Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы берген маалымат боюнча, быйыл орозо айы 2-апрелде башталат. Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн.
Рамазан айы кут болсун!
ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъаала.
Кыргызча мааниси:
Алланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.
ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, фагфирлии маа каддамту ва маа аххарту, бирахматика йа архамар роохимин.
Кыргызча мааниси:
Алла Таалам, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым. Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.
БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?
• Атайылап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе;
• Тиштин арасында калган тамак-аштын калдыгын жутса;
• Тамакка, мурунга дары чачыратканда, тамызганда, ашказанды текшертүү үчүн шланг жутса (анткени ага май же крем сүйкөлөт);
• Клизма кылдырса;
• Түгөйүнө атайын жакындык кылса, атайылап бел суюктугун чыгарса (мастурбация, оргазм жана башкалар);
• Башка адамдын шилекейин жутса (жубайлардын өбүшүүсү);
• Бирөөлөр менен катуу урушса, сөгүшсө.
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?
• Унутуп жеп же ичип алган учурда, кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, тамагына чымын-чиркей кирип кетсе;
• Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса;
• Кулкундан өткөзбөстөн тамактын тузун көрүп, кайра тилди суу менен чайкап салса;
• Ден соолугуна байланыштуу көзгө, кулакка дары тамчылатса;
• Ооздогу шилекейди, какырыкты, чимкирикти жутса;
• Мурун канаса же бир жери кесилип кан акса;
• Тамакты жутпай балага тамак-аш чайнап берсе.
БИТИР-САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Битир-садака – айт намазына чейин муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын бир түрү. Ал кедей-кембагалдарга жардам катары, орозонун кабыл болуусу үчүн, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан арылуу максатында берилет.
2022-жылдагы садака-битирдин өлчөмү
Рамазан айынын 26сынан 27сине караган түнү Кадыр түн белгиленет.
Гулийпа Маметосмон кызы