ЭН БЕЗИНИН БАРСЫЛДАГЫНЫН ИЧИНДЕ ЧАЧ, ТИШ, УЮГАН КАН БОЛУШУ МҮМКҮН

Аялдарга тиешелүү оорулардын ичинен эң көп кезиккен түрү – эн безинин барсылдагы. Анын кандай түрлөрү бардыгын жана дарылоо жолдорун гинеколог Бактыгүл Абдраманова айтып берди.

ЭН БЕЗИ

Аялдардын эн бези – кичи жамбашта жайгашкан жуп орган. Алар жумуртка клеткаларынын жаралып өсүп жетилчү жери. Андан тышкары эстроген жана прогестерон гормонун бөлүп чыгарат. Төрөт курагындагы аялдардын эн безинин болжолдуу узундугу 1,9-3,7 сантиметр, туурасы 2-3,1 сантиметр, калыңдыгы 1,4-2,2 сантиметр болот. Эн безинин барсылдак оорусу эң көп тараган дарттардын катарына кирет.

Барсылдактын (киста) бир нече түрү бар жана келип чыгуу себептери ар кыл. Бардык жаш куракта пайда болуп, көбүнчө оору белгилери билинбей өнүгө берет. Андыктан алар оорутуу жаралган акыркы стадияларында билинет.

БАРСЫЛДАКТЫН ТҮРЛӨРҮ

Геморрагиялык. Эн безинин үстүнкү жагына ичине уюган кан жана кан аралашкан суюктук толгон капсула түрүндөгү барсылдак. Башкача айтканда, барсылдакка кан куюлуудан жаралат. Көбүнчө оор жумуш жасаганда, эн безинен жаракат алганда, айрым учурда этек кир келген кезде жаралат.

Параовариалдык барсылдак. Ичте түйүлдүктүн өсүү процесси бузулганда жаралган шишик сымал. Гормоналдык бузулуудан келип чыгат. Андай бузулууга стресс, дамамат уйкунун канбай жүрүшү, өнөкөт чарчоо, оор жумуш, аборт, оор төрөт жана башкалар себеп болот.

Муциноздук. Залалдуу эмес шишик түрүнө кирген, ичине былжыр сымал суюктук толгон капсула. Өз алдынча сорулбайт. Бул түрү өтө бат өсөт, өлчөмү 30-50 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Капсула чоюла берет. Мындай оору менен ооругандардын 5-17 пайызында оору залалдуу шишик түрүнө өтүп кетет. Негизги себеп – гормоналдык бузулуу, тукум куучулук, иммунитеттин төмөндөшү.

Фолликулярдуу. Ар бир айда аялзатынан бирден жумуртка клеткасы жетилип фолликуладан чыгып турушу керек. Жогоруда айтылган себептерден улам бөлүнүп чыкпай калганда эн безинде топтоло берет да, эн бези чоюлат, барсылдак жаралат. Диаметри-4-5 сантиметрге чейин жетиши ыктымал.

Эндометриоиддүү. Ичине кара-күрөң илээшкек (көбүнчө кан аралаш көбүктүү) массага толгон барсылдак. Бул түрү этек кир келгенде ич катуу ооруйт. Дарыланбай жүрө берсе аял тукумсуз болуп калат.


Дермоиддүү.
Бул тубаса залалсыз шишик. Кыз баланын түйүлдүк кезинде организминде эн бези пайда болуп жаткан учурда анын ичине башка дагы жаралып жаткан нерселер: кемирчек, чач, тырмак, тиш, булчуң май же нерв тканы кирип кетиши мүмкүн. Барсылдак акырындап өсөт. Өспүрүм кезде көлөмү чоңоюп калганда УЗИден билиниши мүмкүн. Өлчөмү көбүнчө 6-7 сантиметр болот, кээде 15 сантиметрге жеткендери да кездешет. Операция жолу менен алынат.

Сары денеченин барсылдагы. Овуляциядан кийин гипофиз иштеп чыгарган лютеиндешкен гормондун таасиринен жаралат. Аталган гормон болсо стресс, ашыкча чарчоо, суукка катуу урунуудан, гормоналдык системдин бузулушунан көп бөлүнүп чыгып кетет. Негизи жумуртка фолликуладан чыккандан кийин сары денече пайда болот. Алар чогулуп прогестерон бөлүнүп чыгат. Чогулган клеткалар акырындап сорулуп жок болуп кетиши кажет. Эгер сорулбай калса фолликуланын ордуна барсылдак жаралат.

Эскерте кетсек барсылдактар этек кир эрте, мисалы, 11 жашта же ага чейин келгенде, аборт жасатканда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, калкан сымал бездин иштөөсү бузулганда, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам да жаралат.

Белгилери

• Этек кирдин баш аламан келиши же бир нече ай келбей калышы

• Ичтин көбүшү

• Жыныстык жактан кошулгандагы оорутуу

• Жыныстык кындан жыты сасык суюктуктун келиши

• Киндиктин алдынын тартылып оорушу

• Дене табынын көтөрүлүшү

• Көңүл айлануу, кускунун келиши

• Бат-бат заара ушатуу

• Чоңоюп кеткен барсылдак жарылып кан агууну жаратат. Бул башка органдарга зыянын тийгизет, ич көңдөй ириңдеп кетиши мүмкүн.

Дарылоо

Дары-дармек менен дарылоо. Дарылоодон мурда УЗИден текшерилүү, анализдерди тапшыруу керектелет. Дарылоо ошого жараша жүргүзүлөт. Өз убагында кайрылса врач жетишпеген же ашыкча гормондорду азайтып же көбөйтүп дарылоо жагын карап көрөт. Айрым өлчөмү кичинелер өз алдынча сорулуп кетүүсү ыктымал.

Фолликулярдык жана сары денеченин барсылдагында 2-3 ай гормоналдык дарылоо сунушталат. Эгер барсылдак сорулбаса оору татаалдайт, мисалы, ириңдейт, жарылат, ичине кан агат. Лапароскопиялык ыкма менен операция жасалып, барсылдак өзү же эн безинин канча бир бөлүгү кошо алынат. Операциядан кийин 2 аптадан соң жумушка чыга берсе болот, жыныстык кошулуудан 1 ай карманат. Эн безинин функциясы калыпка келиши үчүн 3-6 айга чейин гормоналдык дары жазылып берилет.

Хирургиялык ыкма. Барсылдак пайда болгондон 3 ай ичинде кетпесе, өтө чоңоюп кетсе колдонулат, барсылдак кырылып салынат. Кокус жакшы кырылбаса же кийин гормоналдык бузулуу кайталанса кайра пайда болушу ыктымал. Муциноздук, эндометриоиддүү жана дермоиддүү түрүндө операция жасалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан