Куудул Нарынбек Молдобаевдин чыгармачылык чөйрөдө жүргөнүнө 40 жылдай болду. 40 жылдан бери алгачкы жолу маек берип жатканын айтат ал. Каарманым өзү, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы, андагы кыйынчылыктар, жыргалчылыктар тууралуу айтып берди.
– Нарынбек байке, саламатсызбы? Гастролдоп аймактарды кыдырып жүрүптүрсүздөр, ошол тууралуу сөз баштабайлыбы?
– Саламатчылык. Жакшы болот. Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиевдин "Аял жок эркек адамбы?" деген темадагы концертин коюп облустарды кыдырып жүрөбүз. Ушундай кыйын учурда элдин маанайын көтөрөлү, күлкү тартуулайлы деп алыбыздын жетишинче аракет кылып жатабыз. Кымбатчылыкка карабай бизди көргөнү келип, талантыбызды баалап жаткан элибизге ыраазычылык билдиргим келет.
– Буга чейин эч бир ММКга маек берген эмес экенсиз, сиз тууралуу маалымат дээрлик жок экен, өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.
– Ооба, биринчи жолу маек берип жатам. Мен кандай ролду жаратсам да кемчиликтери көп сезилет, “мыкты ойнодум, жеткире аткардым” деген ойлор менде эч качан болгон эмес. Маектен качканымдын бир себеби да ушул. Эмнени кыйратканымды айтам деп ойлоном. Бул ирет берип көрөйүн дедим. Кандай болсо дагы чыгармачылык деп жүргөнүмө 40 жылдай болуп калыптыр. Өзүм тууралуу айтсам, мен Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынан болом. 1964-жылы 20-майда төрөлгөм. Элде бир ата-эне болсо, менде тапканы, бакканы менен үчөө. Ата-энелерим жөнүндө өзүнчө бир чоң тема болуп кетет, аны кийин шашпай айтайын.
Окуучу кезде өтө тентек болгом. Орус тилинен сабак берген эжекем “сенден бандит гана чыгат” дечү. Кийин мени көрүп, “сенден күтпөдүм эле, сени менен сыймыктанам” деп ыраазычылыгын билдирген. Мектепте орто эле окугам.
Ошол кичине кезимден тартып эле артист болгум келчү. Ал маалда айылдарда спектаклдер коюлуп, артынан концерт беришчү. Аны көргөндөн кийин көпкө чейин толгонуп унута албай, ошол артисттерди түшүмдө көрүп, кайрадан келишин күтчүмүн. Артисттер келет дегенде уйкум качып, убакыт токтоп калгандай сезилчү.
– Анан бул чөйрөгө кантип аралаштыңыз?
– Мектепте 5-класста окуп жатканда баккан апам Кара-Көл шаардык балдар музыкалык мектебинин комуз бөлүмүнө алып барып киргизди. Ал жакта 5 жыл окудум. Андан кийин комуз үйрөткөн Өзүбек Рысбеков деген агайым мени Кара-Көл шаардык "Энергетик" маданият үйүндөгү "Чымчыкей" тамаша тобуна сүйлөшүп киргизип койду. Ошентип менин эмгек жолум 1984-жылы башталды. 1998-жылы Шахра Талипова жана Дүйшөн Молдобаевдин чакыруусу менен Жалал-Абад облусундагы филармонияга которулдум. Андан кийин Абдылда Иманкулов агабыз мени "Ар бир айдын алтысы" долбооруна алып келди. Ошону менен чоң ийгиликтерге жетип эмгектенип келе жатам.
Мен ЖОЖдо окуган жокмун. Буюрса, быйыл тапшырганы жатам. Билим алуу, окуп үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деп эсептейм. Бирок 40 жылга жакын практикалык багаж менен окугандардай эле кызматта жүрөм.
– Алгачкы жолу качан сахнага чыктыңыз?
– Алгачкы жолу 1984-жылы Кара-Көл шаарында "Чымчыкей" тамаша тобунун концертинде "Сокур күйөө бала" деген сатирада ойноп чыккам. Сатираны ойноп жатканда аялымды жамбашка тебишим керек эле. Ботинкамдын такасынан мык чыгып калган экен, кыздын кыска көйнөгүн кийип чыккан агайымдын санын жыра тээп салгам. Агайымдын бутунан аккан кан токтобой, ал мени кубалаганы эсимден кетпейт. Анан уялып үч күн жумушка барбай койгом. Агай өзү үйгө барып, күлүп, “кийинкиде эки жагыңды карап жүр” деп кайра ээрчитип кеткен. Биринчи сахнага чыкканым ушундай болгон.
– Кандай ролду көп ойнодуңуз?
– Мага аялдардын ролу көп берилет. Ойногон ролумдун образын табуу мага өтө кыйындыкка турат. Базарларда, көчөлөрдө көп жүргөнгө туура келет, ошол образды издейм.
Ойнолгондон кийин “шариятка туура келбейт, аялдардын ролун ойнобоңуз”, “ушинтип аялды ойноп оокат кылбай эле койбойбу” деп айткандар көп болот. Мындай сөздөрдү угуп жан дүйнөм аңтарылат. Балдарымдын көз караштарынан да ошол ойду сезип турам. Эң кыйналганым – бир концертте эки же үч жерде аялдын образын жаратуу, бул тозоктун тозогу.
Ушул күнгө чейин эч качан биринчи пландагы ролду ойногон эмесмин. Жалаң экинчи, үчүнчү пландагы ролдорду ойноп келем. Бирок өкүнбөйм, Сабира Күмүшалиева апабыз да такыр биринчи пландагы роль ойнобоптур. Ыраматылык Рахман Разыков өмүрүнүн акыркы күндөрүндө “Нарынбек, сен экинчи пландагы ролдорду биринчи планга чыгара ойнодуң” деп жүрдү. Башка андай сөздү эч кимден уга элекмин.
Мен кандай ролду алсам да жүрөккө жеткире аткарууга тырышам, ошол образды тапканча канча деген толгонуу, ойлонуу, кыжалатчылыкты башымдан өткөрөм. Жакшы ойноп, элдин кол чабуусуна татыган көз ирмемдерди сүрөттөп айтуу артист үчүн өтө кыйын. Сахнадан кетирбей кол чабылып турса, артисттин бактысы ошол.
– Жаш куудулдар менен сиздердин замандагы куудулдардын тамашаларындагы айырма эмнеде деп ойлойсуз?
– Тамашалардын кандай айырмасы болот экен деп "Ошингтон” командасынын жигиттери менен биргеликте программа даярдап, Ошто эки күн концерт бердим. Эң сонун болду. Жаштар өтө кыска тамашаларды ойношот экен, биздин чыгармалар узун форматта да, болгон айырма ушунда экен. Эки форматты бириктирип ойногондо өтө кызыктуу болду, эл жакшы кабыл алды.
– Ырдап да каласыз...
– Мен ырчы эмесмин. Көңүлүмө жаккан обондуу чыгармаларды, тексттери көңүлүмө туура келсе алымдын жетишинче аткарганга аракет кылып жүрөм. Канчалык деңгээлде аткарылды, ага эл өзү баасын берет.
– Үй-бүлөңүз, жубайыңыздын чыгармачылыгы тууралуу айтып бериңизчи.
– Бир аялым, экөөбүздүн 2 уул, 2 кызыбыз, 5 неберебиз бар. Жубайым Гүлзада Сартмырзаева кесиби боюнча ырчы, актриса. Учурда Токтогул элдик театрында иштейт. Репертуарын кыргыз жыттанган улуу муундун классикага айланган обондуу ырлары менен толуктайт. Үйдү да, чыгармачылыкты да бирге алып жүрүү өтө кыйын, бирок бири-бирибизге жөлөк-таяк болгонубуз үчүн билинбейт. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз ушул тармакта иштегенибизге каршы болуп жүрүштү. Жакынкы жылдары гана түшүнүп, колдоп келе жатышат. Ыраматылык кайын энем көзү өтөр жылдары Гүлзаданын аткарган ырларына баа берип, бекер тоскоол болгонун моюнуна алып өкүнгөнүн айтып жүрдү. Экөөбүз тең жулунбаган, тартынчаактык сапатыбыздын айынан көп ийгиликтерден куру калдыкпы деген ойго келем. Ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз артист болгонубузга каршы турганына карабай иштеп, эл катары эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрдүк, неберелүү болдук. Артист дагы адамча жашаса болот дегенди далилдегендей болдук окшойт. Балдарымдын улуулары сахнада эле чоңоюшту. Концерт маалында аккордеондун чехолуна төшөк салып уктатып коюп эле чоңойттук. Бүгүнкү күнү да Гүлзада тараптан мага колдоо көп. Мен минтип гастролдоп кетем. Ал үй жумуштарын өз моюнуна алып, чыгармачылыгын таштабай эмгектенип келет.
– Сонун! Бактыңыздар соолубасын! Чыгармачылык ийгилик!
Перизат Музуратбекова