Концертке келиңиз
Ильяз Абдыразаков үчүн 2010-жылдын соңу жаңылыктарга мол, ийгиликтүү болот окшойт. Мисалы, ал “Супердин” тандоосу боюнча “2010-жылдын супер ырчы мырзасы” деп табылды. Эми 13-14-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда концерт берүүгө камынып турат.
– Ильяз, концертиң жылдагыдан эмнеси менен айырмаланат?
– Жылдагыдай эле казак эстрадасынын популярдуу ырчылары конок болушат. Мисалы, концертте менин “Азап” аттуу ырымды ырдаган “Самал” тобу, “Жаным ай” ырымды казак тилинде ырдаган Бейбит Корган келет. Мындан тышкары кыргыз эстрадасынан Бек Борбиев, Султан Садыралиев сыяктуу көптөгөн атактуу сахналаштарым конок болушмакчы. Өзгөчөлүк бул ирет көп. Сахна менин фантазиям боюнча жасалат. Түрдүү түскө бөлөнөт. Ал эми концерттин жүрүшүндө толо сюрприздер бар. Аны азыр айтпай эле турайын.
– Учурда жасалма билет жасап саткандар бар экен. Күйөрмандарың мындайга кабылышпайбы? Билет баасы канча болот?
– Билет 300-350 сомдон болот. Ошол жасалма билет алуудан сак болуңуздар дегим келет. Андыктан кассадан гана сатып алгыла деп кеңеш берем. Ал эми жасалма билет саткандардын иши болбойт дейм. Анткени билетте мен жана менеджерим билген бир нече түс колдонулган. Аны жасай алышпайт. Анан да билеттер атайын аппарат менен текшерилет.
– Коопсуздук жааты кандай болот?
– Спорт Ордосу күн мурун коопсуздук кызматы аркылуу текшерилет. Эки күн коопсуздук кызматы күчтүү режимде иштемекчи. Ал үчүн атайын топ дайындалды. Андыктан камсанабаңыздар.