(Башы өткөн сандарда)
Тимур шашкан бойдон үстүнкү кабатка көтөрүлүп, бөлмөлөрдү кыдырып чыкты. Ар бир бөлмөнүн терезесинен жерди карап коёт. “Терезеден өзүн таштап жибердиби” деп санааркап, ал оюнан коркуп да кетти. Үчүнчү кабатка чыга бергенде жерде бүрүшүп жаткан кызды көрдү.
– Айсара,- кыйкырып жетип барып чекесин колу менен басты. От кармагандай ысык эле. Кызды көтөрүп келип керебетке жаткырды да, өзүнүн жеке дарыгерине телефон чалып тез арада келип калуусун өтүндү. Айсараны жылуулап жаап, чекесине улам муздак сууга салып чүпүрөк басат. Саатын кайра-кайра карап, бир ордунда тура албай ары-бери басып дарыгердин келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Тимур эгерим аялзатына мындай мамиле кылып көргөн эмес. Анын күйпөлөктөп жүргөн ушул абалын аялы көрсө түтөп кетмек. Эңкейип жерден бир нерсени алып берип койсо даражасы ылдыйлап калчудай болгон кишини бул кыз заматта кыйла өзгөртүп коюптур. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраары менен жүгүрүп чыкты.
– Ой, батыраак эле келсең боло, Таке,- мурутчан, бою узун кара кишини тосуп алды.
– Салам алейкум. Ой, тынччылыкпы, эмне болуп кетти?- кол алышып жаткан Тимурдун түрүн карады тиги киши таң кала. Тимур суроосуна жооп бербестен кыз жаткан бөлмөгө баштап кирди. Дарыгер бат эле кыздын дене табын, кан басымын текшерип болду.
– Абалы жакшы элеби?
– Сарсанаа болбо, бир аз суукка урунуп калган. Азыр укол сайып койдум. Буларды жатарда бересиң, температурасы түшөт.
– Рахмат, Таке.
– Эй, мунуң ким? Сага бир нерсе болгон экен депмин, мени өзүңдөн башкага чакырчу эмес элең...- сыртка чыгып баратып кызыга сурады.
– Сурайсың да, Таке, бул бир кыз,- деп оор дем алып койду.
– Кыз экенин көрүп турам, жапжашын колго алыпсың. Абайла, күйүп кетпе,- күлө коштошуп дарбазадан чыгып кетти.
– Тимур кыздын жанына барып карап отурду, чекесинен аккан терин улам аарчып, керек болсо кызды жүзүнөн куюлган терден кызганып турду. Кыз үчүн жасалган ар бир аракети өзүнөн-өзү боло берди, мынчалык камкор болуп кеткенин Тимур өзү дагы байкаган жок.
ххх
Карлыгач түнү менен уктай албады. Жини тарай элек болчу, күндө жасап жүргөн жумуштарын кылбай, баары уктап жатканда таң куландан жумушуна кетип калды. Жумушунда канчалык билгизбейин десе дагы ичиндеги ызасы, ачуусу жүзүнө чыгып турду. Карлыгачтын маанайы жок экенин, кабагына кар жаап турганын Байыш кирип келип эле байкады. Адатта жылмайып тосуп алчу Карлыгач баш көтөрүп да Байышты караган жок.
– Эмне болду сизге?- Байыш жакын келип аны ээгинен сүйөй башын көтөрдү, бетиндеги билинер-билинбес көк аланы көрүп токтоп калды. Аны аяды, көк ала болуп турган жерин акырын сылайын дегенде башын ала качты. Араң турган Карлыгачтын көзүнөн мөлтүрөп жаштар агып кетти. Байыш анын башын ийинине жөлөдү. Бирөө сүйлөсө эле жарылчудай болуп турган келин бир топко ыйлады.
– Кызганып дегилечи, оюмда эч нерсе жок эле балдар менен жеткирип коёюн дегем. Күйөөңүздүн минтерин билсем...
– Сенин күнөөң жок. Бул болуп эле келе жаткан көрүнүш. Кой, башкалар келе турган учур болуп калды, булар да экөөбүздү сүйүштүрүп жиберишпесин,- Карлыгач Байыштын жанынан туруп көзүн аарчыды. Карлыгач бетин жууп келгенче Байыш ага кофе даярдап койду.
– Рахмат сага,- деп жылмайды Карлыгач кофени алып жатып. Бир аз мурун эле ачууланып турган Карлыгач ыйлап алганга жеңилдей түштүбү, айтор, күлүп калганы Байышка жага түштү.
– Сизге күлгөн ушунчалык жарашат да, мен сизди бир жакка алып барып келбейминби?
– Бир жагыңды кой, күйөөм билсе...
– Күйөөңүз ансыз деле кызганат экен го. Куру эле уруш жей бербей бир нерсе кылыш керек. Азыр ыйладыңыз, маанайыңыз жок, мындай абалда иштей деле албайсыз. Мен сизди тоого алып барып таза аба жуткуруп эс алдырып келейин.
– Жок, жакшы элемин. Балдарды да бала бакчадан алышым керек.
– Балдар жалгыз эле сиздики беле, карасын да күйөөңүз деле. Бетиңизди көгөрткөнү үчүн таарынып барбай деле койсоңуз болот го дейм.
Карлыгач эстеп ызалана түштү. “Анын мындай кылыктарына канчага чейин чыдайм?” деген ой келди.
– Жумушчу?
– Ой, Карлыгач эже, ар нерсени шылтоолобоңузчу. Өзүм айтып жаткандан кийин жумуштан бошмун деп ойлой бериңиз да. Коркпоңуз, эч ким деле билбейт, кечинде жумуштан чыккан маалда үйүңүздө болуп калсаңыз болду да.
Жумуш, үй, бала бакча, тамак жасоо деген нерселер мээсине орноп калган Карлыгачка бир жакка баруу алгач өөн учураган. Бирок эмнегедир Байыштын сунушуна макул болуп муюп калды. Балким, чындап эс алгысы келдиби, же күйөөсүнөн өч алгысы келдиби, айтор, Байыш менен кайда болсо дагы бармай болду. Жумушка келгенден бери Байыштын колдоосу, жардамы Карлыгачты ага кыйла жакындатып койду. Андан эч бир зыян келбесине ишенет.
– Мейли, шеф өзү айтып калды, барса барып мээни сергитип келели,- деди Карлыгач.
– Сиз чыгып машинага отура бериңиз, бетиңиздеги көк аланы эч ким көрбөй эле койсун, сөз көбөйтүп алардын ар бирине жооп берип отурат белеңиз,- Байыш Карлыгачка унаасынын ачкычын сунду.
Байышты Карлыгач унаада жарым сааттай күттү.
– Жумуштарды дайындап койдум, меникин да, сиздикин да, эми сарсанаа болбой кете берсек болот,- Байыш унаасынын ачкычын алып жатып Карлыгачка карады. Анын арткы орундукта ыңгайсызданып, өзүн кылмышкердей сезип отурганын бир карап эле байкады.
– Өзүңүзгө бир эркиндик бербейт экенсиз го. Баарын унутуп салыңыз. Сиз бир күн жок болсоңуз жашоо астын-үстүн болуп кетпес. Балким, күйөөңүз сизди кадырлай баштайт, сиз жок ага оор болорун түшүнүп, кол көтөрмөк тургай үн көтөрбөй калаттыр,- Байыш унааны от алдырып жатып ушуларды сүйлөдү. Карлыгач жигиттин сөздөрүн ойлонуп отуруп калды.
ххх
Марат ойгонуп аялынын орду бош калганын көрдү. Туруп ашканада тамак даярдап жаткандыр деп ойлогон. Бирок кыбыр эткен кыймыл болбогонунан туруп эки жакты карады. Аялы чай да кайнатпаптыр. Кийимдерин карап жумушка кетип калганын билди. Балдарын ойготуп, “кийингиле” деп шаштыра баштады. Аларды алып бала бакчаны көздөй жөнөдү. Балдарын киргизип жиберип, Карлыгачка телефон чалды, өчүк. “Таарынган экенсиң, энең дурайындын катыны, анан эле таарынычың жазылып өзүң чалбас бекенсиң...” деп сүйлөнүп жумушуна кетти. Анткен менен күн түштөн ооп кетти. Карлыгач чалган жок, Марат улам телефонун карап коёт. Балдарды бала бакчадан ала турган дагы маал болуп калды, Карлыгачка дагы чалып көрдү, дале өчүк. “Кечинде катуу кетип калган окшойм, чаап да жибербедим беле, кайнежемдикине кетип калдыбы же эмне болду?” оор үшкүрүнө ар нерсени ойлонуп отуруп, жумушунан суранып балдарын бакчадан алып келди. “Курсагыбыз ачты” деп ызылдай баштаганда Карлыгачка дагы телефон чалды. Өчүк. Дүкөндөн балдарына бир нерсе алып келип берип, телевизор коюп экөөнү үйгө таштап, Карлыгачты издеп жумушуна жөнөдү...
(Уландысы кийинки санда)