«Айыл Банк» ААКсынын Кредиттөө башкармалыгынын Талдоо жана аймактык координация бөлүмүнүн менеджери Рахатбек Насирдинов: “ФЕРМЕРЛЕР ҮЧҮН АР ДАЙЫМ ЭШИГИБИЗ АЧЫК”

– Азыр талаа жумуштары күчөп турган маал. Бул иштерде сиздердин мекеменин да мааниси чоң. Себеби, биздин билишибизче, сиздердин банк аз пайыздагы кредиттерди берип жатат. «Айыл Банк» тарабынан учурда жалпысынан айыл чарбасын каржылоого кандай кредиттер берилүүдө?

– Учурда «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, кайра иштетүү боюнча “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору менен 6 пайыздык кредиттер берилип жатат. Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылынын 12-январындагы № 3-т тескемеси менен бекитилген.

«Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору менен Айыл Банк ААКсына 1,8 миллиард сом бөлүнгөн. Бул сумманын 50ы мал чарбасына, 25ы жер иштетүүгө, 25ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн берилет.

2022-жылдын 5-апрелине карата бул долбоор менен 1624 дыйканга 907,4 миллион сом кредит берилди.

Ал эми “Товардык кредит” долбоору боюнча дыйкандарга 4,5 менен буудай, арпа, сафлор, буурчак жана люцерна үрөндөрү берилүүдө. 2022-жылдын 4-апрелине чейин 3900 дыйканга 2621 тонна үрөн берилди. Андан тышкары 1921 дыйкандын 1044 тонналык долбоорлору жактырылып, жакынкы күндөрү берилгени турат. Бул цифралар күн сайын өзгөрүп турат. Себеби, дал ушул багытта күчөтүлгөн иш жүрүүдө.

– Жылдын башынан бери канча фермер кредиттерди ала алды?

– Банк тарабынан 2022-жылдын 10-январынан 2-апрелине чейин айыл чарба багытында 13 760 фермерге 2,9 миллиард сом берилди. Мунун ичинде, 10 пайыз менен “Кумтөр-чакан” долбоору аркылуу 3857 фермер 351 миллион сом суммада кредиттерди ала алышты.

Мындан сырткары Банк тарабынан сатып алуу жана кайра иштетүүгө, ипотекага, өнөр жай, байланыш, социалдык кызматтар, курулуш, транспорт жана башка тармактар үчүн кредиттер берилип жатат.

– “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

– Бул жаңы ишке кирип жаткан долбоор. Анын максаты– агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жеңилдетилген кредиттөө жолу менен лизинг жана каржылоо, анын ичинде ислам принциптери боюнча агроөнөр жай комплексинин чарба жүргүзүүчү субъекттерин колдоого багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Буга өнөр жай кластерлери сүт, эт, кант, тоок жумурткалары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, картошка, пахта, өсүмдүк майы жана дан өсүмдүктөрүнүн кластерлери кирет.

Кластердик бирикмелерден тышкаркы катышуучулар үчүн кредиттерди алуунун негизги шарттары – фермердик чарбалар, айыл чарба кооперативдери, жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер, жеке жактар үчүн кластердик агрегатор же соода-логистикалык борбор менен продукцияны жеткирүү боюнча келишимдин болушу шарт.

Фермердик чарбалар, жеке ишкерлер жана жеке жактар күрөөсүз негизде 36 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен 300 миң сомго чейин ала алат. Ал эми, 300 миң сомдон жогору кредиттер күрөө менен 36 айга чейин берилет.

Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашык болгон дыйкан чарбалары жана айыл чарба кооперативдери үчүн 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5 миллион сомго чейин каражат берилет. Ошондой эле кластердик агрегаторлорго (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары), үрөнчүлүк, асыл-тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларына, кирешелүү бардык кластерлер үчүн 150 миллион сомго чейин кредит алуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан