Эмненин кайнатмасы менен чачты жууганда кандай жыйынтык болорун билип алыңыз.
Ромашка – чачтын өңүн бир аз жылтыратат, түбүн бекемдейт.
Чалкан – чачтын түбүн бекемдейт, сынышын токтотот.
Кулмак (хмель) тобурчактары – какачты кетирет, чачтын түбүн бекемдейт.
Липа – чачтын жылтырактыгын, ийкемдүүлүгүн, серпилгичтигин калыпка келтирет.
Кайың – чачтын өсүшүн жакшыртат, чачты жумшартат.
Төө жалбырактын тамыры – чачтын түбүн бекемдеп, өсүшүн жакшыртат.
Зыгырдын уругу – чачтын сынышын токтотуп, чачка жылтырак түс берет.
Шалфей, эмендин кабыгы – чачтын түшүшүн токтотот, жылтыратат.