен айрылуу актёрдун жашоосундагы оор жоготуу болуп калды. Көп убакыт онкологиялык оору менен алышкан апасы 2016-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Атасы биринчи үй-бүлөсүнөн кетсе да уулу Бурак менен жакшы мамилесин сактап калган эле. 2020-жылы инфарктка кабылган атасынын өмүрүн врачтар сактап кала алышкан эмес.

Ушул эле жылы актёрдун аты ызы-чууга кабылган. Түнү жолдо машинасы менен бара жаткан Бурак мотоцикл айдаган адамды сүзүп алат. Кырсыктан жабыркаган айдоочуга жардам бергендин ордуна актёр машинасын айдап качып кеткен. Көп өтпөй полициянын колуна түшкөн Бурак Деңизди текшеришкенде анын канында спирт ичимдиги бар экени аныкталат. Жыйынтыгында ал жарым жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, айып пул төлөгөн.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан