ТУРУСБЕК ЖУМАЛИЕВ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫН АЛГАНЫН “МАЙЛАДЫ”

Актёр, алпаруучу Турусбек Жумалиев 30-мартта 60 жылдык юбилейин жана Эл артисти наамын алганын Бишкектеги тойканалардын биринде белгиледи. Бул тууралуу Жумалиев мындай дейт:

– Мен эми пайгамбар жашына келип калдым да. Анан тааныштарым “Эл артисттик наамыңды жуубайсыңбы” деп калышты. Анан наам алганым менен кошо 60 жаш юбилейимди бириктирип белгилейин деп чечип, ушундай маараке өткөрүп калдым. Мен эмгегимди, ийгиликтеримди апам көрсүн дечүмүн. Апам да маегим чыгабы, мен алып барган иш-чаралар көрсөтүлөбү, телевизордон калтырбай көрчү. Жубайыма да “сен ооруп калдың, бирок мен мындай иштерди жасап жатам, Кудайга шүгүр” деп айтчумун, ал сүйүнүп калчу. Азыр эми экөө тең жок, эми ким үчүн кылам деп ойлондум. Бирок бир туугандарым, эли-журтум бар экен, мына ушинтип көтөрүп кетишти, мен бүгүн абдан бактылуумун. Ушул кечемде апам, жубайым тирүү жүрсө, ушуну көрүшсө деген өксүк болду. Ошентсе да алар арбагы менен колдоп жатса керек деп ойлойм.

Маметосмон кызы Гулийпа

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1008, 1-7-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан