Өмүрлүк шеригиңди туура тандоо дагы турмушта көп нерсени чечет эмеспи. “Азыркы тапка чейин кыз-жигиттей таттуу мамиледебиз” деген түгөйлөр манасчы Рысбай Исаков менен жубайы Гүлкайыр Исакова бизге кызыктуу маек куруп беришти.
– Саламатсыздарбы, куш келипсиздер!
Рысбай Исаков: – Кудайга шүгүр, баары жакшы.
– Стандарттуу суроо, кантип тааныштыңыздар эле?
Р.: – “Манас мурас” деген фонд түзүп, манасчыларды ошол жерде тарбиялап, окутчубуз. Гүлкайыр ошол жакка инисин алып келчү. Бир күнү инисин калтырып, өзүн ээрчитип барып үйгө киргизип, жоолук салып койгом (күлүп).
– Иниңиз да манасчыбы?
Гүлкайыр Исакова: – Иним Кадырбек Бейшенов азыр төкмө акын болуп кетти. Рысбайдан сабак алып, манас айтам деп жүргөндө 10 жашта болчу.
– Көргөндө эле өмүрлүк жолдошум болорун билгем деп калышат го, сиздерде кандай болду?
Г.: – Ортобузда 12 жаш айырма бар. Башында үй-бүлө куруп кетебиз деп ойлогон эмесмин, Кудайдын буйругу экен. Учурда 5 баланын ата-энесибиз.
Р.: – Мен негизи азыр үйлөнбөйм деп жүрчүмүн. Максаттарым көп, ошолорго жетишейин, үйлөнгөнгө убакыт жок, башкалардын үйлөнгөнү деле жетишет деп жүрчүмүн, бул болбой койбодубу (күлүп).
Г.: – 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Окуудан кийин дайыма тосуп алчу, чогуу тамактанчубуз, сейилдечүбүз. Анан үйгө жеткирип койчу. Поэзия кечелери, концерт, тойго көп чогуу барчубуз. Бир күнү тойго барып келели деп ээрчитип кетип эле баш кошуп калдык.
Р.: – Той болду да (күлүп). Өзүнүн тоюна барды.
– Жолдошуң өзүңдөн бир топ жаш улуу болсо, ортодо сый болот деген чын бекен?
Г.: – Ооба, бул токтоо. Жаш кезде курчураак болосуң да, биз Рысбайдын токтоолугу менен көп нерседен буйдалбай өтүп кетебиз.
– Үйлөнбөйм деп жүрчү экенсиз, Гүлкайыр айымдын кайсы сапаты сизди ал оюңуздан кайтууга түрттү?
Р.: – Сапатына деле карабайт го дейм, көргөндө жактыруу, жылдызы төп келишип калуудан эле болсо керек. Мүнөзүн деле карап отурган эмесмин, таанышып дароо эле сүйлөшүп кеткенбиз.
– Кыз-жигит кезиңиздердеги же үй-бүлөлүк кызыктуу бир окуяны эстеп бербейсиздерби?
Р.: – Бул студент эле да, мен узатып бара жаткам. Жолдон “шоро ичесиңби?” десем, “жок” деди. Жай мезгили болчу, тамагым кургап кеткенинен өзүм шоро ичип туруп, төлөйүн десем чөнтөктө акчам жок. "Акчаң барбы?" деп мындан сурасам, 5 сом берди. Көрсө, ал жол киреге деген акчасы болчу экен. Уялганынан бериптир да. Аны кийин айтып жатпайбы.
Г.: – Ошондо уялып айта албай бир топ жерге чейин жөө кеткем.
– Күркүрөгөн манасчы, сырттан караганда аябай олуттуу көрүнөт, үйдө кандай?
Г.: – Тамашакөй эле, элдин баары сүрдүү, олуттуу дей беришет.
Р.: – Бейтааныштарга олуттуу элемин, сырдана болуп калган киши менен гана тамашалашасың да. Болбосо тамашаңды түшүнбөй, “кытыгыласам күлбөс бар, кызык кепти билбес бар” дегендей, "мен сенин теңтушуңмунбу?" деши мүмкүн, этият болуш керек. Бул жашоодо ансыз деле түйшүк көп, андыктан күйүттү күлкү менен, кайгыны каткырык менен жеңип, кичине шаңдуураак жашаш керек деп ойлойм. Кыйынчылыкты түшүнүү, убакыт менен өтүп кетет деген нерсе аркылуу жеңиш керек деп ойлойм. Үй-бүлө болгондон кийин түшүнбөстүктөр, кыйынчылыктар болот. Казан-аяк кагышат дегендей, баары эле жипке тизген шурудай болуп тептегиз боло бербейт. Бар болот, жок болот, ачка-ток болосуң. Кээде нанга акча таппай, кээде опур-топур болуп бапырап калган учурлар болот. Турмуштун кесеси бирде толот, бирде бөксөрөт. Турмуш ошонусу менен кызык. Ошол учурда "кокуй, менде жок" деп мүңкүрөп калбаш керек. Жок нерсенин өзү кызык болот. Бардык нерсе бар, телегейиң тегиз болуп калса, Евгений Онегиндикиндей жашоо бир кылка, супсак болуп кетиши мүмкүн. Жокчулук – бул алдыга койгон максаттарыңдын көбөйүшүнө себепкер болот.
– Өзүңүз айткандай, үй-бүлөдө пикир келишпестиктер болбой койбойт, ошондой учурда таарынычтарды кантип жазасыздар?
Г.: – Мен ачууга алдырышым мүмкүн, Рысбай болсо унчукпай жеңип кетет. Кээде бир нерсе деп сүйлөсө бугу чыгып калат беле деп ойлоп кетем. Таарынганымды бат эле унутуп калам.
Р.: – Мен оңою менен жазылбайм. Бул кандай тарс жарылса ошондой эле таарынычы бат жазылат. Кечириштик дегенден кийин деле жайдары мүнөзгө келгенче бир топ убакыт өтөт. Барып-барып жайдарыланып калбасам, бир кабагым тырышкан бойдон кала берет.
– Бала тарбиялоо жүгү көпчүлүк учурда эненин моюнунда эмеспи, сиздерде кандай?
Г.: – Рысбай чыгармачыл адам, гастроль, иш-чара деп жүрүп жумушунан бошобойт деле. Балдар көбүнчө менин жанымда. Балдарды урушуп, какыс-кукус деле кылбайбыз, сөз менен эле айтабыз. Бири-бири менен урушуп, сөз талашмайы деле жок.
Р.: – Балага болгон тарбия "тамеки тартпа, арак ичпе" деген сыяктуу сөздөр менен эмес, ата-эненин жүрүм-туруму, бири-бирине кылган мамилеси менен болушу керек. Балдар айтканды жасабайт, көргөнүн жасайт. Көргөн нерсеси менен тарбияланганы үйдөгү тарбия болуп эсептелет.
– Ким кызганчаак?
Г.: – Мен көбүрөөк кызганам. Бирок Рысбай кызганууга деле себеп жаратпайт, кайда барбасын айтып, мени кабардар кылып турат. Мен болбой эле кызгана берем (күлүп).
Р.: – Жадакалса мага ургаачы чымын дагы кондурбайсың деп тамашалап калам (күлүп). Андай учурда сеники туура дебесең 3-дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн.
– Кандай белек берип жубайыңыздын көңүлүн алып турасыз?
Р.: – Негизи мен эч нерсе тандай албайм, өзүмө калпакты, анан байпакты эле тандай алам. Калганын келинчегим тандайт. Колдон келсе белекти тыйын менен берген туура деп эсептейм.
Г.: – Чет өлкөгө барганда асем буюмдарды алып келесиң го...
Р.: – Башкалар алып жатса, "ии, кокуй, ушуну алыш керек турбайбы" деп алып коём да.
Г.: – Сюрприз кылганды жакшы көрөт. Туулган күнүмдө, майрамдарда сюрприздерди жасайт. Романтик, азыркы убакка чейин бир жакка баралы, сейилдеп келели деп турат. Алыс жакка кеткенде ыр менен кат жазып турат. Бизди көрүп кошуналар "кыз-жигиттей эле жүрөсүңөр", "жаштар, кандайсыңар?" деп тамашалап калышат.
– Маегиңиздерге рахмат. Ар дайым ушундай жылуу мамилеңиздер өчпөсүн.
Динара Акимова