ОРОЗОГО ПАЙДАЛУУ РЕЦЕПТТЕР

Мусулмандар ыйык туткан Орозо айында кандай азыктарга басым жасоо туура? Кантип орозону зыяны жок туура кармоого болот? Нутрициологдун кеңеши менен бирге ооз бекитүү жана ооз ачууга ылайыктуу рецепттер менен бөлүшөбүз.

ООЗ БЕКИТҮҮДӨ КАНДАЙ ТАМАКТАР СУНУШТАЛАТ?

Адамдын организми 4 негизги компоненттен турат: белок, углевод, май жана суу. Бир күндүк рациондо ушул 4 компонент организмге керектүү өлчөмдө берилсе зат алмашуу процесси жакшы жүрөт. Ошондуктан саарлыкта белоктуу, кеч сиңүүчү углевод компонентине бай азыктарга басым жасоо туура.

Чоң адамдын бир күндүк рационундо белок – 100 грамм, углевод – 75 грамм, май – 30-60 грамм, суу – 1,5-2 литр болушу керек.

Ар кандай акшактардан жасалган ботколор, майлуулугу жогору сүт азыктары, төө буурчак, бууга же сууга бышкан уй, тоок эти, жумуртка жана жаңгактын түрлөрү, кургатылган жемиштер сунушталат. Ал эми жемиштерден банан жакшы. Курамында кофеин заты бар суусундуктар уйкуну качырат, ошондуктан кара чай, кофенин ордун суу менен алмаштыруу оң. Тамакты өлчөмүнөн көп жегендик тамак сиңирүү системинин иштешин оорлотот. Ооз бекитип, ачууда майлуу, туздуу, таттуу азыктардан, газдалган суусундуктардан баш тартуу керек.

ООЗ АЧУУДА КАНДАЙ ТАМАКТАР СУНУШТАЛАТ?

Жылуу же бир аз ысыгыраак суу менен ооз ачуу жакшыраак. Мындан соң 1-2 гана курма жеген жетиштүү. 10-15 мүнөт күтүп, анан тамакка киришүү туура. Алгач тоок, уй, кой этинен, жашылчалардан кайнатылып жасалган шорпо ичип, жашылчалардан, буурчактын түрлөрүнөн, гречка, күрүчтөн жасалган тамактарга өтүүгө болот. Андан кийин жашылчалардан жасалган салаттарды жеген жакшы. Ал эми жемиштерди 1-2 сааттан кийин жеш керек. Кара чай, көк чай, жалбыз менен лимон кошулган суусундукту ысык кезинде ичип суунун балансын толуктасаңыз болот.

Эскертүү! Бул кеңеш ден соолугунда көйгөйү жок адамдарга сунушталат. Анткени кант диабети бар адамдар саарлыкта сулу акшагын жесе кандагы канттын деңгээлин көтөрөт. Ал эми лимон менен жалбыз кан басымды түшүрүп жибериши мүмкүн. Ушул сыяктуу бир нече эске алуучу учурлар бар, ошондуктан ден соолугуңузда көйгөй болсо дарыгериңиз менен кеңешип рационуңузду түзүп алыңыз.

СЫР ЖАНА АШКАБАКТАН САМСА

Ооз ачуу үчүн

Керектелүүчү азыктар:

Камыр – 1 субала

Пияз – 2 баш

Ашкабак – 200 грамм

Сыр – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз, ашкабакты аарчып-жууп, майда төрт чарчы туурайбыз. Ага сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп, туз, мурч себелеп аралаштырабыз.

2. Жумшак жуурулган камырды жука жайып алабыз. Тегерек алкактын жардамы менен тегерекчелерди кесип алыңыз. Бир тарабына туурамжыдан салып, беттеп бүктөп чекелерин бекитебиз. Жарым шардын чекелерин вилка менен басып койсоңуз самсага көрк кошот. 180 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт коюп бышырабыз.

ОМЛЕТ

Ооз бекитүү үчүн

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Жумуртка – 3 даана

Сүт – 5 аш кашык

Консерваланган буурчак – 4 аш кашык

Шпинат – 1 боо

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы идишке чегип туз, сүттү кошуп чалабыз.

2. Ысып турган көмөч казанга 1 аш кашык майды куюп, үстүнө жумуртканын жарымын куюп, 2 аш кашык буурчакты жана таза жуулган шпинаттан салып капкагын жабабыз. От күчтүү болбошу керек. Түбү кызарганда чыгарып алабыз. Кийинкисин да ушул жол менен бышырабыз.

ЖАШЫЛ КРЕМ ШОРПО

Ооз ачуу үчүн

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тоок саны – 1 даана

Пияз – 1 баш

Брокколи – 200 грамм

Картошка – 2 даана

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок санын жууп казанга салып 3 литрдей суу куябыз. Кайнап чыкканда чий көбүгүн тазалап, туз салып 40 мүнөт жай отто кайнатабыз.

2. Картошка менен пиязды майда төрт чарчы туурап алабыз. Алгач пиязды шорпого салып 5 мүнөт кайнатып, анан картошканы салып 5 мүнөт кайнатабыз.

3. Этти чыгарып майда туурап кайра салабыз. Артынан чоңураак тууралган брокколи менен шпинатты кошобуз, 10 мүнөткө жетпей бышат. Оттон чыгарып блендер менен бир массага келгиче эзип алабыз. Ооз ачууга крем шорпобуз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан