ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-апрелден 10-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Иштин арты кандай болот деп шекшип, күмөн санай берсеңиз ийгиликке жете албайсыз. Өжөрлүк жана чечкиндүүлүк гана пландарыңызды ишке ашырууга жардам берет. Сизди жашыруун, көшөгө артындагы интригаларга аралаштырууга аракет кылгандар чыгат. Тажрыйба, ой толгоолоруңузду өзүңүз эң жакын деп эсептеген адамдар менен гана бөлүшүңүз. Ой-пикир, көз карашыңызды адамдарга жеткирип түшүндүрүп берүү үчүн көп энергия сарптайсыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада талыкпай иштесеңиз гана үзүрүн көрөсүз. Кесиптештер менен жакшы мамиледе болуңуз, анткени жамааттык колдоого мажбур болуп калышыңыз мүмкүн. Апта ортосунда жетекчиликтен эскертүү аласыз. Үй-бүлөлүүлөрдү жагымдуу жаңылык күтөт, көптөн бери балалуу болууну пландап жүргөндөрдүн пландары ишке ашат. Жалгыз бойлор сүйүктүүсү менен таарынышып, убактылуу сүйлөшпөй калуулары ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ички туюмуңуз менен чечим чыгарыңыз, ал сизге туура багытты көрсөтөт. Бизнесте иши солгундап жүргөндөр кабатыр болбоолору кажет, банкроттон куткарчу жолду таба алышат. Кирешеңиз көбөйүп, сиз саткан же чыгарган буюмдарга талап өсөт. Айымдардын жан дүйнөсүндө тынчтык орун алып энергия булагын толукташат. Оорулардын алдын алып дарыгердин текшерилүүсүнөн өтсөңүз болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Принципиалдуу маселелерди чечүүдө ишенимиңизди бекем коргоңуз. Пландаган иштериңиз ойдогудай болбой кайсы бир адамдардын айынан тоскоолдукка учурашы мүмкүн. Эмоцияга алдырбай, сабырдуулук менен гана абалдан чыгып кетесиз. Апта ортосунда сүйүктүүңүз менен жолугушуу белгиленсе жылдырбаңыз, ал кезигүүдө сизге маанилүү болгон маселелер козголот. Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз менен табият коюнунда эс алсаңыз болот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта жаңы нерселерди окуп-үйрөнүп, билимиңизди тереңдетүүгө ыңгайлуу. Жумушсуздар жаңы жумуш ордун таап, ал эми көп жыл бир жерде иштегендер карьералык тепкичтен көтөрүлүшөт. Сүйүү мамилесинде жаңы таанышуулардан этият болуңуз, сүйүү үч бурчтугуна кабылып атаандашыңыздан жабыр тартып каласыз. Профессионалдык спорт түрү менен алектенгендерди ийгилик коштойт, мелдештерден жеңиш менен кайтышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өзүңүзгө болгон талап абдан күчтүү болгондуктан айрым учурларда ден соолугуңузду курмандыкка чалып иштейсиз. Аптада жеке саламаттыгыңызга көбүрөөк көңүл бурганга туура келет. Дарыгер айткан тапшырмаларды так аткарганыңыз туура. Алыска сапарга же чет өлкөгө чыгуу ийгиликтүү болот. Болгону керектүү документтерди алдын ала даярдап коюңуз. Салык, насыя, коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү унутпаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптанын биринчи жарымы кызыктуу окуяларга, жаңы таанышууларга бай болот. Жумушта субординацияны сактап өзүңүздөн улуу кишиники туура болбосо да туура деп койсоңуз, ашыкча сөздөн кутуласыз. Жетекчилик менен чыр-чатактан, талашып-тартышуудан алыс болуңуз. Жеке жашоодо өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Соода менен алектенгендер аптада кирешеси көбөйүп, үй-бүлөдөгү каржы көйгөйүн чечкенге жетишишет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада жумушуңузда көп нерсеге жетишсеңиз болот. Белгилүү бир тапшырманы аткарып кесиптештериңиздин урмат-сыйына ээ болосуз. Сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңиз жогорулап кийинки аптага энергия топтойсуз. Буга чейин жүрөк өйүп жүргөн маселеңизди дал ушул жума чечкенге туура келет. Канчалык кыйын болбосун тобокелдикке барып көйгөйдү чечүүнү колго алыңыз. Жалгыз бой чаяндарда бул апта алар ойлогондой өтөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Досторуңуздун жана жакындарыңыздын колдоосу менен көп маанилүү иштериңизди бүтүрүп аласыз. Бизнестеги өнөктөштөрүңүз менен реалдуу компромисске барыңыз, болбосо демөөрчүлөр сиздикинен башка долбоор таап алышы толук мүмкүн. Көп убактыңызды жумушка арнап, үй-бүлөдөгү милдеттериңизди унутуп калбаңыз. Студент жаачылар жаңы программаларды мыкты өздөштүрүп, окутуучунун мактоосу менен мыкты баага татый алышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Убактыңыздын көбү үй тиричилиги менен өтөт. Үйдү иретке келтирүү, эмеректердин ордун алмаштыруу да айрымдарга өзгөчө ырахат тартуулайт. Сүйүү мамилесинде майда-чүйдө сөздөрдү териштирүү болушу мүмкүн. Мен-сен деген кептерди жыйыштырып, маселенин өзөгүн териштиргениңер туура. Эс алуу күндөрүн жалгыздыкта тынч жайда өткөрсөңүз болот. Досторуңуз жаңы идеяларды сунушташат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада үй-бүлөлүк маселелерге көп көңүл буруңуз, анткени балдарыңыз, жакындарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж. Жумушта чоң пландарга киришпей, күнүмдүк иштер менен чектелип туруңуз. Анткени чоң иштер өзгөчө натыйжаларды бербейт. Бир нерсе сатып алууда этият болуңуз. Байкабай иштетилген же сапаты начар буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Ошондой эле банктардан насыя алуу да сунушталбайт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Адамдар менен мамилени жакшыртууга, таарынышып жүргөндөр менен табышууга ыңгайлуу апта. Бул жума бүтүрчү жумушуңузду кийинкиге калтырбаңыз, кийинки жума да бүтпөй калат. Сиздин жардамыңызга жана кеңешиңизге муктаж болгон адамдар чыгат. Чыгармачыл балыктарга идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Идеяңызга демөөрчү табылып, ал адам сизге каржылык гана колдоо көрсөтпөстөн, туура кеңешин да айткан мыкты насаатчыга айланат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан