(Башы өткөн сандарда)
Таң агарып келе жаткан маал кандай керемет. Чымчыктар сайрап, жаздын илеби көңүлдү көтөрүп Сүйүн эмнегедир көңүлү куунак. Канча убактан бери өзүн ушунчалык жакшы сезбеген экен. Эркин келгенден бери көңүлү ушундай жайдары жүрөт. Сүйүн аябай эмгекчил жан болчу. Өз колу менен бул бакчаны гүл бакчага айландырган. Не бир түркүн гүлдөрдүн сорту, алмалар, алча, бүт баары бар. Бир аз убакыт бакчасында керемет жытты искеп ырахаттанып отурду да, үйүнө кирди. Босогодо кыпкызыл шиш така жатыптыр. Таң кала түштү. Андан ары басса, биринчи кабаттын тепкичинде кыпкызыл көйнөк жатыптыр. “Бул эмне шумдук?” деп алган Сүйүн таң кала түштү. Өз бөлмөсүнө кирип барып бирөө башына таш менен чапкандай туруп калды. Төшөктө Аскар, анын моюнуна колун арткан уп-узун болгон бир дене жатканын көрдү. Оозуна сөз келбей калды. Тиги экөө эч нерсе менен иши жок таңкы уйкуда мемирешет. Сүйүндүн бут алдынан жер көчүп бараткандай болду. Дүйнөнү жаңырта бакыргысы келди. Бакырды дагы...
– Аа-ааа-аа!
Аялдын жапайы үнү таңкы бейпилдикти бузуп жиберди. Шашкалактап тура калган Аскар Сүйүндүн ачуудан купкуу болуп кеткен жүзүн көрдү. “Өлдүм!” деди ичинен. Карбаластап тура калды. Марал шашпай көзүн ача берип, алдында турган аялды карап куду таанышындай жылмайып койду.
– Аа, саламатсызбы?..
Бул уятсыздыкка адам кантип чыдайт? Мындай нерсени жер кантип көтөрүп турат? Сүйүн илбирстей секирип кыздын жүзүнө асыла берди. Жетпей калды. Тутамында болгону капкара чачтары калды. Аскар ага жеткирбей кармап калды да, башка бөлмөгө киргизгенге аракет кылды.
– Сүйүн, Сүйүн, кечирип койчу, мен...- карбаластаган күйөөсүнүн жүзүнө да кол салды. Аял жинденгенде аябай күчтүү болуп чыга келет экен, дайым спорт менен машыгып жүргөн Аскар да токтото албай калды. Тиштеп, тытып, колу жеткен жерин аткып, бакырып-өкүрүп жатты. Башка бөлмөгө түртө салып аялын камай салган Аскар жаш селкисине катуу айтты.
– Эмне турасың жалдырап, бол жыйнал да, тез чыгып кет үйдөн!
– Ну котик, ты что...
Деги эле бул жерде эч кандай трагедия болбой тургандай ууртунан жылмайган Марал куду кимдир бирөөдөн өчүн алып жаткандай. Өз үйүндө уктагандай беймарал кийинди да, койкоюп эшик тарапка басты.
– Пока!- деди ал үрпөйүп айласы кетип турган Аскарга карап. Сыртка чыкканда “карасаң, шымына чычып салган баладай шөмтүрөп турганын. Мындайда эле баатыр булар, аялым мындай, мен айткан нерсени кылат, тиги-бу деп жатпадың беле. Аялыңдан жүрөгүң түшүп калды го” деди табасы кана. Машинасын жай жүргүзүп айдап кетти. Планы ишке ашты. Эми кандай аял болсо да ажырашып тынат, Аскар колго түшкөндөн кийин анан ага чыныгы жашоо кандай экенин көрсөтөт. Машинасында маанайды көтөрчү музыканы койду да айдап бара жатты Марал. Эх, Марал, Марал... От менен ойноп жатканыңды бир билсең эмне?.. Акылдуумун деген адамдын алдында андан да акылдуу, куумун дегендин алдында андан да куу, залиммин дегендин алдында андан да таш боор адам жолугарын учурунда билбейт турбайбы пенде дегениң...
ххх
Жаш селкинин шиш такасынын үнү алыстап барып машинанын күрүлдөп от алганын уккан Аскар “өх” деди. Азыр эшикти ачпай турганы оң. Өзү жуунуп, жаткан бөлмөнү жыйнамыш этти да, бир аз убакыттан кийин эшикти ачты. Сүйүн жөн гана терезени тиктеп отурган экен. Жаштуу көздөрүндө азыркы ызанын изи бар. Жаны күйүп турганы көрүнүп турат.
– Сүйүн,- деди акырын гана Аскар. – Кечирип койчу мени, ичип алып...
– Ичип алыппы?
– Ооба. Мынчалык итчиликке барбайт элем.
– Сен ит болгонуң качан? Элдин жашы жогорулаган сайын акыл кошулса, сен жашың өткөн сайын акылыңдан азып бара жатасың.
– Сүйүш, эми...
– Мен сени менен сүйлөшпөйм, эми адвокаттар сүйлөшсүн. Мен сени менен ажырашам.
– Ия?
– Ажырашам.
– Койчу...
– Эмне, ишенбей турасыңбы?
– Жо, ишендим, азырбы?
– Ушунчалык тебеледиң, үйүмө шуркуяларыңды алып келгенге чейин бардың. Сүйүндүн намысы жок дедиң, ээ? Намысым бар болчу, бирок эне үчүн аялдык намыстан да балдарынын келечеги артык болчу. Мен балдар үчүн чыдадым. Натыйжада сен бирине да жакшы ата болгон жоксуң. Демек, мындан ары чыдаштын кереги жок. Баары бүттү!
– Макул, Сүйүн, сен кандай десең ошондой болсун.
– Азыр кийимдериңди алып чыгып кет, сотко чейин үйгө келбе, көзүмө да көрүнбө.
Аскар таң калды. Өзү 30 жылдан бери билген Сүйүн бул аял эместей сезилди. Ал тургай үнү дагы өзгөрүп кеткендей. Бирок сөздү көбөйтө турган болсо мындан да жаман окуя болушу мүмкүн экенин сезди да, үн катпай чыгып кетти. Кийимдерин алган жок, жардамчысын деле жөнөтүп жиберсе болот. Балким, ажырашпай деле калышар...
ххх
– Апоов, кайдасыз?- уулу көңүлдүү киргенине таң кала түштү Сүйүн. Ашканада бир нерсе кылып жаткан эле. Эркин апасынын аркасынан келип кучактап куду кичинесиндегидей апасын жыттап алды.
– Бах, кандай сонун жытың бар!
– Тентек десе, эмне болду мынча?
Баласынын мындай жаркыган жүзүн көп жылдан бери биринчи көрүшү. Каргашалуу окуядан бери биринчи жолу жарык күндөй жаркып турду.
– Эч нерсе деле...
– Бир кызбы?
– Балким...
– Мен билемби?
– Жок, апа, сиз билбейсиз. Бул дем алышта үй-бүлөбүз менен тоого чыгып келели деп ойлоп жатам.
– Карындаштарың мененби?
– Ооба, күйөө балдарың менен, неберелериң менен.
– Мейли, бирок сени менен кеңеше турган дагы бир ишим бар, уулум.
– Эмне болду?
– Менин наамымдагы бардык мүлктү үчөөңө жаздырышым керек. Адвокатты эртеңкиге чакырдым. Үйдү, дүкөндөрдү, менин атымда эмне болсо ошонун баарын....
– Кудай сакта, эмне болуп кетти?
– Атаң менен ажырашам.
– Ия?
– Ооба, бүгүн сүйлөштүм.
– Сизге эмне кылды ал? Жөн жерден сиз мындай чечимге келмек эмессиз?
– Кылчунун баарын кылды, балам, кайсынысын айтайын? Мендеги бардык нерселерди силерге жаздырганда ал экөөбүз бөлүшө турган эч нерсе калбай калат. Ошол үчүн тез арада силерге каттатыш керек.
– Хм, согуш ачып жатасыз?
– Мен өмүрүмдү туура эмес адамга коротуптурмун. Мен силерди да бактысыз кылдым, балам. Атаң болбогондо үчөөң тең мындан бактылуу болот белеңер. Мени кечиргиле.
– Апа, апо-оов, антип айтпаңызчы, сиз сонун эне болдуңуз. Эч кандай туура эмес иш кылган жоксуз. Мен сизди аябай жакшы көрөм, апа. Бир нерсе айтайынбы?
– Айт.
– Аябай туура кылып жатасыз. Эң туура чечим. Жок дегенде мындан ары тынч жашайсыз. Аскар депутат өз жашоосу менен жашасын. Балким, ал дагы эмне издесе ошону табар...
Эне-бала бири-бирин кучактап көпкө турушту. Эркин жүрөгү менен апасын түшүнүп турду.
ххх
Айсулуу кайрадан атасынын көрүстөнүнө келди. Гүлдөрүн коюп тазалап бүтүп, куран түшүрдү. Боз топуракты сылап көпкө отурду.
– Ата, мен келдим. Көптөн бери колум бошобой жатты, келбейт деп таарынып калган жоксуңбу? Сени бир күн да эсимден чыгарбайм, ата. Сен муну баарынан жакшы билет болушуң керек. Мен болгону кыздарымды сынакка даярдап жаттым. Аларды бир көрсөң, ата, кыздарым сонун бийлешти. Алдыңкы орун алышты. Меники 5 жаштагы кыздар, эң кичинекейлер, өтө кылдат болуш керек. Баары жакшы, ден соолугумду жакшы карап жатам. Витаминдерди ичип жатам.
Жаңылыктардан... Айтайын ээ, сенден башка кимге айтмак элем? Бир Эркин деген бала менен тааныштым. Мындай эле... Кокустан жардам берди... Сага окшоштурдум... Эмнеси экенин билбейм, бирок сага окшош бир нерсеси бар. Үнүбү, же аяр мамилесиби, билбейм. Эки метр алыс туруп алып сүйлөйт. Кээде жүрөгүмдө эмне болуп жатканын, жашоомду, жүрөгүмдүн ооруп жатканын билип алгандай сезилет. Куду мен тууралуу баарын билгендей... Бирок кайдан билсин, 5 жыл мурун чет өлкөгө кетип, эми келиптир. Жөн эле мээмдеги бир нерсе болуш керек. “Жалгыз жүрбө, кызым” деп айта бересиң го түшүмдө. Мына, менин бир таанышым болду. Балким, кийин досум болот чыгар. Азырынча билбейм...
Сен кеткенден бери мага бардык нерсе бүдөмүк, ата. Так, ачык эч нерсе жок сыяктуу сезилет. Апамбы? Апам жакшы, чакан үй сатып алды. Сен кеткенден кийин апам да өзгөрдү. Мурункудай кеченин гүлү болбой калды, балким, болгусу келбей калды... Үйүнүн ар бир бөлмөсүндө сен экөөң жаш чагында түшкөн сүрөттөрүңөр бар. Ошондо экөөң тең эң бактылуу болгон окшойсуңар. Ал, менимче, сенден дагы деле кечирим сурап жүрөт. Болгону сага, бул жерге келгенге эрки жетпейт. Билем, апам жаман аял эмес. Түшүнүп турам. Бирок сага болгон мамилесин эч кечире албай койдум. Ортодо бир дубал бар. Экөөбүз тең тырмышып ошол дубалдан ашып өтө албай жаткандайбыз. Мен кечиргенди үйрөнсөм... Өзүмдү, апамды...
Билесиңби, ата, мен дайыма өзүмдү күнөөлөйм. Мен болбосом, менин башымдан ошол иш өтпөсө сен, балким, тирүү калмаксың. Жанымда болмоксуң. Же сенин ордуңа мен өлсөм... Же бул окуянын баары болбой койсо...
Адатынча көздөрүнөн жаштары кулап кетти. Бирок атасына ыйлабайм деп сөз берген да. Көз жашын аарчый берип ордунан туруп алдындагы адамды көрүп катып калды. Бул адам бул жерге келет деп ойлогон эмес...
(Уландысы кийинки санда)