ШОУ-БИЗНЕС, МАДАНИЯТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргыз улуттук драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 3 жылга созулган оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. 95-театр сезону 27-март – Эл аралык театр күнүндө Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде коюлган "Төлгө" эпикалык спектакли менен ачылды. Спектаклдин режиссёру Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров. Ошондой эле театрдын фойесинде актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту орнотулуп, анын ачылышы болду. Аны айкелчи Тамила Маматова жасаган. Учурда театрдын репертуарында 40ка жакын ар кыл жанрдагы спектаклдер коюлууда.

Театрды оңдоп-түзөө иштери үчүн өкмөт 84 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. Бирок пандемия сыяктуу түрдүү себептерден улам оңдоо иштери үзгүлтүккө учураган. 2021-жылдын сентябрь айында кошумча 45 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Театр мындан 95 жыл мурун, 1926-жылы 11-октябрда негизделип, азыркы имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Маданий жайда учурда 196 кызматкер эмгектенет.

Маметосмон кызы Гулийпа

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан