КАРАГАТТЫН 1 ТҮБҮ 20 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИН ТҮШҮМ БЕРЕТ

Карагат – витамин жана микроэлементтерге бай болгондуктан андан жасалган кыям, жем жана ширелер абдан бааланат. Сезон учурунда 1 килограмм карагаттын баасы 200 сомго чейин чыгат. Карагат өстүрүп-сатып бир үй-бүлөнү кенен бакса болот дешет адистер. Кыргызстанда карагаттын мекени деп Ысык-Көл өрөөнү айтылат. Карагат өстүрүү сырларын жакшы билген тажрыйбалуу адистер маалымат беришет.

“КАРАГАТ ТҮШҮМДҮҮ БОЛУШУ ҮЧҮН ГИДРОГЕЛЬ, МИКОРИЗДИК КОЗУ КАРЫН КОЛДОНУЛАТ”

Агроном Азамат Мажиков Ысык-Көлдө питомникте карагаттын 8 сортун жана 1 гибридин өстүрөт:

Ысык-Көл сорту

Чыгарылган өлкөсү – Орусия. Ысык-Көл аймагында өстүрүлүп жатканына 1 кылымдай болду.

Сорту – орточо бышуучу. 20-июлдан 5-августка чейин түшүм берет. Кабыгы калың. Бышканда мөмөсү күбүлбөйт. Шор топурактуу жерди сүйбөйт.

Боюнун бийиктиги – 1-1,2 метр. Түбүнөн жайылып өсүп 20га чейин сабак түзөт.

Мөмөсүнүн салмагы – 3-4 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 3-5 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 1 апта эзилбей турат.

Ташууда көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – орточо

Алтай десерт сорту

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орточо бышуучу. Кабыгы калың. Июлдун аягында бышып баштайт.

Боюнун бийиктиги –1,4-1,6 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 2-3 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 2,5-4 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 1 апта. Ташууда көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу жакшы. Кургакчылыкка, отоо чөптөргө да чыдамдуу

Йошта

Бул крыжовник менен кара карагатты чаңдаштыруудан алынган гибрид

Чыгарылган өлкөсү – Германия

Сорту – орточо-кеч бышуучу. Кабыгы жука. Июндун аягында бышып баштайт. Бышкандан кийин күбүлбөй узакка сакталат

Боюнун бийиктиги –1,2-1,7 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 3-4 грамм

Түшүмү –1 түптөн 4-6 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 4-5 күн. Ташууда көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу жакшы. Суукка, отоо чөптөргө чыдамдуу.

Ядрёная

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орточо бышуучу. Июлдун аягында бышып баштайт. Кабыгы орточо калың.

Боюнун бийиктиги – 1-1,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 2,5-4 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 2,5-4 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 3 күн. Ташууда бат бузулат

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу орточо. Ысыкка, кургакчылыкка, суукка чыдамдуу.

Багира

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орточо-кеч бышуучу. Августтун башында бышат. Кабыгы орточо калың

Боюнун бийиктиги – 1-1,4 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 1,1-2 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 2-3 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 3-4 күн. Ташууда бат бузулат

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу орточо. Кургакчылыкка, суукка чыдамдуу. Өтө ысыкта күйүп калат.

Ири мөмөлүү Золотистая сорту

Чыгарылган өлкөсү – Өзбекстан

Сорту – кеч бышуучу. Кабыгы калың, жайылып өсөт. 10-15-сентябрда бышып баштайт

Боюнун бийиктиги – 1,5-2 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 4-5 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 15-20 килограммга чейин

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 20 күн. Ташууда көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу жакшы. Кургакчылыкка, отоо чөптөргө чыдамдуу.

КӨЧӨТТҮ ТУУРА ОТУРГУЗУУ, КӨП ТҮШҮМ АЛУУ СЫРЛАРЫ

• Көчөттү чуңкурга отургузганда тамырдын учун түштүккө каратып, анан 45 градус жантайтып тигүү сунушталат. Ошондо сабак жагы түндүктү карайт. Минтип тиккенде карагат бат өсөт, сабактары бат көбөйөт, түшүмгө бат кирет.

• Көчөт жердин нымдуулугу аз же суу тартыш жерге тигиле турган болсо, анда агрардык продукцияларды сатуучу жерден гидрогелди сатып алып, андан азыраак алып көчөт отургузчу чуңкурга таштоо керек. Карагатты сугарганда гидрогель сууну өзүнө сиңирип көөп чыгып, сууну сактайт, карагаттын тамыры андан сууну өзүнө алып турат.

• Жер арык болсо микориздик козу карын сымалдан жасалган каражатты (суюк, порошок жана гранул түрү бар) сатып алып, көчөттү отургузарда чуңкурга салуу керек. Козу карын сымалдар маданий өсүмдүктөрдү, анын ичинде карагатты суу жана керектүү микроэлементтер менен камсыз кылып турса, өсүмдүк ага анын өсүшү үчүн керек болгон углерод жана башкаларды берет. Микориздик козу карындар бөлүп чыгарган ферменттер өсүмдүктүн тамырын оору жаратуучу микроорганизмдерден, зыянкечтерден да сактап турат.

• Жер арык болсо көчөт отургузулуучу чуңкурга уйдун 3-4 күндүк жаңы кыгы аралашкан топуракты таштаса да болот. Жаңы кык карагаттын тамырын күйгүзүп жибербейт. Топуракты үйгөн соң эң үстүнө кайра кык таштоо зарыл. Кык топуракты жарылтпай кармап, суунун бууланып кетишинен сактайт.

• Калемче кылып же көчөтүнөн тигип жатканда ал бат өсүш үчүн плёнканы колдонсо болот. Жөөккө плёнка төшөлүп, ага тешикчелер жасалып, ал жерге калемчелер тигилет. Плёнка отоо чөптөрдүн чыгып кетишинен жана алардын карагаттын тамырынан азык-заттарды, сууну талашуусунан сактайт.

• Отургузганда көлкүлдөтө сугаруу керек, топуракта аба калбашы шарт. Аба кирсе тамыры ооруйт.


“КЫТАЙ СОРТУ ҮЗГӨНДӨН КИЙИН 14 КҮНГӨ ЧЕЙИН САКТАЛАТ”

Эсенбек Жайчиев, Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну. Карагат өстүрүү боюнча 8 жылдык тажрыйбасы бар:

Тизель, рубен сорттору

Чыгарылган өлкөсү – Польша

Сорту – эрте бышуучу. Июндун этеги, июлдун башында бышат. Жайылбай балатыдай болуп өсөт. Кабыгы жука. Бышкандан кийин күбүлбөй узакка сакталат.

Боюнун бийиктиги – 1-1,2 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 3-5 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 4-5 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 3 күн. Ташууда бат бузулат, андыктан абайлоо кажет

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу орточо. Суукка, кургакчылыкка чыдамдуу.


Кытай сорту

Чыгарылган өлкөсү – Кытай

Сорту – орточо бышуучу. Кабыгы калың. Орточо жайылып өсөт.

Июлдун 18деринен тарта бышып баштайт. Бышкандан кийин күбүлбөй узакка сакталат.

Боюнун бийиктиги – 1-1,2 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 3-5 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 4-5 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 10-14 күн. Ташууда бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу жакшы. Суукка, отоо чөптөргө чыдамдуу.

Капитан сорту

Чыгарылган өлкөсү – АКШ

Сорту – орточо-кеч бышуучу. Кабыгы калың. Орточо жайылып өсөт. Июлдун этеги, августтун башында бышып баштайт. Бышкандан кийин күбүлбөй узакка сакталат.

Боюнун бийиктиги – 2-2,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 3-5 грамм

Түшүмү – 1 түптөн 10-14 килограмм

Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 10-15 күн. Ташууда бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – туруктуулугу жакшы. Суукка, отоо чөптөргө чыдамдуу.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан