Супер-2010
“Супер-Инфо” гезити 4-5-декабрда Улуттук Филармонияда 2010-жылдын мыктыларын аныктоо аземин өткөрдү. Бул жылы баштагыдан айырмаланып, мыктыларды тандоо WWW.SUPER.KG расмий сайтыбыздагы добуш берүүдөн сырткары, атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен чыгарылды. 17 наам боюнча өлкөбүздүн көрүнүктүү адамдары жылдын мыктылары аталышты. Ыр-күлкү, оюн-зоокко бай болгон концерт “Супер сулуу-2010” сулуулар сынагы менен коштолду.
а
Бурул Исмаилова, Залкарбек Карабалаев
star@super.kg