ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-апрелден 16-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Чөйрөңүздөгүлөр менен мамилени жөнгө салып, алар менен тил табышасыз. Жакын кошуна, тууган, тааныштарыңыз менен таарынычтарды кечиришүү аптасы. Бойдоктор үчүн жаңы таанышуу, жолугушууларга бай жума болот. Үй-бүлөлүү түгөйлөрдө буга чейин кайталанган кемчиликтер орун алышы мүмкүн, мисалы, түгөйүңүздүн буга чейин сизден жашырып жүргөн сырын башкалардан угуп калышыңыз ыктымал.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Апта башында биринчи кезекте каржы жана материалдык маселелериңизди чечүүгө киришесиз. Ошондой эле апта акча табууга жана үнөмдүү сарптоого ыңгайлуу. Материалдык баалуулуктар сизге өзгөчө ырахат тартуулайт, дүкөндөн кымбат баалуу буюм же кийим сатып аласыз. Бирөөгө убада бербегенге аракет кылыңыз, аткаруу кыйын болуп калат. Энергияңыз төмөндөшү мүмкүн, уктоого, эс алууга көбүрөөк убакыт бөлүү сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Позитивдүү маанайда жүрүңүз, бул абалыңыз башкаларга да жугуп маанайы көтөрүлөт. Айымдар келбетине өзгөрүүлөрдү киргизип сулуулук салонунун кызматын пайдаланса жакшы. Апта ортосунда буга чейин сүйүү мамилесинде болгон адам менен кокусунан жолугуп калышыңыз мүмкүн. Балдарыңыздын жүрүм-турумуна жакшылап байкоо салыңыз, сиздин көңүл бурууңуздун аздыгынан жаман адат таап алуулары ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Көбүрөөк убактыңызды жалгыздыкта өткөрүңүз. Бул убакыт сизге жашап өткөн турмушуңузду бир сыйра карап чыгып айрым адамдарга болгон мамилени өзгөртүүгө түртөт. Күнүмдүк турмуштагы, жумуштагы ызы-чуудан эс алып, жан дүйнө тынчтыгын каалап каласыз. Бул убакта сизге узак убакытка жумуш өргүүсү жардамга келет. Эгер бош убактыңыз аз болсо жатар алдында медитация көнүгүүлөрүн жасаганга аракет кылыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар бул аптада достор менен мамилени жакшыртат. Достук кечеге чакыруудан баш тартпаңыз, атүгүл өзүңүз мындай жолугушуу уюштура аласыз. Виртуалдуу дүйнөдө таанышкан адамыңыз менен реалдуу турмушта жолугуп, мамилеңиздер сүйүүгө айланышы мүмкүн. Арстан мырзалардын көптөн бери кыялданган унаага ээ болушу күтүлөт. Арстан айымдар себепсиз кызганычтан улам түгөйү менен мамилесин начарлатып алышы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ар бир баштаган ишиңиз жеңил жана оңой бүтөт. Кыялдарыңызды иретке келтирсеңиз алар ишке ашып баштайт. Белгилүү бир маселелерди чечүүгө жумшак мамиле кылуу, сизге түз, ачык-айкын иш аракеттерден алда канча көптү бере алат. Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүгө убакыт бөлүңүз. Апта аягында айрым сатып алуулар үчүн акчаңыз жетпей, каржы таңкыстыгын сезесиз. Андыктан чыгашаңызды кирешеңизге жараша пландаганды үйрөнүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үлпөт той, маараке, айтор, түрдүү кечелерден колуңуз бошобойт. Саякатка чыгууну пландап жаткандар үчүн ийгиликтүү жума. Сот иштери, документ иштерине байланыштуу чуулгандуу окуяларга чекит коюлат. Студенттер буга чейин тил табыша албай жүргөн мугалими менен мамилесин жөнгө салышат. Дем алыш күндөрү түгөйүңүз менен таалылуу маселелерди талкуулабаганга аракет кылыңыз, анткени бул учурда өз ара түшүнүшүүгө жетишүү мүмкүн эмес.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта башында каржы иштерин жүргүзүүдө артыкчылыктарыңыз көп болот. Балким сиз, башка адамдардын материалдык ресурстарын колдонууга мүмкүнчүлүк аласыз. Мисалы, алар акчаны сизге карызга же жөн эле сактап турганга бериши мүмкүн. Апта ортосунда мурдагы сүйүктүүңүзгө кезигип, мамилеңизди жандантуу чечимине келишиңиз ыктымал. Дем алыш күндөрү алсыздык, чарчоо күчөйт, үйдө азыраак иштеп, көбүрөөк эс алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптанын башы сиз үчүн оптимисттик маанайда өтөт. Бул абалды өзгөчө ашыктык доорун башынан өткөрүп жаткандар сезет. Сизди көптөгөн жагымдуу сюрприздер жана таасирленүүлөр күтөт. Укмуштуудай эркин болуп, өзүңүздү жеңил сезесиз. Жаачы айымдарга баш кошуу тууралуу сунуш түшүшү күтүлөт. Ал эми үй-бүлөлүү түгөйлөр сезимдердин жаңылануу мезгилин өткөрүшөт. Түгөйүңүздү жаңыча көрүп, андан мурда байкабаган сапаттарды ача аласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдөгү абалды өзгөртүүгө жең түрө киришесиз. Үйдү оңдоп-түзөп, жаңы эмеректерди сатып алуу иштери менен алек болосуз. Арыктаганды максат коюп диета кармап жаткандардын жыйынтыгы жакшы болот. Жумушта жетекчилик менен пикир келишпестиктер орун алат жана сизден улуу жана тажрыйбалуу адамдар менен тил табышуу кыйындайт. Эс алуу күндөрү балдарыңыз менен сейилдеп тоо коюнуна чыксаңыз болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Апта башында жаңы романтикалык мамилени башташыңыз мүмкүн. Таанышуу көчөдө же транспортто же жол боюндагы кафеде болушу күтүлөт. Үй-бүлөлүүлөрдү балдары ийгиликтери менен кубандырат. Сиздин жардамга муктаж болгон жакындарыңызга материалдык колдоо көрсөтөсүз. Апта ортосунда алыска барууга учакка билет алууну пландабай туруңуз. Дем алыш күндөрү конокко барууну пландаштырбаганыңыз оң.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кооздукка, эстетикалык ырахат алууга басым жасайсыз. Үй-бүлө очогуңузду жайлуу кылганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөдөгү психикалык абалды көз жаздымда калтырбаңыз, анткени ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн маанайы сиз менен байланыштуу болот. Жакындарыңыз менен өткөн таарынычтарды улам эске салбаганыңыз туура. Антпесе ал адам менен мамилеңиз биротоло начарлап, ынтымагыңарга доо кетиши мүмкүн. Апта аягында ири сатып алууларды токтотуп турганыңыз туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан