Мадина Талипбек, актриса: “ПАНДЕМИЯДАН УЛАМ КЕТЕ АЛБАЙ АКШда КАЛЫП КАЛГАМ”

Жаш актриса Мадина Талипбек буга чейин кыргыз-өзбек киночулары биргеликте тарткан “Делбирим” тасмасында Аселдин ролун жаратып калың элге таанылган. Кыргыз драма театрында иштеп жүрүп, АКШга сапар алган актриса учурда ал жакта IT тармагында иштеп жатканын айтат. Жакында эле ал “Оскар” сыйлык тапшыруу аземине катышты. Каарманым ушул иш-чара, АКШдагы жашоосу тууралуу айтып берди.

– Мадина, саламатсызбы? 27-мартта Лос-Анжелес шаарында өткөн “Оскар” сыйлык тапшыруу аземине катыштыңыз. Ушул окуя тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатчылык. 2017-2020-жылдары Кыргызстанда немис режиссёру Мария Брендлдин “Ала качуу” аттуу кыска метраждуу тасмасы тартылган. Ал фильмде мен ала качууга дуушар болгон башкы каарманды куткарууга жардам берген кыздын ролундамын. Фильмдеги атым Аксана, башкы каарман Сезимдин ролун Алина Турдумаматова аткарды. Менин каарманым өзү бир кезде ала качууга дуушар болуп, өз күчү менен качып чыккан болот. Ошондуктан ал башкы каарманга колунан келишинче жардам берет. «Ала качуу» тасмасы бул жылы “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма” номинациясында ат салышты. Фильм 140тан ашуун тасманын ичинен тандалып алынып, дүйнөлүк кинематографияда баш байге үчүн ат салышкан 5 финалисттин катарында болду. Бирок жеңишке жетпей калды. Биздин фильм катышкан номинацияда британиялык режиссёр Эйнель Кариянын «Узакка созулган коштошуу» фильми утту.

Тасма ат салышып жаткандыктан биз командабыз менен сыйлык тапшыруу аземине катыштык. Жаңылбасам, Алина Турдумаматова экөөбүз “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан алгачкы кыргызстандыктар болдук окшойт. Мен үчүн аябай толкунданткан учур болду. Азем мыкты уюштурулган, аябай сонун өттү. Азыр мунун баары түшүмдө болгондой сезим болуп жатат. “Оскар”сыйлык тапшыруу аземи – кино тармагындагы чоң иш-чаралардын бири. Мен дагы актриса катары бул салтанатка катышууну кыялданчумун. Бирок мынчалык эрте болот деп ойлогон эмесмин. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн “Ала качуу” тасмасын тарткандарга ыраазычылык билдирем.

– Дүйнөлүк жылдыздар менен бир иш-чарада болуунун өзү чоң бакыт тартууласа керек...

– Ал адамдарды экрандан гана көрүп жүрчүмүн да. Ушундай дүйнөгө таанымал актёр, актрисалар менен чогуу отуруп, кино тууралуу сүйлөшүп жатканыма башында ишенбей турдум. Алардын баары жөнөкөй адамдар экен. Мен Эштон Катчер, Мила Кунис, Жейми Дорнан, Симу Лю, Кристен Стюарт жана башка дүйнөлүк жылдыздар менен сүйлөшүп, сүрөткө түштүм. Бул адамдар менен таанышканыма аябай кубандым.

– Кызыл килемден өтүү үчүн көйнөк даярдоо дагы жоопкерчиликтүү иш да, кийим боюнча сизге ким жардам берди?

– Көйнөктү кыргыз дизайнери Кымбат Эрнисовага буюртма берип тиктирдим. Экөөбүз кызыл килемде жакшы көрүнсүн деп ар бир деталын ойлонуп чыктык. Көйнөгүмө карата көп мактоо уктум. Кыргыз дизайнери жараткан көйнөккө “Оскар” сыйлык тапшыруу аземинде жакшы сөздөр айтылып, баа берилгенине сыймыктандым.

– Бир чоң кыялыңыз ишке ашты. Мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот?

– Бул менин АКШдагы актрисалык карьерамдын алгачкы кадамы болду. Бул кадам ушундай чоң иш-чара менен башталганына ыраазымын. Азыр бир канча театралдык топтордон чакыруулар бар. Бирок мен киного басым жасайын деп жатам. Жакын арада сиздер менен жакшы жаңылыктарымды бөлүшөм, буюрса.

– Америкага кетүүңүзгө эмне түрткү болду?

– Менин эгизим, дагы бир эжем АКШда окуп иштешет. Мен аларга конокко келгем. Анан карантин болуп, учактар учпай калганда мекениме кете албай калдым. Азыр жаңы бийиктиктерди АКШдан багындырайын деп аракет кылып жатам.

– Учурда ал жакта эмне иш менен алексиз?

– Карантин учурунда IT тармагын үйрөнүп баштагам. Мага жагып жатат. Бул ишти актрисалык менен чогуу алып кетүүнү көздөп турам.

– Кыргызстанды сагынганга жетиштиңизби?

– Албетте, аябай сагынып жатам. Жакын арада Кыргызстанга барам.

– Америка эмнеси менен сизди таң калтырды?

– Мүмкүнчүлүктөрү менен. Эмгек кылгандан коркпосоң жыйынтыгы сөзсүз болот экен.

– Чет өлкөгө барган адам ал жактагы жашоону Кыргызстандагы жашоо менен салыштырса керек, сиздин көзүңүзгө урунган айырмачылыктар кайсылар болду?

– Ооба, маданиятыбызды, колоритти, искусствону жана тамактарды салыштыра берем. Бул жакта даамдуу жашылча, жемиштерди табуу оор.

– Кыргызстанда Америкага кетем деген жаштар көп, аларга кандай кеңеш бересиз?

– Тил үйрөнүү керек. АКШга келип эмне иш кыларыңызды так билишиңиз зарыл. Так план жана максаттарсыз бул жакта оор болот.

– Иштериңизге ийгилик каалайбыз. Кыргыз кыздарын дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарадан көрүү биз үчүн сыймык. Бөтөн жерде аман-эсен жүрүңүз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан