Залкар Касымов, актёр: “МЕНИ КЫЗДАР “ЧАЙКОВАТЬ” ЭТЕ АЛБАЙТ, АНТКЕНИ ГУЛЯДАЙМЫН”

Бүгүнкү маектешим “Чайки-зайки” тасмасында Гуля деген ат менен белгилүү болгон Залкар Касымов. Төрт атасын билген, жылкыны сүйгөн, кыздардын акылын баалаган, таланттуу жигиттин маегине күбө болуңуздар.

– Салам, Залкар! Мурунку интервьюларыңда “өзүмдү актёр деп эсептебейм” деген экенсиң...

– Салам. Ооба, ошентип айткам, менин түшүнүгүмдө актёр деген билими болгон же атайын курстарга барган, ошону кесип катары алып кеткен адам. Биз “Тамашоудон” эле чыккан жигиттербиз да. Актёрлук билимим жок болгон үчүн ошентип ойлойм. Мен өзүмдү юморист, сценаристмин деп эсептейм.

– Бирок киного тартылып жатасың, тартылган киши баары бир актёрлук жоопкерчиликти алышы керек да. “Актёр эмесмин” деген нерсе өзүңдөн жоопкерчиликти алып койгондой болуп жаткан жокпу?

– Жок, актёр эмесмин деген – бул ачуу чындык. Сценарист катары сценарийдин да, ролду аткарган киши катары ролдун да жоопкерчилигин алабыз. Актёр өмүр бою ошол кесип менен тамак таап жеген, актёрлук менен жашаган адам. А мен бул нерсе менен көп деле жашабайм.

– Кыздын ролун ойногон канчалык оор?

– Мен бир жигиттин ролун оңой эле ойноп коё алам. Ал эми кыздын ролун ойногон алда канча татаал. Кыздын манерасын, психологиясын, жүрүм- турумун, басканын, баарын өздөштүрүү керек, бул чоң эмгек. Кино көрүп жатканда кээде эл биздин эркек экенибизди унутуп калат, ага чеберчилик керек. Башка кинолордо жигиттин ролун да ойнойм, бирде ата, бирде бала, бирде жигит болуп ойногон көп эле ролдорум бар.

– Кыздын ролун жаратууда эмне өтө оор болду?

– Кыздардын ички кийимин кийүү оор, жүдөп кетесиң. Эки саат макияж жасалат, кирпик чаптаган оор.

– “Чайка” кыздар чын эле жашоодо көппү?

– Мен көп эле көрдүм. “Чайка” – клубда эле жигиттерден бир нерсе өндүрүп алуу эмес, жашоодо деле “чайка” кыздар бар. Жигитти экинчи вариант катары карап, пайдаланып кеткен кыздар жок эмес.

– Өзүңдү “чайковать” этип кеткен кыздар болду беле?

– Жок, мени антиш кыйын. Жашоодо деле мен Гулядай элемин. Гуляны “чайковать” этиш кыйын болуп калат го. “Чайковать” этилген балдар ишенчээк, ошол чөйрөдө аз жүргөн жигиттер болот. “Чайка чайканы алыстан тааныйт” дегендей эле, биз андай кыздарды алыстан эле билип коёбуз.

– Эркек “чайкалар” да бар, ээ?

– Бар, “век выживание” да.

– Назира Айтбекова “эркектер, кыздарды туураган тенденциядан чыккылачы, башка нерсеге фантазия жетпейби?” дегендей оюн жазыптыр баракчасына. Сенин жообуң?

– “Чайки-зайкинин” биринчисинен кийин андай ролдорду токтотконбуз, анан баары эле жазып “экинчисин чыгаргыла” дешти. Экинчиси азыр кино театрларда хит болуп жатат. Эми талап болуп жатса чыгарабыз да. Гуляны бир кыз ойносо эч ким барбайт болчу, мен буга кепилдик берем. Эркек ойногону үчүн күлкүлүү болду. “Тамашоунун” балдары баарыбыз “кызды туураганды токтотобуз” деп чечкенбиз, бирок талап болуп жатпайбы, Назира айым, деп жооп бермекмин.

– Кимдин жашоосу жыргал деп ойлойсуң?

– Эң жыргал жашоо мектепте окуп жүргөн учур. Өспүрүмдөр, мени окуп калсаңар жыргап алгыла, чоңойгондо жыргалдын баары бүтүп калат. Мен 10-классыма кайра баруу мүмкүнчүлүгү болсо аябай жыргамакмын. Чөнтөктө 10 сом бар болсо жыргап, башка эч нерсени ойлобой жүрө берчү элек.

– Мектепте кандай окудуң?

– Мектепте да, университетте да “5” деген баага окудум. Аракет кылчу эмесмин, жаттачу эмесмин, тез ойлонуп, тез чечим чыгарып, логикам жакшы иштеп кетет.Көп нерсени тез үйрөнөм.

– Жылдыз төлгө боюнча эгиздер эмессиңби? Эгиздер тез ойлонот деп билем.

– Ооба, эгиздермин.

– Убакыт өткөн сайын көңүлүңдөгүдөй кыз таба албай калат бекенсиң?

– Ооба, кыздардын ойлорун угуп “бүгүн минтип ойлонсо, эртең бул кандай болот?” деген сын коштогон көз караш менен карап калат экенсиң. Эрте үйлөнүп албасаң тандап каласың деген чын экен.

– Кыздардын сулуулугу таасир этеби сага?

– Сулуулугуна анча карабайм, мага логикасы керек. Мени түшүнгөнү, бир толкунда болгону маанилүү. Кыз ар бир күнү кызыктуу китепти окугандай кызыктуу болушу керек. Эгерде бир суроо берип, ал эмне деп жооп берерин өзүң билсең, анда кызыгы кетип калат. Кызыктуу адамдар жагат негизи.

– Жолуктуңбу анан ошондой кызга?

– Жок, азырынча таба элекмин. Быйыл ниет бар үйлөнгөнгө.

– Косметиканы жашооңдо колдоносуңбу? Тоник менен тонердин айырмасы кандай?

– Жашоодо такыр эле косметика колдонбойм, парфюм, бет май деле колдонуп көргөн эмесмин. Гримди киного тартылып жатканда эле коём. Тонер деген бетке тон берген нерсе болуш керек, тоник анын үстүнө коюлган нерсе го, ээ? Логика менен эле айтып койдум.


– Туура эмес болуп калды. “Канча акча берсе да кыз болуп аткармак эмесмин” деген актёрлорду угуп калдым, сен бул долбоордон көп акча таптыңбы?

– Долбоор биздики да, тасманын продюсери өзүм. Канча акча түшсө баары биздики. Эгерде мени бирөө ушундай роль ойноп бер деп чакырса эч качан бармак эмесмин. Өзүбүздүн долбоор болгону үчүн кыздын ролун аткардым. Вайн катары эле башталган нерсе болчу, башында айткандай, ушу ролго талап болуп киного айланып кетти.

– Сен үчүн жашоонун кайфы эмнеде?

– Спорт залда машыгуу. Андан кийин парга кирүү. Мурун уйку болчу. Чыгармачыл адам катары сен эмгек кылып жасаган нерсең, мисалы, кино элге жакканы – бул эң чоң кайф. Сахнада туруп сенин тамашаңа эл дуу күлсө ошол сонун нерсе.

– Кыргыздын жигити катары жети атаңды билесиңби?

– 4 атама чейин билем.

– Урууңду билесиңби?

– Канды уруусунанмын.

– Ат чапканды, кой сойгонду, устукан тартканды билесиңби?

– Атты жакшы чабам, кой соё албайм, устукан тартканды билбейм. Бирок этти жакшы жейм (күлүп).

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан