“Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп,
Ааламда бир да аялзат
Ажарлуу эмес сенчелик”,- деген керемет саптар арналган аялзаты бүгүн маек төрүбүздө. Бул ырдын автору Баян Акматов жана анын сүйүктүү апасы Венера Айтболсунованы кепке тарттык.
– Саламатсыздарбы? Бүгүн эне-бала ортосундагы мамиле тууралуу кеп кылганы турабыз. Алгачкы суроону, Баян, сизден баштайлы, маекке келинчегиңиз менен чакыралы десек, “биринчи апам менен барайын” деп калдыңыз...
Баян Акматов: – Саламатсыздар, ата-эне менен маек берген жакшы го деп ойлойм. Экинчиден, үй-бүлөнү чыгармачылыкка аралаштыргым келбейт, ал тургай социалдык баракчага да сүрөттөрүн чыгарбайм. Назар тиет дегендей...
– Венера эже, Баян сизди маекке алып келүү үчүн көпкө көндүрдүбү, же өзүңүз эле макул болдуңузбу?
Венера Айтболсунова:
– Баян “маекке сизди да чакырып жатышат” деди. “Сөз таба албай уят болуп калбаймынбы?” деп бир аз тарткынчыктадым, бирок келдим.
– Төкмө уулдун жарык дүйнөгө келиши кандай болду?
В.А.: – Баян 1987-жылы 8-май күнү таңкы саат 6:00дө Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Таң укмуш кооз аткан. Сирень гүлү бажырайып, айлана кооз болуп турган керемет учурда төрөлгөн. Баян кичинесинен тырышчаак болчу, тамганы эрте үйрөндү. Комузга жакын болуп “чертем” дегенинен кичинекей комуз алып бергенбиз. Өзү чертип кетти.
Б.А.: – Апа, комузду кантип таап бердиңиздер эле, ачык эле айта бериңиз (күлүп).
В.А.: – Бөлөлөрдүн үйүнө бардык, Баян кичине комузду эле кармалап кетпейт, анан сурабай алып кеткенбиз (күлүп).
– Баян, апасына арнап көп ыр чыгарган акындардын бирисиз, эми апаңызды кара сөз менен сүрөттөп берсеңиз...
Б.А.: – Ар бир бала үчүн ата-эне дүйнөдө жок башкача адам катары сезилет. Ата башкача жаралган жан, эненин касиети, мээрими таптакыр башкача. Эне баласы үчүн ысык-суукка, барга-жокко, баарына түтөт. Биз эки доордун тогошкон учурунда төрөлүп калган балдарбыз, атактуу 90-жылдарда балалыгыбыз өттү. Ата-энелерибиз бизди кыйналып багышты. Түмөн түйшүктү көтөрүштү. Анын баарын көрдүк, көргөн-уккандын баары жыйылып келип анан эне тууралуу ырларым жаралды. Эки ооз сөз менен апамды сүрөттөгөндө, апамдын мээрими, балдарым дегенде ичкен ашын жерге койгону бар. Көп сүйлөбөйт, бирок көл адам.
– Венера эже, уулуңуз айтып кеткен оор жылдарда эки уулду удаа төрөп, бирдей эмчек эмизип баккан экенсиз...
В.А.: – Ооба, ортолору бир жыл болгон Баян, Рустам деген эки уулдуу болдук. Баян эмчектен такыр чыкпай койду, кичинесин эмизип жатсам Баян маңдайыма келип отуруп алат. Аябай эмгиси келет окшойт, шилекейи куюлуп кетет тим эле. Түтпөй кетип, Баянды жаныма отургузуп бир эмчегимди ага берип бактым. Ошентип Рустамдын ууз сүтүн Баян эмип алды окшойт, ал балам арык болуп калды (күлүп). Азыр экөө өтө жакын, экөө тең борбордо жашайт. Улуу балам айылда. Үч уул, бир кызым бар.
– “Ааламда бир да аялзат ажарлуу эмес сенчелик” деген саптар сизге арналган эмеспи, хит болуп элдин баары Ишен Назаровдун аткаруусунда тааныганда энелик кызганыч болгон жокпу?
В.А.: – Баян ал ырды чыгарганда өзү мага комуздун коштоосунда ырдап берген. “Апа, кандай экен?” деди, мага аябай жакты. Жүрөгүм толкуп чыкты, анткени сөздөрү да, обону да сонун төп келген экен. Башында “Ишен Назаровдун “Апакем” деген ыры” деп калганда ичимден жаман болуп кетчүмүн (күлүп). Чынын айтканда, кызгандым. Кийин сөзү Баяндыкы экенин элдин баары билип калышты. Билинет экен.
– Баян мырза байма-бай айтыштарга катышып турат, азыр табына келген күлүктөй болуп турган учуру. Келип көрүп турасызбы?
В.А.: – Нарында жашайм да, борбордо болгондо келип угуп турам. Айтышта утканда аябай сүйүнөм, айылда кошуналарды чакырып чай берип коём.
– Баян, апаңызга өтө ыраазы болгон же таасирленген учуруңуз болду беле?
Б.А.: – Айта берейин эми, бул нерсе ар бир жигиттин эле башынан өткөн да. Бир окуя болду, мен экинчи курс болуп калсам керек эле, айылга барып калдым. Классташтар менен жолугуп, катуу майрамдадык. Бакылдашып отуруп таңкы 5-6 болуп кетиптир. Майрамдап алгандан кийин кайдан келе жатканыңды деле билбей калат экенсиң. Көрсө, биздин көчөдөн өтүп бараткан экенбиз (күлүп). Ата-энеме андай көрүнгөн эмесмин да, апам көчөдө туруптур. Көрүп калды. Катуу деле айткан жок, бирок ошол уктабай таңкы саат канчага чейин мени күтүп жолумду акмалап турганына катуу уялдым. Негизи андай деле беймаза кылган бейбаш эмес болчумун. Бирок түнү менен апам уктабай мени күткөнү таасир берди. “Өмүрүм өтүп кеткенче ушул аты жаман немеге жолобойм” деп сөз бердим. Кудайга шүгүр, ошол мыйзам менен келе жатам.
В.А.: – Чыгып кеткен боюнча жок, сарсанаа болуп тургам. Көчөдө бакылдашып эле кетип бара жатат, кызуу аябай эле. Мени караган да жок. “Ээ, Баян, бас. Эс албайсыңбы, таң атып калды” дедим. Эки бети кыпкызыл болуп эле үйгө кирип кетти.
– Бир сөзүңүз менен аты жаман нерседен токтотуп коюпсуз. Азаматсыз, жазалаган учуруңуз болду беле?
Б.А.: – Апамдын такыр колу тийген жок. Аябай жумшак киши, апам көл, өзүнчө эле даркан талаа. “Асман түшүп жатыптыр” десе, “аа, түшүп жатыптырбы?” деп коёт. Атам болсо шашма киши, чый-пыйы чыгып кетет. Асман түшө электе эле “асман түшкөнү жатат окшойт” деген адам (күлүп).
– Апаңыздан кандай мүнөз алдыңыз, атаңыздан кандай сапат алдыңыз?
Б.А.: – Апама окшоп кенебейм. Мурун шоу-бизнесте интрига көп болсо, азыр биз тарапта көп болуп калды. Мага туура эмес иштерди кылган кишиге кенебей мамиле кылып коём. Атамды тарткан сапатым – импровизация. Мен кыргызда импровизация боюнча алдыма киши салбайм деп айта алам. Төкмөлүк, обончулук, сүрөтчүлүк, комузчулук, кол өнөрчүлүк жактан болобу, өзүмө жаккандай шөкөттөп кете берем. Мунун баарына атам себепкер, анткени ал сүрөтчү. Негизи мен да сүрөтчү болмокмун, сүрөттү жакшы тартчумун. Ошол кезде сүрөтчүлүк өнөргө тартып кеткен таасирленткен адам болгон жок. Баягы Ашыраалы ата, Тууганбай аталарга таасирленип төкмөлүк тарапка ыктап кеттим.
– Өтө жакшы маек куруп бердиңиздер, Баян мырза, бул жолу сизге эркин микрофон, апаңызга канчалык жакшы көрөт экениңизди айтып кетсеңиз...
Б.А.: – Апа, сиз мен кире турган бейиштин каалгасы, ачкычысыз. Мен үчүн Айдан да, Күндөн да сулуу, асылдардын асылысыз. Тунугум, бейишим, ыйыгым! Кудайга миң мертебе рахмат айтам мени сиздин балаңыз кылып жаратып койгону үчүн. Бар болуңуз, апа, сизди чексиз жакшы көрөм!
В.А.: – Өзүң да аман бол, уулум, мен дагы сени жакшы көрөм, элдин уулу болуп калдың, сыймыктанам!
Нуржамал Жийдебаева